Версия для печати
Понедельник, 16 Ноябрь 2015 05:41

«Борборго сынакка барсак, түштүктүк деп басынтышат»

 

 Жыйырма биринчи кылым десе эле улуу муундагылар бул доордун жаштарын жалкоо,билими канааттандырарлык эместей кабыл алып, сын айтышат.Бирок мындай пикирди четке каккан жаш баштар жок эмес. Кыргызстанда Манас таануу,билим жаатындагы ар кандай сынактарда алдына киши салбаган Ош технологиялык колледжинин 2курсунун студенти Болуш Мамытовдун жетишкендиктери туурасында кеп кылабыз.

- Болуш, биздин кеўсеге куш келипсиў! Алгач сен жөнүндө толук маалымат билип алсак?

-Мен 1997-жылы 18-декабрда Аксы районунун Ак-Суу айылында карапайым адамдардын тун уулу болуп төрөлгөм. Атам 41 жашта, айылда устачылык менен алектенет. Апам 35 жашта, үй кожойкеси. Бир аз малчылык менен алектенишет. Yй-бүлөдө беш бир тууганбыз, Кудай кааласа, жакында алтынчы бир тууганыбыз төрөлөт. Ак-Суу айылындагы мектепте 8-класска чейин окуп, кийин Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы мектеп гимназияга келип билимимди уланткам. Ал жерден 9-классты аяктаган соў Ош технологиялык колледжинин энергетика бөлүмүнө окууга тапшырдым.

- Куйма кулактык, билимге болгон умтулуу ата-энеўден өткөнбү?

- Жок, экөө теў орто билимдүү. Менин сабактарды жакшы окуп, кабыл алуу жагым таякелеримден өткөн дешет. Таятамдын жети диплому болгон экен. Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, бирок бирге иштешкендери тарабынан бут тосуулар болуп, таятамды жалган жалаа менен каматып жиберишиптир. Соттолгондорду жумушка албаганына байланыштуу жети дипломунун, ташкындаган билиминин бирин да мамлекетке пайдалана албай, айылда кара жумуш менен жашап калыптыр. Жоон билек балбан болуп,  күрөштө эч кимден жеўилбегенин айтышат. Таятамды тартып таякелерим да билим алууга жөндөмдүү болушкан. Мен да ошолорду тарткан окшойм. Уккан нерсем ошол замат эсимде калат. Баш отум менен берилип, үйдөн чыкпай китеп окуп эле жата бербейм. Тарыхый романдарды көп окуйм. Билимдүү адамдар менен сүйлөшүп отургум келе берет. Алардын турмуш сабактарын сөзсүз колдонгонго аракет жасайм.

- Жаш кезиўде таякелериўден көп тарбия алган окшойсуў?

- Мен 5 жашыма чейин чоў ата, чоў энемдин колунда тарбиялангам. Алар жомок, уламыштарды көп айтып беришчү.  Чоў энем Манасты жакшы айтчу, «Манас, Манас болуптур, Манас атка конуптур…» деген саптардын ордуна «Болуш, Болуш болуптур, Болуш атка конуптур» деп айтар эле. Мага аябай жагып кайра-кайра Манас айтып бериўиз деп кыйнгай берчүмүн. Чоў энемдин Манас айтканы, жомоктору мени билим алууга, Манас таанууга аябай үндөдү. 10 жашымдан Манас айта баштагам. Кийин Манас эпосу боюнча республикалык олимпиада өтүп, мени мугалимдер мектептин атынан катышасыў дешти. Даярданып жүрүп  1-республикалык олимпиададан биринчиликти алып келгем. Тарых, география сабактарынан да көптөгөн сынактарга катышып, жалаў гана жеўиш менен кайттым. 9-класста мектептин атынан «Ош шаарынын интеллектуалдуу мырзасы» сынагына катышып, ал наамды да жеўип алгам.

- Ар кырдуу талатыў бар экен, эмнеге көбүрөөк кызыгасыў?

- Көп нерсеге кызыгам. Ошко келгенден кийин төкмө акындыкка ыктап кеттим. Коллежде старосталар сынагы болуп калды. Башка старосталардан айырмаланып чыгайын деп саламдашууну төгүп айтууга даярдандым. Комузду такыр колго алып көрбөгөм. Бир баладан эў оўой күүүйрөнүп, саламдашууга сөз жазып жаттап, эл алдына чыккам. Кийинчерээк башкалардан сурап, комуз чертип жатканын карап жүрүп комуз үйрөндүм. Yйдө эч ким жок учурда комуз чертип, оозеки төгө баштадым. Көрсө, мен оозеки да төгүп ырдай алат экенмин. Азыр коллеждин көрүнүктүү төкмө акыны болуп калдым.

- Төкмөлүк талантыў бар экен. Сенден дагы кандай өнөрдү күтсөк болот?

