Версия для печати
Вторник, 27 Декабрь 2016 07:33

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

Жалпыңыздарды кирип келген 2017- жаңы жылыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Жыл тогошор мезгилде жаңы жылга ак дил, аруу тилектер менен кадам таштап жатып, аткарылган алгылыктуу иштерге саресеп салбасак болбос. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында  негизги капиталга 2 млрд.733 млн. сомдук инвестиция  тартылып, 2 млрд. 903 млн. сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлдү.

Жыл өткөн сайын Ош шаары өзүнүн жаңы облигине, ажарына ээ болуп, заманбап турак үйлөрдүн, социалдык жана маданий обьекттердин курулушу кучак жайып барат. Буга чейин Озгур айылында 100 орундуу “Семетей” бала бакчасы, Пятилетка айылындагы 120 орундуу бала бакчасы, “Кыял” балдар бакчасы жана “Гүлбаар-Төлөйкөн” айылында “Тунук Наристе” балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул иш аракеттер ушуну менен токтоп калбайт. Экинчи борбор калаада башталган курулуш революциясы дагы деле кызуу жүрүүдө.

Мэриянын башкы  максаты шаардын чет жагында жайгашкан кичи райондордун инфраструктурасын өнүктүрүү болуп саналат.Үстүбүздөгү жылы оорукана,  мектеп, балдар бакчаларын курууну колго алдык. Ага мисал катары  Ак-Тилек кичи районундагы 150 орундуу заманбап жабдуулары менен камсыздалган комплекстүү оорукананын курулушун атоого  болот.

Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасынын алкагында ишкердүүлүккө жол ачуу, чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу өндүрүштү көтөрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытында көптөгөн жумуштар ишке ашмакчы.

Алдыбызда шаарбызды өнүктүрүүнүн, элибиздин бакубат турмушун камсыздоонун,улуттар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөөнүн айкын милдеттери турат. Биз ал максаттарыбыздын аткарылышына терең ишенебиз.

Кадырлуу тарыхка бай, ордолуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

Жаңы жылда мамлекетибиз бакубат өлкөлөрдүн катарынан орун алуусуна ошондой эле кичи мекенибиз болгон Ош шаарыбыздын өнүгүүсүнө барандуу салымыңыздарды кошооруңуздарга терең ишенип турам. Анткени, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап туруучу да, мамлекеттин негизги өзөгүн түзүүчүсү да - эл.

Жаңы жылда кыргызстандыктардын түндүгү түрүлүп, керегеси керилип, уугу узарып, коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин. Ар бир үйдө ырыскынын нуру чачырап, жарык маанай уяласын. Жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-ырашкердик түбөлүккө орносун. Жапыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм.

 

АйтмаматКадырбаев, Ошшаарынынмэри

Окулду 1204 жолу