Версия для печати
Среда, 18 Ноябрь 2015 06:38

ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл болгон жер титирөө катталган.

ӨКМден билдиргендей жер титирөөТалдык, Лаглан, Тээке айылдарында - 7 балл, Кызыл-Суу, Боз-Караган, Гүлчө айылдарында 6-7 балл, Ош шаарында 6 балл, Жалал-Абад шаарында 4-5 балл жана Өзгөн шаарында 5-6 балл сезилди.

Алай районун бирнече айылдарында турак үйлөрүндө жана короо сарайларынын дубалдарында майда жаракалар пайда болгон.Кара-Суу райондорундагы Кызыл-Суу айылдык аймагына караштуу Чайчи айылында 4-5 турак жайдын айрым дубалдары көчүп түшкөн.

КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ түзүлүп, 2015-жылдын 18-ноябрь күнү жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо жана жеринде тийиштүү иш-чараларды уюштуруу үчүн чыгып кетти.

http://yntymak.kg/

Окулду 4723 жолу