Версия для печати
Понедельник, 16 Ноябрь 2015 09:09

Жапалакка салык төлөөчү терминал коюлат

Төлөө терминалы жаңы жылга чейин орнотулат. Анткени Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында калк жыш жайгашкан. Мындан сырткары жашоочулар шаарга келүүдө жолдун алыстыгынан кыйналышат. Ага байланыштуу ушундай жеңилдик каралды. Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жетекчилигинин  айтымында учурда  тейлөөчү банктардын бири менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми Ош шаарына төлөө терминалдарынан 50дөн ашыгы орнотулуп бүттү. Алар соода түйүндөргө, дүкөндөргө, эл көп барган жерлерге жайгаштырылды. Учурда Ош шаарында 9 миңге жакын жаран салык төлөйт. Алардын 6641 жеке тараптар болсо, 2161 юридикалык жактар.

Окулду 879 жолу