Версия для печати
Понедельник, 30 Январь 2017 04:19

Айбек Абдылдаев:«Ыйман, адепти ар кимибиз өзүбүздөн баштасак»

Айбек Абдылдаев Ош шаарына белгилүү журналист. Көп жылдан бери журналистика тармагында  эмгектенип келет. Айбек мырзада бир касиет бар, айрымдардан өзгөчөлөнүп бирөөнү баса калып жамандап жазып же ашыра мактап макала жазбаган. Бул да болсо өзүнүн кесибин сыйлаганынан болсо керек. «Калемдеш» рубрикабыздын маек төрүндө кесиптешибиз Айбек Абдылдаев болмокчу.

-Айбек, алгачкы ырлар жыйнагыңызды чыгарыпсыз, акындык да жайыңыз бар экен да?

-Мен өзүмдү акын эмес, поэзия күйөрманы катары билем.

Акындык менимче ар бир кыргыздын эле жан дүйнөсүндө жашаган касиет болсо керек деп ойлойм. Ар бир эле кыргыз баласы ырга шыктуу. Кээде буулугуп, жан дүйнө тынч албай, дуулдап калмайым бар. Ошол учурларда ыр жазып калам же болбосо өзүм жактырып окуган акындардын ырларын бирөөгө окуп берип бөксөрүп калам.

-Негизи эле журналисттер калем, кагаз, микрофон, диктофон менен «куралданганыбыз» менен көбү ыр жаза бербейт эмеспи…

- Ооба, ар бир адам жаш курагында курч, тобокелчил болот. Ошол курактарда өзүңдү акын сезип, жыйнак чыгарам деп опурулган учурлар болгон. Кийин кагылып-согулуп, поэзиянын алптарын окуп, тааныгандан кийин күйөрман гана болуп калдым. Ыр деген менимче, бул  - жан дүйнөнүн жаңырыгы сыяктуу. Тунгуч жыйнагым өтө аз нускада чыккандыктан аны чыгармачыл чөйрөдө жүргөн кесиптеш, санаалаштарыма гана таратып бердим. «Түндөр» деп аталган бул алгачкы жыйнагыма көбүнесе студенттик жылдарда жазылган ырлар, журналистикада жүргөндө жазган чакан эсселер, айрым макалалар кирди. Чакан эле жыйнак чыкты. Быйыл Би-Би-Си кыргыз кызматы 20 жылдыгын белгилеп жатат. Жыйнагымдын чыгып калышы да, кесиптештеримдин шыктандыруусу, демилгеси менен болду.

-Алайдын Кабылан-Көлүнөн Ошко келип, окуп-иштеп калдыңыз, бул калаа сизди эмнеси менен шыктандырат?

-Орто мектепти ошол айылдан бүтүрүп келип, Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алдым. Студенттик жылдарда ОшМУнун «Нур» гезитинде иштеп жүрдүм. Кийин облустук «Ош жаңырыгы» басылмасында корректор, кабарчы, жооптуу катчы болуп төрт жыл иштедим. 2007-жылдан тарта Би-Би-Си эл аралык телерадиокорпорациясынын кыргыз кызматында кабарчы, учурда веб-редактор болуп эмгектенип жатам.

Эми калаабыз тууралуу сөзгө өтсөм. Ош баарыбыз үчүн мекенибиздин бир бөлүгү. Жүрөгүмдүн бир бөлүгү деген сыяктуу айткандагым. Ош шаары жеке мен үчүн студенттик жылдарым, билим алган куттуу жайым, албууттанган жаштыгым, үлбүрөгөн сүйүүм... Айылдан боз улан кезде келип, ушул шаардан орун-очок алып, үй-бүлө күтүп, дос күттүк, тууган күттүк. Алыс сапарларда жүрсөк кусаланып, сагынткан, дегдеткен шаарым ушул - Ош!

-Келиңиз эми, кесибибиз тууралуу сүйлөшөлү, интернеттин заманында бизден озуп маалымат тараткандар көп болуп жаткан учур, анан да сөз эркиндиги десе эле кээ бирлер ашмалтайын чыгара жазып жаткан жокпу, ушуга оюңуз кандай?

- Азыркы биздин коомдо сөзгө болгон эркиндик бар, жоопкерчилик кайда деген маселе көп талкууланды. Жеке пикиримде, өлкөдө сөз эркиндигин ооздуктагысы келген демилгелердин көбү журналисттердин, коомчулуктун каршылыктарынан кийин ишке ашпай калган учурлар болду. Көп өлкөлөргө салыштырганда бизде сөз эркиндиги бар. Биз болсо сөз эркиндигин ээн ооздук менен алмаштырбашыбыз керек. Жоопкерчилик маселесинин көтөрүлүп жатканы да ошондон болсо керек.

