Yстүбүздөгү жыл президентибиз тарабынан ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланып, ал туурасында атайын жарлык чыкканына бир айдын жүзү боло элек. Бирок, жыл аталышынын канчалык жана кандай мааниге ээ экендиги башынан эле белгилүү боло баштаганын моюнга албаган киши жок болсо керек. Аны социалдык тармактар аркылуу жалпы коомчулукка жайылып кеткен айрым жарандардын ыйманга да, адепке да жана маданиятка да такыр жатпаган жана эгерим жукпаган ээнбаш кылык-жоруктары деле далилдеп жатат.
ЫРЫНАН ЧЫРЫ КYЧТYY АЛТЫНАЙ
Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоонун президенттик жарлыгында калкыбыздын дээрлик жарымынан көбүн 25 жашка чейинкилер түзөөрү, алар -Кыргыз Республикасынын негизги (!) ресурсу, келечектеги бакубаттуулуктун уюткусу катары эсептелинери жана ошол себептен Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана албетте өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиштиги баса белгиленет.
Алтынай Нематилла кызы да Кыргызстандын калкынын жарымынан көбүн түзгөн жаштардын бири болуп, ичсе ашка, иштесе ишке, ырдаса ырга тойбой турган куракта. «Ырдаса» дегеним, ал кыз бирин-экин жагымдуу ыры менен жалпынын дебейин, көп адамдардын көңүлүнөн түнөк таап келаткансыган таасир калтырды эле. Ошондой кыяздагысы жетиштүү сезилип кеттиби же башка бир себеби барбы, иши кылып жакында ага кылмыш иши ачылганы маалым болгон.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Алтынай түнкү(!) саат 2де автоунаа айдап баратканда патрулдук милиция кызматкери токтотуп, анын мас абалында экендигин каттаган. Экөөнүн ортосунда чатакташуу келип чыгып, анын натыйжасында Алтынай кызыбыз инспектор жигиттин кашын жара тепкен.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү Ош шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Нематилла кызы Алтынайдын үстүнөн козголгон кылмыш ишинин тергөө амалдары аяктаганын билдирди. Бул иш эми сотто каралууга тийиш. Алтынайдын аракети Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмүнө (коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин так аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүү) туура келе турган болсо, ал 4 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөөнүн жүрүшү көрсөткөндөй, Алтынайдын фамилиясы Жайнакова эмес, Нематилла кызы, ал эми туулган жылы 1989 эмес, 1995-жыл болуп чыкты.Кандай болгондо да, бул кыздын жогорудагыдай жосунсуз жоругу коомчулуктун бир топ нааразычылыгын пайда кылса, экинчи жагынан алганда Алтынайды аяп да кетесиң. «Жаш болсо, кыз киши болсо, этегин эмитен эле жаман жерден айрып алганга эмне күч келди» деп ичтен кыйкырып кала бергенден башка аргаң жок.
ТАТТЫГYЛДYН «ТАБИГЫЙ ТАНДООСУ»
Азыр интернеттеги социалдык тармактардын уусу жүрүшүп, этек-жеңи кеңейип, колу менен жолу дамамат узарып жаткан убак. Ошол эле учурда соцтармакка этиеттик менен , башкача айтканда маданияттуу мамиле кылуу керектигин Кыргыз мамлекеттик медакадемиянын окутуучусу, аспирантка Таттыгүл Дооталиеванын жоругу эскертип турат.
Эске сала кетсек, бул жараныбыз жакында Манас эл аралык аэропортунун жанындагы Дача-Су айылында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» учагынын кырсыкка учурашынан улам каза тапкандардын жана жапа чеккендердин дарегине табалоо жана мазактоо сөздөрүн өзүнүн фейсбуктагы баракчасына каргашанын изин суутпай жазып чыкканы аркылуу коомчулукка таанымал болду.
Таттыгүлдүн жазган сөздөрүн окуганда кыргыз эле эмес, акыл-эси ордунда болгон ар кандай эле адамдын төбө чачы тик турбай койбойт: «Это не кыргызы, это вообще не знаю кто там живет…. «Простите за сарказм, по началу было грустно, потом жалко, а теперь блин, пусть едут к себе на юг и там живут. Что не беда на юге. Землятрясения и все такое.Теперь, самолет протаранил дома на Чуйе, и тут тоже Ошские попали под удар. Сгорели девочки в Москве, почти все они тоже ошские. Какой-то естественный отбор, чистка нации просто». Таттыгүлдүн мындай «илимий» пикирин жумшарткысы келдиби же уландысын уккусу келгенби, иши кылып Наталья Казанцева аттуу бир жараныбыздын: "Ну наверное, ну не все же такие… " дегенине Таттыгүл Дооталиева дагы бир жолу баягы эле Дарвиндин айтылуу теориясын оозданат: « Я и говорю, сама природа как-то так чистит…жаль их конечно…».
