Версия для печати
Понедельник, 16 Ноябрь 2015 04:30

Доор жана басма сөз

Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан дүйнө түйшүгүндө, жеке жана үй-бүлө тиричилигинде болсун же коомдук турмуштабы, иши кылып, өзүңдү жана сени курчап турган дүйнөнү аңдап, таанып-билүүнүн алмаштыргыс каражаты катары маалыматтын мааниси абдан чоң.

Маалымат ордуна:

Атайын иликтөө маалыматтарына таянганда, учурда Кыргызстандын маалыматтык  мейкиндигинде 159 гезит, 25 теле жана 26 радиоканал тиешелүү ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшөт. Алардын ичинен  71 гезит, 21 телеканал жана 17 радиостанция орус тилдүү деп эсептелет. Гезиттер негизинен 16,24,32 жана 8 беттик көлөм менен, жумасына бир жолудан жарык көрөт. Орточо нуска (тираж) 6 миңдин айланасында.

 Басма сөздүн демократияга салымы

Биздин республика массалык маалымат каражаттарынын өнүгүү чөйрөсүндө жогорку көрсөткүчтөргө ээ өлкөлөрдүн катарына кирет. «Борбор Азиядагы демократия аралчасы» аталышыбыз үчүн да дал ушул көрсөткүчтөргө көбүрөөк милдеткер экендигибизди жашырууга мүмкүн эмес. Ал эми бизди минтип кимдер атаганы жана муну менен эмне максат-мүдөөлөрдү көздөгөнү албетте башка тема жана башка кеп. Кандай болгондо да, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле улуттук масс-медиабыз постсоветтик мейкиндиктеги республикалар боюнча алганда алдыңкы саптарда туруп калгандыгы жана ошонусунан жазбай-тайбай калыптангандыгы анын андан аркы өсүп-өнүгүүсү үчүн бекем пайдубал түптөп, оңтойлуу шарт-өбөлгөлөрдү жараткандыгы менен жакшы болду дегендер жаңылбайт.

Эгемендүүлүк жылдарында жалпысынан 400дөн ашуун массалык маалымат каражаттары расмий каттоодон өткөнү маалым. Бул албетте, өлкөнүн калк башына жана коомдук катмарларынын кызыкчылыктарына карата эсептеп-бөлүштүргөндө биздеги саясий партиялар сыяктуу эле көптүк кылат, элестүү айтканда суроо-талаптын өлчөмүнөн сунуштун өлчөмү ашып түшөт дегенди билдирет. Бирок, мурда-кийин катталгандын баары эле ММК сыпатында системалуу мүнөздө жана туруктуу тартипте иштеп кете алышпаганы айтпаса да белгилүү жана себептери да түшүнүктүү.

 

Эгемендүүлүк эйфориясы жана мыйзамдык база

Эгемендүүлүк эйфориясынын ээ-жаа бербеген толкуну маалымат каражаттарын да бир каптап, айрыкча эркинмин дегендеринин эсеби жамгырдан кийинки козу карындай жайнап кеткен көрүнүштү доор талабы же доор азгырыгы да эмес, доордун маалымат каражаттарын жана булактарын  иргеп-тандоо процессин баштоосу катары аңдап-бакса болот.

Ал учурда басма сөз жана жалпы эле массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүндө ачык байкала баштаган мыйзамдык жана жобо-эрежелик башаламандыктар бул жааттагы  нормативдик базаны  кайра түзүү талабын койду. Ошентип, республиканын парламенти тарабынан кабыл алынган «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын бул тармактагы алгачкы мыйзамы 1992-жылдын 2-июлунан тарта иштеп баштады. Ал мыйзам ММК аркылуу маалымат таратууну уюштуруунун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктаган. Мыйзамдын биринчи эле беренесинде «массалык маалымат каражаттарын цензуралоого жол берилбейт» деп так көрсөтүлгөнү  баса белгилөөгө татыктуу.

Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзамы менен республиканын ар бир жаранынын өз оюн, идеясын жана пикирин айтуу эркиндиги, басма сөз, маалыматты берүү жана таратуу эркиндиги кепилденген.   

1997-жылдын 11-ноябрында республиканын парламенти ММКга түздөн-түз тиешеси бар эки –«Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Алар бир жагынан жарандардын маалыматтарды тоскоолдуксуз алууга болгон конституциялык укуктарын,  сөз жана басма сөз эркиндиктерин констатациялашса, экинчи жактан, маалыматтарды алуу, өндүрүү жана таратуунун конкреттүү тартибин регламенттештирет. Бул мыйзамдар маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө берилген кепилдикти тастыкташат, маалымат алуунун эркин мүмкүнчүлүгүнүн негизги принциптерин белгилешет жана мыйзам менен корголгон маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнүн нормаларын аныкташат. Он пункттан турган тизмедеги өзгөчө маалыматтар мамлекеттик жана коммерциялык сыр катары элге таратылбоого тийиш. 1994-жылдын 14-апрелинде «Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө», 1998-жылдын 2-мартында «Коммерциялык сыр жөнүндө» мыйзамдар кабыл алынган.