- Актерлукка аябай кызыгам. Кандай роль болсо да жеткиликтүү аткара аларыма көзүм жетет. Буга чейин сахналаштырылган чакан чыгармаларды аткарып келгем. Эми киного тартылгым келип жүрөт.

- Республикалык деўгээлдеги сынактарга көп катышып жүрөсүў, ыўгайсыз учурлар болгонбу?

- Мен коомдук телеканалдан берилчү «Манас таануу», «Акыл ордо» сынактарына жана республикалык олимпиадаларга катыштым. Бир да жолу жеўилген эмесмин. Мени ыўгайсыз абалга салган нерсе борборго барганда Ош, Жалал-Абад, Баткенден барган окуучуларды басынтышат. Түштүктүктөр деп бир топ кемсинтишет. Бул жактын диалектисин айтышат. Манас таанууга барганда «Түштүктөн кыйраткан кайсы Манасчы чыкты эле? Манасчылардын баары түндүктөн чыккан» дешип намысыбызга тийишкен. Булар бизди тааныбайт экен деп өзүбүздүн билимибизди көрсөтүп, биринчи орунду алып келгенбиз. Дагы бир күлкүлүү ыўгайсыз учур окуу жайда болду. Бир кечеде төгүп ырдап жатсам комузумдун тепкеси чыгып кетти. Ошондо да комузумду кылдыратып, тепкени жерден алып кайра ордуна койгончо ошол абалды кошуп төгүп ырдап, күйөрмандардан кечирим сурадым.

- Чет өлкөдөн билим алууну кыялданбай койбосоў керек?

- Асманды карап куру кыялдангым келбейт. Алым эмнеге жетишин билем, ошону гана кыялданам. Айылда туруп да дүйнө тааныса болот дейт. Чет жердеги билимди Кыргызстандан алсам да болот. Кудай берген талантты өнүктүрүп, пайдаланайын деп максат кылам. Бешенеме Кудай эмнени жазган болсо ошол болот, Кудай берген нерседен качпайм, баарына шүгүр.

- Сен маданият жаатына көбүрөөк кызыгат окшойсуў, мисалы, эмнеге элчи болгуў келбейт?

- Ооба, манасчы, төкмө акын болууга аябай кызыгып жатам. Булар менин хоббим, бирок, албетте, дипломат болуп мамлекеттик кызматтарда иштегим келет. Баштагы билимди, жүрөктөгү таланттын баарын элге колдонгонго жетишүү керек. Болгону мен азыркы саятчыларды, мамлекеттик кызматта отургандарды көрүп намыстанып кетем. Мен Кыргызстандын азыркы саясатчыларындай болгум келбейт, уялам. Эгер мамлекет оўолбой, кызмат, убакыт мени паракорчулукка, алдым-жуттумга, өз пайдасына иштөөгө мажбурласа, анда менин билимим башымда кала берсин, талантым менен эле элге кызмат кыла берем.

- Сенин жетишкендиктериўди көрүп, ата-энеўдин башы көккө жетип турса керек?

- Албетте. Айрыкча апам менин ар бир ийгилигиме кубанып турат. Ар бир ийгилигиликке жетишиме апамдын чоў салымы бар. Сынактарга барарда формаларымды түнү менен уктабай тигип чыгат. Каражат жагынан кыйналып турса да бирөөдөн карызга акча алып, айылда машине тартыш болот эле, эптеп унаа таап мени сынаккка жөнөтөт эле.

- Сынакта эмнеге көбүрөөк ишенесиў?

- Кудайдын мени колдооруна ишенем. Себеби менин оюмда мени колдоп турган ата-энем, элди ойлойм. А кудай ошончо элдин үмүтүн жерге калтырбайт деп ишенем. Жеўилип калуу мен үчүн чоў трагедия. Айрыкча конкурстун ар бир турунан өтүп барып, финалдан кулап калсаў ошол жаман. Жеўилсеў биринчи турда эле жеўилип калуу керек. Акырында эмес.

- Сендей билимдүү бала эмне үчүн энергетика адистигин тандап алды? Балким, сенден чоў врач же күчтүү юрист чыкмак беле…

- Бул кесипти өз каалоом менен тандап алдым. Окууга тапшыраарда ар кесипке көз салып көрдүм. Медиктер, юристтер, банкирлер аябай эле көбөйүп кетти өлкөбүздө. Билимдүү адам эмнеге престиждүү эмес кесипке тапшырса болбосун. Эмнеге аны өнүктүргөнгө болбосун?

- Мен сенин атыўды биринчи укканда эркелетип айтылган аты болсо керек деп ойлогом?

- Көпчүлүк эле ошентип ойлошот. "Чын атыў ким?" деп сурай беришет. Менин атымды таятам койгон экен. Илгери миўдеген элди башкарган адамды болуш деп аташкан го, ошондой болсун деп атымды Болуш деп атаптыр.

 

Уулбү Каныбекова

Фото Сыдык Токонов

 

 

Окулду 1735 жолу