Версия для печати
Вторник, 27 Декабрь 2016 06:35

Сталин жана тарых таразасы

Орус революционери, советтик саясий, мамлекеттик, аскердик жана партиялык көрүнүктүү ишмер, генералиссимус Иосиф Виссарионович Сталиндин ишмердүүлүгүнө кызыгуу  ушул мезгилде да күчүндө жана  ага тарыхый жактан баа берүү али бүтө элек. Дегеле, мындай тагдыр-таржымалы көп кырдуу талаш-тартышка түшкөн чыгаан инсандарга баа берүүдө  тарых такыр шашылбайт…

ГЕНЕАЛОГИЯСЫ, БАЛАЛЫК ЖЫЛДАРЫ

Иосиф Сталин (чыныгы фамилиясы -Джугашвили) Тифлис губерниясынын Гори шаарында  грузиндин төмөнкү катмардагы  үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Айрым маалымат булактарында анын ата-тек жайы осетиндерге барып такалаары айтылат. Сталин тирүү кезинде жана көзү өткөндөн кийин деле көп жылдар бою ал 1879-жылдын 21-декабрында туулган деп эсептелген. Кийинчерээк изилдөөчүлөр Сталиндин туулган датасын бир жылга алдыга жылдырып, тагыраагы 1878-жылдын  18-декабры деп чыгышты.

Сталиндин дене түзүлүшүндө мүчүлүштүктөр болгону айтылат:сол бутунун экинчи жана үчүнчү манжалары биригип калган жана жүзүндө чечектин тагы болгон. 1885-жылы Иосифти фаэтон коюп кетип, бала колунан жана бутунан олуттуу жаракат алган.Ошондон тарта бүт өмүр бою Сталиндин сол колу билектин  акырына жете бүктөлгөн эмес жана ошол себептен улам сол колу оң колунан кыскараак сезилген.

АТАСЫ

Атасы - Виссарион (Бесо) Тифлис губерниясынын Диди-Лило  айылындагы дыйкандын үй-бүлөсүнөн  чыккан, кесиби-өтүкчү. Мас болгондо же ачуунун таасири астында ал аялы Екатеринаны жана кичинекей Сосону (Иосифти) катуу ур-токмокко алчу. Сосо апасын коргоп, бир ирет атасына бычак ыргытып туруп безилдей качканы да айтылып калган. Гори шаарынын полиция кызматкеринин баласынын бир эскерүүсүндө Виссарион бир жолу аялы менен кичинекей Сосо турган бөлмөгө атырылып кирип келип катуу сабагандыктан, бала башынан травма алган.

Иосиф үй-бүлөдө үчүнчү бала эсептелип, алгачкы экөөсү кичинекейинде эле чарчап калышкан. Иосиф туулгандан көп өтпөй эле Виссариондун иши анча жүрүшпөй, ичкиликке көбүрөөк берилип кетет жана акыры барып аялы менен ажырашат. Бирок, аялы баланы өзүнө алып калып, анча-мынчада какыс-кокус кылганына карабай, Иосифти аябай жакшы көрөөр эле. Иосиф он бирге чыкканда Виссарионду бир мушташууда кимдир-бирөө бычактап, ошондон каза болгон. Ал мезгилдерде Сосо Горинин көчө хулигандарынын бири эле.

АПАСЫ

Апасы - Екатерина Георгиевна Геладзе Гамбареули айылындагы крепосттук дыйкандын (багбанчынын) үй-бүлөсүнөн  чыккан. Екатерина жалгыз уулуна чексиз берилген жана аны ар кимден жана бардык балакеттерден карышкырдай катуу коргогону айтылат. Өзү бир тынымы жок иштегенине карабай, уулунун эч нерседен кем болбой өсүүсүнө кам көргөн экен. Бул жагдайда Сталиндин бала чагынан берки  досу Давид Мачавариани эскергени бар. Айрым тарыхчылардын айтымында, Като (Екатерина) уулунун  христиан священниги болбой калганына катуу кайгырган. Канткен менен, апасынын өтө жигердүү аракетинин натыйжасында Иосиф Горидеги православиялык духовный окуу жайын 1884-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы Тифлистеги духовный семинарияга экзамен тапшырып, өтүп кеткен. Семинарияда окуп жүрүп Закавказьеге бийлик тарабынан сүргүндөлгөн  революциялык марксисттердин жашыруун топтору  менен  байланышка кирген. Ошондон тарта Иосифтин башы марксизмден көтөрүлгөн жок деп айтса болот.

