Версия для печати
Понедельник, 12 Декабрь 2016 05:33

«Акылайга» кошумча имарат курулуп жатат

Бала бакча таңкыстыгы биздин аймакта гана эмес, өлкөнүн бардык жеринде бар. Шаарыбызда бул маселени чечүүнү колго алуу жакшы жолго коюлган. Шаардын аймагына караштуу айылдарда алгачкы ирет салынган жана салынып жактан бала бакчалар буга күбө. Учурда «Сулайман-Тоо» аймактык кеңешиндеги №16 «Акылай» бала бакчасына кошумча 75 орундуу 2 кабаттуу имарат курулуп жатат. Кошумча имараттын жалпы аянты 746 чарчы метр. Биз курулуштун жүрүшүнөн кабар алып кайттык.

 

«Кухи-и-Лал» ЖЧКнын жетекчиси Нурлан Жоробеков:

«Курулуштун 30-40% ы бүтүп калды»

- Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бул курулушка тендер жарыяланып, биздин ишкана утуп алган. Биз уткан баа- 24 млн.сом. Курулуш иштерин баштоодон мурда имаратка кетүүчү бардык бааларды эсептеп чыгып, 14 млн.126 665 сомго келишим түзүлдү. Курулуш иштери сентябрь айында башталган. Учурда 16 куруучу эмгектенүүдө. Жумушчуларга эки маал ысык тамак уюштурулган. 16 куруучудан сырткары 1 иш башкаруучу, 1 юрист болуп, жалпысы 20 адам курулуш иштерин жүргүзүүдөбүз. Буюрса, кийинки жылы сентябрь айларында пайдаланууга беребиз. Куруучуларга ыңгайлуу шарттарды түзгөнбүз. Аба ырайына карап иш кылабыз. Жаан-чачын күндөрү жумушчулар эс алышат. Биз үчүн сапат биринчи орунда. Кылдаттык менен бардык эрежелердин негизинде иштеп жатабыз. Ошондуктан, имаратты жакынкы айларда бүтүрүүгө мүмкүн эмес. Бул имаратты эки этап менен алганбыз. Сентябрдан баштап азырга чейин биринчи этабы жүрүп жатат. Эгер суук түшүп калса биринчи этабы аяктайт. Экинчи этабы күн жылып калган мезгилден баштап башталат. Шаардык мэрия да куруучуларды суукта иш кылбасын, кыйналбасын деп эки этап менен берген. Менин пикиримде мэр Айтмамат Кадырбаев көрүнүктүү иштерди жасап жатат. Шаардык Кеңеш менен биргеликте тыгыз иш алып барып жатканына, жаш жеткинчектерге бала бакча салып, жакшы көңүл буруп жатканына кандай гана адам болбосун сүйүнөт. Мына эми жаш бөбөктөр кеңири орундуктарга жатышып, кеңири эс алышып, куунак ойноого шарт түзүлгөнү турат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, имараттын курулушу 30-40 % бүтүп калды. 2017-жылдын сентябрь айында толугу менен бүтүрүп, колдонууга беребиз. Наристелердин кубанычына ортоктош боло турган имаратты салып жатканыбыз кубанычтуу.

 

№16 «Акылай» бала бакчасынын чарба иштери боюнча башчысы Одина Джумабаева:

«Кошумча имарат курулуп жатканына сүйүнүп жатабыз»

- Бала бакчабызда 2 жаштан 6 жашка чейинки 200 бала тарбияланып жатат. Бардык шарттар түзүлгөн. 3 маал тамак беребиз. Тарбиялоочулар жеткинчектерди жакшы деңгээлде тарбиялап жатышат. Имаратыбыз тардык кылгандыктан балдар орундуктарга батпай жатат. Кээ бир учурларда бир орундукка экиден олтурушуп, бир керебетке экиден жатып калышат. Биздин бакчада орун жетишпестигин билип, кошумча имарат салып берип жаткан мэрге рахмат. Андан сырткары шаардык Кеңештин депутаттарына да ыраазычылык билдиребиз. Жалпыга маалым болуш керек, адам көп жер аябай эле ысып кетет. Ошол сыяктуу балдар сыртка терлеп чыгып ооруп калышат. Ал эми кененирээк бөлмө болсо температура нормалдуу болуп, жакшы олтурушат, оорубайт. Биздин мына ушундай шартта экенибизди билип, кошумча имарат салып берип жаткан мэрияга чоң рахмат.

 

Кабыл Азимов, курулуштун бригадири:

«Маянабыз жакшы, мыкты шарттар түзүлгөн»

- Курулушту сентябрь айында баштаганбыз. 16 куруучу эмгектенебиз. Бул курулуштун арты менен 16 адам жумуштуу болуп, үй-бүлөсүн багып жатат. Мен бригадирмин. Айлыгыбызды убагында алабыз. 15-20 миңдей айлыгыбыз бар. Кудайга шүгүр, үй-бүлөбүздү каржылоого кенен-кесири жетет. Эки маал ысык тамак берилет. Мыкты шарттар түзүлгөн. Биздин милдет курулуштун сапатын биринчи планга коюп, жакшы иштөө. Баары жакшы, кемчилигибиз жок.

Бексултан Нуркамил уулу 

 

 

Окулду 706 жолу