Байкасаңыз, социалдык тармактарды колдонгондор саны өскөн сайын биздин өлкөдө жарандык активдүүлүк да күчөдү. Кайсыл бир коомдогу маселеге көз карашын ачык айтып, пикирин билдиргенге мүмкүнчүлүктөр кеңейди.

«Журналистика коомду алдыга сүрөгөн чоң күч» деп айтышат. Менин жеке пикиримде анын жоопкерчилиги да ошончолук чоң болушу керек. Негизи журналистика жаштыкты, курчтукту талап кылган бир жагы кесип, экинчи жагы өнөр эмеспи. Азыркы маалыматтык доордо журналистика күн сайын өзгөрүүлөргө учурап, улам алдыга жылып барат. Жаңы технология, интернет мурдатан калыптанып калган салттуу журналистиканы чоң өзгөрүүлөргө учуратты. Азыр коомдо болуп жаткан окуяларды журналисттер эле эмес, башкалар деле телефонуна тарта калып, интернетке жүктөп, кайсыл бир окуяны журналисттерден мурун жазып чыккан учурлары бар. Бирок журналисттердин жоопкерчилиги аларга салыштырмалуу өтө чоң эмеспи. Сөз менен иштөө татаал, оор. Туура эмес берилген маалымат, кабар, баяндамалардын кесепети да ошончо. Жаштар көбөйүп, жашарганы жакшы, бирок сабатсыз, билимсиз болбошубуз керек.

-Ыйман, адеп, маданият жылы деп жарыяланбадыбы, ушул боюнча сиздин пикир, ыймандуу болууга эмне жетишпейт?

- Элге төбөсү көрүнгөн коомдук ишмерлер, жазуучулар, окумуштуулар, көпчүлүк интеллигенция өкүлдөрү мындай демилгени колдоого алып жатышат. Кеп ыйман, адеп жылы десе эле баары оңолуп кетет дегенде эмес. Буга ар бир кыргызстандык маани берип, салмактаганыбыз дурус болоор. Ыйман, адеп, бул - тарбиядан деп түшүнөбүз. Өтө наалып айтсам, соңку учурда  коомдук жайда өзүн алып жүрүү, башкалардын укугун урматтоо, үй-бүлө баалуулуктары, жөн эле адамдык мамилелер тескерисинен аласалып,  жан дүйнөбүз, жүрүм-турумубуз, сөзүбүз да майдаланып бараткандай туюлат кээде. Биз идеал тутуп, түздөнгөн багытыбыз жок сыяктуу. Биз кимге карап түздөнөлү, кимди ээрчийли? Мына ушул суроодон ар кимибиздин жоопторубуз ар башка чыкты. Журналисттер коомдо агартуучулук да роль аткарат эмеспизби.  Демек, бул жагынан биздин дагы таасирибиз болуп жаткан жокпу деп ойлойм кээде. Жалпы баарынын атынан албетте, сүйлөй албайм, бирок соңку жылдары медиада зордук-зомбулук, зулумдук жаңылыктардын баш сабына чыгып, бирөөнү келекелеген, ал тургай фамилиясын мыскылдап кыскарта жазган баяндама, жаңылык, макалаларыбыз чыгып жатат. Окурман, угарманды да ушундай маалыматтарды баса калып, маашырланып окуган абалга жеткирген жокпузбу?  Бул эми бир жагы, экинчиси, интернеттеги социалдык тармактарда адепсиз жүрүм-туруму үчүн сынга кабылып, катуу талкууга түшкөн окуялар көп болуп жатат. Өзүбүздү өзүбүз тарбиялаганга аракет кылып жатабыз. Соңку бүт өлкөнү кайгыга батырган авиакырсыкта кыргыз жаштары биримдик ураанын таштап, жардам чогултуп, жүрөк жылыткан кадамдарга барганы кимди болсо да кубандырбай койгон жок. Улуу муундар кийинки муунга ар дайым сын көз менен карайт. Чыны менен эле кыргыздык кулк-мүнөзүбүз, улуттук баалуулуктарыбыздан жайдак калып, көкүрөгүбүздө ушул туура деген багыттарга чалынып кеткендерибиз бар. Ыйман, адепти ар кимибиз өзүбүздөн баштасак. Эл алдына акылдуу сүйлөп, бирок ары карай бурулганда эле теңирден тескери кетпей эл башкарган чиновниктерибиз да жаштарга үлгү болуп бериши керек. Бирөөгө акыл үйрөтүп, жол көрсөтөрдөн мурун өзүбүздү аңтарып чыгалы.

