Версия для печати
Понедельник, 16 Ноябрь 2015 09:08

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары шаардагы №62 “Каныкей” балдар бакчасы менен таанышты

12-ноябрда  Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрайымы Г.Эсенбаева жана шаардык Кеңештин депутаты  А.Мамадалиев, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери менен биргеликте        №62- “Каныкей” балдар  бакчасы  менен жеринен таанышып келишти. Баарыбызга белгилүү  болгондой, жаш жеткинчектерди тарбиялоо аларга энелик мээрим жана татыктуу билим берүүдөн башталат.   Ошондуктан шаардык Кеңештин депутаттары шаарыбызда үлгүлүү болгон №62-бала бакчанын атайын ачык саатына катышып, өздөрүнүн  жогорку баасын  беришти. Шаардык Кеңештин депутаты А.Мамадалиев бала бакчада көптөгөн заманбап балдар ойноочу жана мекенчилдикке үйрөткөн усулдук көрсөтмө куралдарга көңүл буруу менен башка бала бакчаларда да колго ала турган саамалык экендигин баса белгиледи. Ошондой эле  эл өкүлдөрү балдардын күлкүсү менен ортоктош болушуп, шаарыбыздын башка балдар бакчаларынын  жетекчилери менен пикир алмашты.

 

 

Окулду 1147 жолу