Версия для печати
Понедельник, 31 Октябрь 2016 04:34

Автотыгын каттамдарга таасирин тийгизүүдө

Акыркы учурларда шаардагы коомдук транспорт каттамдары бир катар көйгөйлөргө кезигүүдө. Мунун негизги себеби - шаардын көчөлөрүндөгү тыгын. Ал эми тыгын көчө бойлоруна туура эмес коюлган унаалардан улам пайда болот. Көйгөй эмнеден улам жаралууда? Суроолорго жооп издөө үчүн Ош шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин кызматкерлери атайын рейд уюштурушту.  Мекеменин жол коопсуздугу боюнча инженери Жоомарт Туратов жана экслуатация бөлүмүнүн башчысы Равшан Касымбаев да рейдде болуп, шаардын айрым көчөлөрүндөгү автотыгындардын себептерин иликтешти.

Алгач Монуев жана Масалиев атындагы көчөлөрдүн кесилишиндеги аялдаманы жана андагы абалды көздөн кечирдик. Масалиев кеў көчөсүндөгү аялдаманын жанында «токтоого мүмкүн эмес» деген жол белгиси бар. Ал белгиге карабастан аялдаманын жанына жана троллейбус жүрүүчү жолдун четки бөлүгүн жеке унаа минүүчүлөр унаа койчу жер (стоянка) катары пайдаланып алышкан.

 Ош шаардык муниципалдык автотранспорт  мекемесинин кызматкерлери ал жерде жеке унаа минүүчү айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пайда болгон тыгындар коомдук транспорттук каттамдарга көйгөй жаратып жаткандыгын айтты.

   Маматов Насирдин аттуу айдоочу 6 жылдан бери унаа айдап келерин айтып, бул жерге белги турганына карабастан башкалар да токтоткондугунан улам мен да коюп койдум эле деп актанганча жолун улай кете берди.

Ал эми 1 жылдан бери унаа минип келе жаткан Бектур аттуу жаран, жол белгиси тургандыгын көргөнүн, бирок ушул убакка чейин эч ким эч нерсе деген эместигин айтып актанды.

Ушундай эле көрүнүш Раимбеков көчөсү менен Тилеке баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги айлампада байкалды. Андагы  унаалардын убактылуу тыгыны көўүлүбүздү  бурду. Мындай айлампага маршруттук каттамдар убактылуу туруп, тыгын жаратып жатыптыр. Айдоочуларынын биринен эмне себептен тыюу салынган жерге токтоп турганын сураганыбызда, « бардык эле кичи автобустар келип убактынча токтойт, биз токтосок болбойбу» деп жооп кайтарды. Буга Ош шаардык муниципалдык мекемесинин жол коопсуздугу боюнча инженери Жоомарт Туратов жол кесилишиндеги айлампаларга унаа токтоого такыр болбостугун айтып буларды кошумчалады:

- Айлампада унаа турган болсо сөзсүз тыгын жаралат. Ошонун жыйынтыгында унаалардын кагылышы болот. Белгилүү болгондой троллейбустук каттамдар да ушул жерден өтөт. Коюлган убакытынан, түзүлгөн графиктерин аткара албай жаткандыгы да, ушундай жол эрежесин бузуулардан келип чыгып жатат.

Ошол эле айланпадан алыс эмес жерде, Тилеке баатыр көчөсүнүн унаалар, коомдук транспорттор каттоочу жолдун четин соодагерлер соода-сатык кылуучу базарга айлантып алышкан.

Соода-сатык кылган жерге эл көп келгендиктен, андагы коомдук транспорттук каттамдарга көйгөй артынан көйгөй жаралып, жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгына себеп болуп келүүдө. Ал эми жогоруда аталган мекеменин экплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Касымбаев унаа айдаган айрым жаштарды күнөөлөп, айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алгандыктан, жол эрежелерин билбей, жол тыгындарын жаратып жаткандыгын айтты:

- Жолдун четиндеги базарларды мындай коюп туралы, кадимки эле түптүз көчөдө унааны эптеп мине албагандар, өтө катуу ылдамдыкта айдагандар бар. Менин оюмча жол белгилерин билбегендердин көпчүлү жаштар. Себеби, алар айдоочулук күбөлүктү сатып алышат. Белгиленген мөөнөт ичинде толук окуп-үйрөнүп анан алганда мындай көрүнүштөр болбойт эле.

Рейд кечке чейин уланды. Эреже бузгандар көп кездешти. Аларга рейддин катышуучулары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тыгынды болтурбоо үчүн мындан ары да жеке унаа айдоочуларга көбүрөөк маалымат таркатуу керектигин баса белгилешти.

Бексултан Нуркамил уулу

 

 

Окулду 844 жолу