-Ыр куржунуңузду аңтарсак, кайсы ырларыңызды биздин окурмандарга жарыялар элеңиз…

-2016-жылы Москвада кийим тигүүчү цехте чыккан өрттөн  каза тапкан 12 адамдын сегизи кыргызстандык экени, алардын ичинде 4 жаштагы наристе  бала бар экени белгилүү болду. Мигранттардын өлүмүнө алып келген өрт Москвада Стромынка көчөсүндөгү кийим тигүүчү цехте болгон. Каза  тапкан кыргызстандык жарандардын көпчүлүүгү Баткен облусунан баргандар экен. Ошол күнү адаттагыдай журналисттик иш менен ушул теманы изилдеп жатып, жүрөгүм канап, ошондо жаралган саптар...

Бактыгүл Калдарбай кызы

“Маскөөдө мигранттар кырсыкка учураптыр!”

Өрттөн  тез тарап кабар, жалмады Ала-Тоону

селт этип уккан киши,

жок бекен уулу, кызы, эзилип боорлору,

элтеңдеп карагандар кабарларды.

Канча киши, канча киши?!

Суук кабар араадай мээбизди аралады

 

Бул кабар желдей тарап,

Интернет, үналгысы, жаңылыктар кирди сайрап

Биринен бири өтүп, “ким эле кайдан эле”

Жан талашып жакындарын издеп, тактап .

“мигранттар кыргызстандык, Баткенден” деп

Чуулдатып берип аттык,

биринчи бололу деп шашкалактап.

 

“Наристе бала күйдү” деген жерди

Окуй албай, көзүмө жаш сызылып,

Алкымды бууп алган бирдемени

Көпкө чейин жута албай, сыздап ийдим,

Жүрөктүн сайгылап бир ооруганы,

Өзүмөн өзүм эле эчкирип ыйлап ийдим...

 

Өрт болуп бүтүн аалам,

Чартылдап кошо күйүп жаткан сымал

Балдары, жакындарын көзгө тартам

Келет деп жүрүшкөндүр бышса өрүк

айнектей талкаланып, быркырап  үмүт-кыял,

Сыныгы көзгө түшүп, сыныгы жүрөк тилип...

Өрүктөр жыпжылаңач шүмүрөйүп,

 

Шаңы жок айыл азыр жаткандыр аза күтө...

Бозоргон жер тамдары үлүрөйүп...

Жан багуу аргасыздык

жетелеп жер түбүнө,

бөтөн жер боору муздак

Кырсыктар тооруп эле ара күндө

Жүрөктөн чыга албаган кыйкырыгым,

Кагылайын боордошторум, өлбөгүлө!

01.02.16.

 

Жылуулук

-И-ий, кандай акыбалың?

Окуйм деп жүрүп минтип

Калбаптыр эч дарманың.

Айылдан атам келди кобуранып,

Кар жааган кабагынан күн чыгарып.

Алыстан атам келди,

Артынып, көтөрүнүп,

тоо жыттанып...

 

Жана эле муздак болчу мобул бөлмө

Көктөгөн, каткан нан да табылбаган

Жылуулук, бир береке турду көпкө

Атамды ээрчип келип мында калган

Шүүдүрүм жашын сүртүп жашыл чөпкө

Тоолордун бейгам жаткан турмушундай

Узарып турду көпкө бир көлөкө....

 

Жайында да бир келди

Ээрчитип тоолордогу салкын желди

Күзүндө да бир келди

Кырмандай токчулугу, берекеси...

Кышында кайра келди атам байкуш

Ач калып, анан кечте жейт деп нени

Артынып апам берген нан, кесмени

Жазында келчү кайра кезиккени

 

Окудук, кыйраттык не, билбейм анда

Турмуштун шары менен кеттик далай

Кар жаады, мезгилдер бат өтөт мында

Айылдан кабар да албай

Жолуккан тааныштардан салам айтмай

Көп жылга калдым жүрүп

Жүгүрүп, кээ учурлар мүдүрүлүп

өзүмө өзүм батпай...

 

А күндөр үзүлбөй эч тизмегинен

Бат эле келип кетип,

кемибей бир жеринен

өзүмчө бугуп, кайнап жүрдүм кемип

акыры бүт баарына шилтеп колду

атамдын эски үйүнө калдым кетип.

шарактап майрам болгон ошол күндөр

чал-кемпир төбөлөрү көккө жетип...

 

Аталар кубат болгон, дөөлөт болгон

алар бар, так секирип,

төбөбүз чийип булут.

Жыгылсак жөлөп ийин,

Учканга канат болуп,

Аталар аман кезде, биз балабыз

 

 

Окулду 4737 жолу