Версия для печати
Понедельник, 12 Декабрь 2016 05:10

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

 «Ар бир адам өзүнчө бир дүйнө. Ар бир бейитте  бүтүндөй аалам көмүлгөн» деген накыл кеп бар. 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында каза болуп, сөөгү Бишкектин  Ата-Бейитине коюлган Чыңгыз Айтматовго карата колдонгондо бул сөз кенен жана терең маани-маңызында дагы көп  доорлордо айтылаары шексиз. Азыр Айтматовдун чыгармаларын окубай коюу, демек Айтматовдук алп жана ажайып ааламдан алыс калуу бери эле болгондо уят-сыйыттуу иш деп бааланып жүргөнү да бекеринен эмес.

АЗЫРКЫ  ДООРДУН АБИЙИРИ ЖАНА АР-НАМЫСЫ

Немистин классикалык философиясынын ири өкүлү Людвиг Фейербахтын « Жазуучу-акындар өзүлөрү жашаган доорлордун абийири жана ар-намысы!» деп айтканы бар. Чыңгыз Айтматов азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү жана коомдук саясий турмушка абдан активдүү аралашкан ишмер болуп саналат. Анын калеминен жаралган прозалык, драматургиялык жана публицистикалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу  өнүгүүсүнүн кийинки бийиктиктерин белгилегени талашсыз. Айтматовдун адабиятка болгон ышкысы жыйырманчы кылымдын 50-жылдарында Бишкектеги айыл чарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канча аңгемелерди жазат.

Чыңгыз Айтматовго дүйнөлүк кадыр-барк алып келген, анын новаторлук калеминен коомдук жана саясий жактардан  ырай-ыргагы бир кыйла  өзгөчөлөнүп турган 60-70-жылдарда жазылган «Бетме-бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым Гулсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн»(1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995)  аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына жалпылап айтканда коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык  проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, гумандуулук, башкача айтканда жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өңүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психолгиялык талдоолордон өткөрүлүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.

ЖАЛПЫ ПЛАНЕТАНЫН ЖАРАНЫ

Тоолуу айыл Шекерде туулуп, торолуп-өскөн Чыңгыз Айтматов өзүнүн таланты менен бүткүл дүйнөнү багынтты. Бүгүн ал дүйнөлүк адабияттын эң эле көп окулган жана сүйүктүү прозачыларынын эң биринчи сабында турат. Айтматовдун көркөм эпопеясы лиризм менен драматизм, трагизм менен романтизмдин өз ара тыгыз байланыштарына негизделген. Анда мифология, дин, фантастика, көркөм шарттуулук жана сүрөттөп-баяндоонун катаал реализми эриш-аркак жашайт. Жазуучу адабият тарыхында таптакыр жаңы барак ачуу менен гана чектелбестен, аны мүмкүн болушунча бийигирээк деңгээлге көтөрүп, «айтматовдук» -философиялык жана эстетикалык  эриш-аркактуулуктун өзгөчө бир даражасына чейин жеткирип таштаганын талдоочулар таамай белгилеп жүрүшөт. Улуттук жазуучу катары кала бергенине карабай, Чыңгыз Айтматов  эбак эле  бүткүл планетанын адамдарынын ой-мүдөө, акыл-эсинин чагылдыруучусу болуп калгандыгын да баса белгилешет. Жыйырма биринчи кылымдын астанасында эле Айтматовдун ааламын ЮНЕСКОнун  төмөнкү маалыматы аныктаган десе болот: Чыңгыз Айтматовдун китептери 168 өлкөдө 67, 2 миллион нускада 830 жолу басылган. Бул цифра азырынча чек эмес.Аталган уюм баса белгилегендей, Айтматов бүткүл адамзаттын маданий турмушундагы  абдан ири окуялардын бири катары саналат. Аны жалпы планетанын жараны деп атагандарга кошулбай коюуга  эч мүмкүн эмес.

БАЛАЛЫГЫ

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында азыркы  Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Айтмат кыргыздын кытай уруусунан чыккан бай кишинин уулу эле.

Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып 1932-жылга дейре ВКП(б) нын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, анан Кыргыз обкомунун катчысы болуп иштеп, 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден  «пантуркист» аталып, атылып кеткен. Апасы Нагима Хамзеевна Абдувалиева теги боюнча татар кызы. Чыңгыздын таятасы Хамза караколдук бай жана соодагер эле. Каракол шаарында анын эки кабаттуу үйү азыр да сакталып турат.  Нагима айтымда жергиликтүү театрда актрисалык кылчу экен.  Башка бир булактарда анын  армиялык  бөлүктөрдө саясий кызматчы болгондугу да айтылат. Билимдүү, эл оозуна алынган аялдардын бири болуптур. Ал эми Чыңгыз жана анын бир туугандары Шекер айылына атасы камалаарга жакын эле калганда атасынын өктөм сунушу боюнча көчүп келишип, ошол жерде өнүп-өсүшкөн.