Кыргыздан мындай социал-дарвинист кыз чыгат деп ким ойлоптур да, кыргызды кыргызга душман кылаар кыргыз кызы кыргыздын өзүнөн чыгат деп ким болжоптур?!
УУРУНУ ЭМНЕ YЧYН АСЫШАТ?
Аспирантк Дооталиеванын псевдоилимий «ачылышына» карата албетте коомдук пикир азырынча бир жактуу эле болуп жатканына, башкача айтканда, анын акылсыз жоругун айыптап жатышканына шүгүр деп туралы. Анан калса, Таттыгүлдү азырынча медакадемиядагы мугалимдик ишинен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, тактап айтканда, милдетин аморалдык жүрүм-турумдун айынан улантууга мүмкүн эместиги себептүү бошотушканын аталган академиянын басма сөз катчысы Абибилла Пазылов маалымдады.
Медакадемия демекчи, анын ректору Индира Кудайбергенова деле Таттыгүлдөн мындай ойдо жок жосунду күтпөгөнүн «Вести-кейджиге» берген билдирүүсүндө баса белгилептир. Акыркы мүнөттөргө, башкача айтканда Дооталиаванын социалдык баракчасындагы сөздөрдөн УКМК тиешелүү экспертизалык тыянак чыгарганга чейин эч ишенбегени да айтылат: "Мен өзүм интернационалистмин,-дептир ректор, - мен үчүн адамдын кайсыл жерден экендиги маанилүү эмес. Башкысы -ал кандай адам. Жанагыдай сөздөрдү жазган Таттыгүл эмес экендигинен кантсе да үмүттөнүп турам". Арийне, анын үмүтү акталбады. Таттыгүлдүн: «фейсбуктун» аккаунту ачылып калган, телефонумду уурдап алышкан, мен антип жазган эмесмин!» деп актанганы суу кечкен жок.
Таттыгүл Дооталиеванын аты абдан бир ыплас сөздөр менен өмүр бою коштолорун КР ЖК депутаты Алтынай Өмүрбекова баса белгилесе, Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, жогорку билимдүү, Кыргызстандын абройлуу жогорку окуу жайларынын биринде иштеп жатып ушундай акылга сыйбаган, жалпы кыргыз элине кыянаттык кылган, бөлүп-жарган эң душман дагы айтпай турган сөздөрдү айтканы өтө өкүнүчтүү. Ал эми белгилүү ырчы Айбек Карымов бул кыздын жоругу кыргыз улутуна жасалган кыянатчылыктын эң жеткен чеги болду деп эсептесе, «Фарс ньюс» агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн редактору Эмил Момунов муну маңкуртчулуктун жеткен чегине теңештирет.
Көргөндүн эле эмес, уккандын жүрөгүн титиретип, боорун кайыштырган каргашанын дээрлик жарымын күнөөсүз наристелер түзгөн курмандыктарына карата мынчалык мазактоо сөздөрү, башкасын кой, Таттыгүлдөй кыз, демек атпай кыргыз алмустактан бери эле дегидей асылзат деп алпештеп келаткан айым айтып олтурганы абдан эле өкүнүчтүү. Албетте, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин «Элибиз кайдагы бир акылсыз кыздын комментарийине мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, талкуулап калганы элдин бөлүнүп-жарылуусун кайра-кайра күчөтө берет. Андан көрө укук коргоо органдарынын колунан өзүнө тиешелүү жазасын алышы зарыл деп эсептейм» дегенинде да жан бар. Ошентсе да, мындай учурда тажик элинин «Ким айтканына караба, эмне айтканын ук!» деген накылын эстебей коюуга болбойт. Таттыгүл Жанар айтканчалык эле «акылсыз кыз» эместиги көрүнүп эле турат. Мынчалык деңгээлдеги арамзаада акмакчылык деле жугуштуу келет. Адептүүлүк - ыймандуулуктун бир көрүнүшү, формасы. Таттыгүлдө ыйман, адеп жана маданияттын башкача, балким улуттук эмес түшүнүктөрү калыптанып калгандай туюлат.
Маркз Голифакстын «Жылкы уурдаган адамды жылкы уурдагандыгы үчүн асышпайт, башкалар ууру кылбасын үчүн асышат!» деген сөзү бар. Бул мааниден алганда, Таттыгүл Дооталиева ыймандык эле эмес, мыйзамдык жоопкерчиликке да татыктуу деп эсептегендерге кошулбай коюуга мүмкүн эмес.
Абдираим МАМЫТОВ
Толугу менен...