КYЖYРМӨН РЕВОЛЮЦИОНЕР

1900-жылдын 23-апрелинде Иосиф Сталин, Вано Стуруа жана Закро Чодришвили жумушчу маевкасын өткөрүүнү уюштурушуп, маевкага 400-500 жумушчу чогулган. Митингде Иосиф Сталин өзү сөз сүйлөгөн. Бул Сталиндин салыштырмалуу чоң аудитория алдында эң биринчи чыгуусу эле. Ошол эле жылдын августунда Иосиф Сталин Тифлистеги жумушчулардын ири чыгууларын -  Башкы темир жол мастеркаяларынын стачкасын уюштуруу жана өткөрүүгө активдүү салым кошуп, ал каршылык кыймылынын нааразылык акциясына жумушчу-революционерлер М.И.Калинин (Петербургдан Кавказга сүргүндөлгөн), С.Я.Алилуев, М.З.Бочоридзе, А.Г.Окуашвили, В.Ф.Стуруа катышкан. Бул стачка төрт миңдей жумушчуну кучагына алып, беш жүздөн ашуун активисттери камакка алынган.

1901-жылы сентябрда Бакуда Ладо Кецховели уюштурган «Нина» басмаканасынан легалдуу эмес  «Борьба» гезити жарык көрө баштаган. Анын биринчи санынын баш макаласы жыйырма эки жаштагы Иосиф Джугашвилиге таандык эле. Бул баш макаланы Сталиндин эң алгачкы саясий белгилүү иши деп эсептешип жүрөт. Ошол эле жылдын ноябрында ал РСДРПнын Тифлисттик комитетине киргизилип, комитеттин тапшыруусу боюнча эсдековчу уюмду уюштурууга Батумиге жиберилет.

1903-жылы россиялык социал-демократтар большевик жана меньшевик болуп бөлүнгөндө, Джугашвили большевиктерге кошулган.

1904-жылы ал Бакунун ири нефти кендеринде өтө чоң стачкаларды уюштуруп, натыйжада забастовкачылар менен өнөр жайчылар ортосунда жамааттык келишимдер түзүлгөн.

Революциялык 1905-жылдын декабрында Таммерфорсто (Финляндия)  өткөн РСДРПнын 1-конференциясына РСДРПнын Кавказ союзунан делегат болуп барган. Конференцияда алгачкы жолу В.И.Ленин менен таанышкан.  1906-жылы РСДРПнын Стокгольмда өткөн төртүнчү жана  1907-жылы өткөн бешинчи сьезддеринин делегаты болгон. 1909-1911-жылдары Иосиф Джугашвили эки  ирет Вологда губерниясынын Сольвычегодск шаарында сүргүндө болгон. Бир катар тарыхчылардын айтымында, андан дал ушул сүргүн жылдарында Константин Кузаков аттуу  никесиз  уулу төрөлгөн. Иосифтин биринчи никелешкен жубайы – Екатерина Сванидзе. Аны менен 1906-жылы Тифлистеги ыйык Давид чиркөөсүндө никелешкен. Екатерина 1907-жылы андан Яков аттуу уулдуу болуп, бирок ошол эле жылдын соңунда келтеден көз жумган.

 1910-жылдан тарта Джугашвили РСДРПнын Борбордук комитетинин ыйгарымдуу өкүлү («Кавказ боюнча БКнын агенти» болуп калат. 1912-жылы Иосиф Джугашвили  Сталин деген каймана атты биротоло фамилия кылып кабыл алат. «Сталин» деген каймана сөз  «болоттой бекем, бышык» деген маанини туюнтат. Джугашвили улуу тарыхка дал ушул Сталин деген фамилия менен кирди.

БИЙЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ

Улуу Октябрь революциясынан кийин Сталин Ленин, Троцкий жана Свердлов менен биргеликте РСДРП(б)нын Борбордук комитетинин бюросуна кирген жана Элкомсовдун курамында улут иштери боюнча комиссариатты жетектеген. РСДРП(б)нын Борбордук комитетинин бюросуна бардык экстрендүү иштерди чечүү укугу берилген. Жобого ылайык, бюро тигил же бул чечимди кабыл алууда анын аткарылуусуна БКнын бардык мүчөлөрүн милдеттүү түрдө тартууга тийиш болгон.

СТАЛИНДИН КАБЫЛ АЛЫНБАГАН ОТСТАВКАСЫ

1922-жылдын 3-апрелинде болгон  РКП(б)БКнын пленумунда Сталин РКП(б) БКнын саясий бюросунун жана уюштуруу бюросунун мүчөсү жана РКП(б) БКнын генералдык катчысы болуп шайланат. Алгач партиянын Борбордук комитетинин генералдык катчысы партиянын аппаратын гана башкарып, ал эми партиянын лидери жана мамлекеттин башчысы болуп В.И.Ленин кала берген. Демек,партия менен мамлекетти башкаруунун ролун бир адамга берип коюу салтын Ленин өзү баштап бергени талашсыз.

1922-жылдын декабрынын соңунда - 1923-жылдын январынын башталышында Ленин өзүнүн «Съездге катын» диктовкалап берген. Ал катта өзүнүн соратниктерине, анын ичинде Сталинге да бир катар курч сын пикирлерди айтып, Сталинди партиянын Борбордук комитетинин генералдык катчылыгынан алып таштоону сунуш кылган. Айрым тарыхчылардын эсебинде, кырдаалды  Сталин менен Крупскаянын ортосундагы жекече жаңжал да ого бетер курчуткан. Сталин кызматынан баш тартып, отставкага чыгууга макулдук да берген, бирок анысы кабыл алынбай, кызматында кала берген. Муну албетте Лениндин партиялаштар  арасындагы кадыр-баркынын алсызданып баратуусу менен эмес, балким Сталиндин аброюнун өсүп бараткандыгы менен да түшүндүрүүгө болор эле.

СТАЛИНИЗМ СТАЛИНДЕН ЭЛЕ БАШТАЛГАН ЭМЕС…

 Дүйнөлүк атактуу тарыхчылардын пикиринде. Сталинизм куру жерден эле чыга калбаган. Ричард Пайпс сталинизмдик режимдин мурастуулугун баса белгилейт. Ички партиялык оппозициянын оозун ар кандай арга жана мүмкүнчүлүк менен жаап туруу салты партиянын онунчу сьездинде Лениндин жеке өзүнүн басымы астында кабыл алынган «Партиянын биримдиги жөнүндөгү» тарыхый резолюцияга барып  такалат. Сталиндин бир кезектеги революционер достору жана тилектештери саналган Троцкий, Каменев, Бухарин, Зиновев, Рыков, Томский, Рютин жана башкаларды бийлик талашуу оюнунда жеңип чыгуусу да, канчалык пародоксалдуу угулбасын, көп жагынан лениндик принциптерге негизделип түшүндүрүлөт. Эгерде Троцкий 1919- 1920-жылдарда аеосуз диктатуранын апологети катары «Терроризм жана коммунизм» аттуу китеп жазып жана диктатураны жарандык согуштун зарыл шарттары менен актоого далалаттанса, азчылыкта калганда демократияны  өтө тез эске алат. Ушундай эле эволюцияны андан кийин Зиновьев жана «оңчулдар» да басып өтүп, бийликтин баш жагында турган маалында оппозициянын оозун каалашынча жаап, өзүлөрү оппозицияга оогондо демократия менен ой-пикир эркиндигин  байма-бай эстеп жатып калышты. Чындап келгенде, бүгүнкү коомдук-саясий турмушта деле бул салт кадыресе улантылып келатат эмеспи…

(уландысы бар)

Абдираим МАМЫТОВ

 

 

Окулду 3113 жолу