1942-жылы согуштун кесепетинен Чыңгызга мектепти убактылуу таштоого туура келди. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Кат-сабаттуу болгондуктан, Шекер эли аны айылдык өкмөттүн катчысы кылып шайлап коет. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук  салык чогултуучу, трактордук бригаданын эсепчиси болуп иштеген. Согуш бүткөндөн кийин, тагыраагы 1946-жылы сегизинчи классты аяктап, Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. Аны 1948-жылы мыкты аяктап,  зооветеринардык жогорку билимди Кыргыз айыл чарба институтунан  алган. Чыңгыз техникумду да,  институтту да эң мыкты баалар менен  аяктаган.

ЖЕТИЛГЕН КУРАК

Чыгармачылык чыйырын Кыргыз айыл чарба институтунда эле салып баштаган жазуучунун жетилген курагы жана андан кийинки бүткүл өмүрү өтө бай жана өтөлгөлүү өттү десе болот. Кыргыздан эле эмес, дүйнөлүк адабияттан Айтматовчолук атак-даңкка жана сый-урматка ээ болгондор дээрлик жокко эсе. Ал Кыргыз Республикасынын Эл  жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры,Социалисттик эмгектин баатыры, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын үч жолку лауреаты, Лениндик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Германиянын искусство академиясынын мүчө-корреспонденти,  Париждеги Европа, илимдер, искусство жана адабият академиясынын академиги, Стокгольмдагы бүткүл дүйнөлүк илимдер, искусство академиясынын академиги болуп эсептелет. Саналгандар анын чыгармачылыгына берилген сый-урматтын расмий гана күбөсү , бүткүл дүйнө окурмандарынын Айтматовго карата тамшандырган тартылуу күчүнүн  бир гана көрсөткүчү.

Орто статистикалык  окурман журтуна анын Нобелдик сыйлыкты албай кеткендиги албетте  аянычтуудай сезилүүсү мүмкүн, бирок  Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык ааламы андай талаш-тартыштуу сыйлыктардын ар кандайынан көп эсе жогору тураарын жазуучу өзү деле жакшы түшүнгөн  болсо керек.Орустун улуу жазуучусу Лев Толстой кайсыл бир чоң сыйлыкка көрсөтүшкөндө, «Байге алгыдай мен ат белем?» деп баш тартып койгону башканы кой, Айтматовго  сөзсүз белгилүү  болсо керек. Казак жазуучусу Мухтар Шаханов аны бекеринен айтылуу Чынгыз ханга  салыштырган эмес. Анын баса белгилөөсү боюнча, дүйнөнү өрттөлгөн шаарлар, өлтүрүлгөн миң сан эл менен дүңгүрөткөн Чынгыз хандан айырмаланып, Чыңгыз Айтматов бүткүл дүйнөнү улуу жана жаратмандык кудуретке эгедер сөз менен дүңгүрөтө багынтты.

МАХАБАТЫ

 Сүйүү жана махабатка кайрылбаган бир да акын-жазуучу жок деп так кесе айтса болот. «Ашыктык күчтүү ок экен досум, Армансыз адам жок экен досум!» деп  адамзаттын бул түбөлүктүү темасы кыргыздын «Ак Саткын менен Кулмырза» дастанында  да жакшы айтылган. Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында махабат баяндалат. Чындыгында  окурмандарынын жүрөгүнө терең жеткен ал махабаттар тек гана жазуучунун курулай ой-кыялдарынан эле жаралган эмес.

Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы-сүйүп алган жары Керез Шамшыбаева болгон. Керез 1930-жылдын 10-августунда Чүй облусундагы Он-Бир-Жылга кыштагында туулган. Атасы Шамшыбай Жакыпбай уулу  Улуу Ата мекендик согушта набыт болгон. Керез Бишкектеги медициналык институту, анын ординатурасын аяктап, кулак, мурун, тамак кеселдерин айыктыруу жаатында адис болгон. Чыңгыздан 1954-жылы Санжар, 1959-жылы Аскар аттуу уулдарды төрөгөн. 1980-жылдардын орто чендеринде Чыңгыз экөө тынч ажырашкан. Өмүрүнүн соңуна чейин Чыңгызга эч бир каршы пикирин айтпастан, инсандык аруулугун, улуулугун көрсөткөн. 1999-жылдын 6-мартында жарык дүйнө менен кош айтышып, сөөгү Байтик айылына жакын көрүстөнгө коюлган.

«Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу китебинде  Чыңгыз Айтматов «Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал - кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн  чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу» деп жазат.

Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын махабаты тууралуу драматург жана режиссер Ж.Кулмамбетов «Чыңгыз менен Бүбүсара» аттуу драма жазып, ал 2005-жылы Б.Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрында коюлган. Журналист Жаныбек Жанызактын « Айтматовдун айымдары» аттуу китепчеси чыгып, калкка кеңири тарап кеткени да белгилүү. Жазуучу бул китепчеге жогоруда аталган китебинде жооп кылып: «Уруксатсыз бирөөнүн жан дүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин. Кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек» дейт да, кебин улай минтип жазат: «Керез - алгачкы жубайым. Жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима ыраматылык  экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки  уул көрдүм. Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду». Ал эми Ширин, Элдар - Мария аттуу аялынан.

Абдираим МАМЫТОВ

 

 

Окулду 40000 жолу