Маалымат каражаттары аркылуу таркатылууга тыюу салынган маалыматтык материалдарга конституциялык түзүлүштү кулатуу чакырыктары, согушту пропагандалоо, диний сезимдерди мазактоо, порнографияны жайылтуу, уят-сыйытсыз сөздөр, мамлекеттик символиканын атрибуттарын кордоо, инсандын  абийирине жана ар-намысына шек келтирүүлөр кирет.                   

Жалпы алганда, массалык маалымат каражаттарына карата мындай мамиле коомчулуктун да, журналисттердин да суроо-талаптарына жооп бергенсийт, бирок акыркы айтылган, «инсандын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү» пункту иш жүзүндө талаш-тартыштын жана бүтпөс чыр-чатактын предметине айланып калганын медиа эксперттери  көптөн бери эле белгилеп келишет. ММК жана журналисттер менен талаш-тартыш, соттошуп-чоттошуулар жагынан кыргыз журналистикасы бай дегидей эле тажрыйба топтоп, олуттуу мектептен өткөнүн эч ким тана албайт. Тилекке каршыбы же  бактыга жарашабы, кандай болгондо да, тарыхый мындай сабактардан кыйгап өтүү мүмкүн эместиги анык.

 

Соттошуу абийир алып келбейт

Соттошуу демекчи, тигил же бул персона кайсыл бир журналистти же маалымат каражатын  сотко берсе,  ал процесстерден журналисттер утуп чыккан учурлар дээрлик боло электигин талдоочулар белгилеп жүрүшөт. Бул көрүнүштү тек гана сөз эркиндигине басым-кысым көрсөтүүнүн олуттуу мисалы катарында карап-талдоо саясий сабатсыздык болор эле. Жагабы-жакпайбы, жакшыбы-жаманбы, мыйзам деген мыйзам экендиги жана аны атайылап же билбестиктен буздуңбу, тиешелүү жоопкерчилигин тартуу керектиги, башканы билбейм, бирок өзүн журналист журтуна кошуп жүргөндөргө беш колдой белгилүү болууга тийиш.

 

Бизди эмне бириктирүүгө тийиш?

Кыргыз журналистикасы азыр журналистиканын эл аралык стандарттарына ээ чыгып калды деп айтууга эртелик кылаарын баарыбыз болбосо да, көпчүлүгүбүз аңдап-багып турабыз. Жетиштүү такталбаган, чийки маалыматтарды сенсациялык максаттардан улам таратып жиберген учурлар көп эле кездешет. Саясий форматтагы макала-материалдарда тигил же бул инсандын жеке турмушуна, жүрүм -турум, адеп-ахлагына чейин сүңгүп кирип кетмейибиз жана ошондон сенсация жасамай аракетибиз бар экендиги эч кимге жашыруун же жаңылык эместигин медиа эксперттери жана талдоочулары бир ооздон белгилешет. Мындай бир жактуу жана тең салмактанбаган маалыматтык жана аналитикалык материалдарды биз шарттуу түрдө расмий жана эркин, өкмөттүк жана өкмөттүк эмес деп бөлүп жүргөн маалымат каражаттарынын дээрлик баарынан эле жолуктуруп жүрөбүз. Бийликке оппозициялык көз карашта турган саясатчылар расмий, өкмөттүк маалымат каражаттарында, тескерисинче, бийликти жактап-мактаган саясатчылар оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарында  «оң каарман» болгон учурлар дээрлик жокко эсе. Дал ушундай көрүнүштүн өзү эле журналисттерди тиешелүү саясатчылардын тигил же бул оппоненттерине карата кара пиардык өңүттө туруусун шарттагансыйт. Өкмөттүк маалымат каражаттары бийликти бир жактуу мактап, бийлик оппоненттерин бир жактуу жамандаган, тескерисинче, бийликке карата оппозициялык мамиле-маанайдагы маалымат каражаттары бийликти бир жактуу жамандап, оппозициячыларды бир жактуу мактап-жактаган практика кыргыз журналистикасынын мындан аркы өнүгүшүнө жакшы кызмат кылып бере албайт. Саясатчылардын позициячы жана оппозициячы болуп бөлүнүүсүн  ошол саясаттын, дегеле коомдук турмуштун өзү шарттап, өзү талап кылат. Массалык маалымат каражаттары үчүн мындай шарт, мындай талап таптакыр болбого тийиш. Окурман, угарман жана көрөрман маалымат каражаттарынын жардамы менен ар дайым эки тараптын тең үнүн угууга укуктуу болсо, журналисттер эки тараптын тең үнүн жеткирүүгө укуктуу эле эмес, түздөн-түз милдеттүү да экендиги айтпаса да түшүнүктүү.

 

Абдираим Мамытов                                                       

Окулду 2978 жолу