Версия для печати
Понедельник, 12 Декабрь 2016 05:31

Береке, кут байырлаган байыркы Ош базары

Шаарыбыздын так ортосунда жайгашкан борбордук базарга агылган адамдардын аягы суюлбайт. Базардын бүгүнкү жашоосунан кабар алуу максатында базар аралап соодагерлерди кепке тартып, сооданын жүрүшү, базар маселесине байланышкан жагдайлар тууралуу суроо салдык. Базар дирекциясынын директору Мохамад Курбанов базардын бүгүнкү жашоо абалы боюнча ой бөлүштү.

Борбордук базар дирекциясынын директору Мохамад Курбанов:

«Күнүнө 2000-3000 адам кирип-чыгат»

- Жаңы көпүрөнүн капталынан баштап, зер буюмдар сатылчу базарга чейинки көчө биздин базар дирекциясына карайт. Сырт жагындагы кошумча курулган соода түйүндөрдү жеке менчик ээлери курган. Базар көчөсүндөгү 700 метр узундуктагы соода түйүндөрү бизге караштуу. Базарга болжол менен күнүнө 2000-3000 адам кирип-чыгат. Жалпысынан 800 контейнер бар, анда 700дөн ашык сатуучу соода кылат.  Сатуучулар  контейнердин чарчы  метрине күнүнө 10 сомдон төлөйт. Бул төлөмдү жумушка чыккан күнү төлөшөт, чыкпаса төлөшпөйт. Ошондой эле базар дирекциясы да бардык төлөмдөрдү кечиктирбей төлөп турабыз.

«Өрт өчүргүч унаа кире албайт»

-Көйгөйүбүз тууралуу айтсак, базарды башка жакка жылдыруу зарыл. Анткени кар жааганда, жамгыр жааганда сатуучуларга, алуучуларга да ыңгайсыздыктар жаралат.  Бул жер эңкейиш болгондуктан башка жактан агып келген суулар бизге караштуу жерге көлчүк болуп топтолуп калат. Көлчүк кылбаш үчүн арыктарды такай тазалап турабыз.  Чынын айтканда, базардын абалы начар. Эч кандай талаптарга жооп бербейт. Кудай сактасын, базарда кокусунан өрт чыкса «пожарный» кире албайт. Бирок, өрткө каршы өзүбүз коопсуздук чараларын көрүп койгонбуз. Эми ал менен эле маселе чечилип калбайт да.

«Базар башка жакка жылса унаа тыгын азаймак»

-Базардын азыркы абалы тууралуу шаардык Кеңешке, мэрияга сунуш бергенбиз. Базар  шаардын жүзү болуп эсептелет. Чет жерден келген туристтер, коноктор биринчи эле биздин базарга баш багат. Ал эми базардын абалы мактанаарлык эмес. Эртели-кеч башка жакка көчүрүү зарыл. Бул маселени калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев да чечүү керектигин билдирип, базарды шаардын чет жагына жылдырууга жер бөлүп, колунан келген чараларды колдонорун айткан. Шаардын бир четине жылса автотыгын да азаймак.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн №1 милиция бөлүмүнүн жетекчиси Турдубек Токобаев:

«5 айдан бери кооптуу абал каттала элек»

- Базарлардын коопсуздугу боюнча Ош шаардык ИИБнын 10 аймактык участкасы бар. Эртең мененки саат 7 де 30 патрулдук милиция базарларга бөлүнөт. Коопсуздукту кароо үчүн милиция кызматкерлери 3 мөөнөт менен иштейт. Базарга ар түрдүү адамдар келет. Арасынан кимиси ууру, кимиси кылмышкер, кимиси жөн эле соода кылганы келген адам экенин билбейсиң. Ошондуктан күчөтүлгөн тартипте базардын коопсуздугун көзөмөлдөйбүз. Кудай сактасын, чоң уурулук катталса, кылмыштуулук болсо, тергөөчү, оперативдүү топ бар. Азыр колдон келишинче иштерди жасап жатабыз. Менин бул жерде иштегениме 5 ай болуп калды. 5 айдан бери кооптуу абал каттала элек.

 

Мирлан Исраилов, Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы:

«Тарыхый жагы калтырылып, башкасы көчүрүлөт»

-Ош шаарын 2020-жылга чейин өнүктүрүү программасында борбордук базар маселеси да камтылган. Бирок байыркы калаанын бир үзүмү катары бул базардын айрым жерлери ушул бойдон сакталат. Кийим-кечек, башка буюм-кече сатылчу тарап башка жакка жылдырылат. Бул планда бар. Ал эми Чыгыш элдерине гана мүнөздүү болгон буюм-тайымдар, бешик, коон, дарбыз, мөмө-жемиштер сатылчу бөлүгү ордунда калтырылат.

 

Маалымат үчүн, борбордук базар 2004-жылы муниципалдаштырылып Ош шаардык мэриясынын карамагына өткөрүлгөн.

 Бексултан

Нуркамил уулу

 

 

Окулду 1604 жолу