Версия для печати
Понедельник, 28 Ноябрь 2016 04:43

Ноокат районунда акысыз юридикалык кеңеш берүүчү борбор ачылды

Өткөн аптада БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында Ноокат районунда акысыз юридикалык кеңеш берүү борбору ачылды. Салатанаттуу иш чарага КРнын Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгын башчысы Марипа Сейдалиева, Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев, юристтер, адвокаттар жана жергиликтүү тургундар катышышты. Мындай борборлорду ачуу иштери мындан ары Алай, Кара-Кулжа райондорунда да улантылаары күтүлүүдө. Юридикалык кеңеш берүү борборунда алдыда тажрыйбалуу юристтер, адвокаттар иш алып барат. Көйгөй жараткан маселелерин, укуктук багыттагы суроолоруна жоопторду жергиликтүү тургундар ушул борбордон ала алышат.

Марипа Сейдалиева, КРнын Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгынын башчысы:

«Жарандарга колдоо көрсөтүү
максатында ушул борбор ачылып отурат»

-Юстиция министрлигинин демилгеси менен 2010-жылдан баштап жарандарыбызга акысыз юридикалык жардамдарды көрсөтүү борборлорун ачып келүүдөбүз. 2014-жылдан бери ошол борборлордун иш чараларын карап көрүп, бул кызмат жарандарыбызга абдан керектүү кызмат экенин билдик. Анткени, калктын юридикалык жактан сабатсыз экенин жыйынтыктар көргөздү. Мисалы, мурасты каяктан тастыктайм, бул документти кайдан чогултам сыяктуу дегеле өзүнүн укугун билбеген жарандарыбыз көп болуп жатат. Мына ошондой жарандарга колдоо көрсөтүү максатында ушул борбор ачылып отурат.

Акбарали Алимбеков, Ноокат районунун тургуну:

«Жер боюнча укуктук кеңеш
алайын деп келдим»

-Биздин аймакта мурда мындай акысыз юридикалык кеңеш берүү борбору болгон эмес. Жергиликтүү тургундар бул ишти демилгелеген инсандарга ыраазычылык билдиребиз. Эми мындан ары укуктук багытта көйгөй жаралса ушул жерге келип сурап, билип алсак болот экен. Өзүм жер боюнча укуктук кеңеш алайын деп келдим. Түшүм ала турган жерим бар эле ошону кантип документтештирем, үй салууга жерди кантип ала алам деген суроолорго жооп алуу максатында келдим.

 

 

Окулду 1421 жолу