Версия для печати
Понедельник, 23 Ноябрь 2015 07:45

ОГПИ 90 жашта

Ош гуманитардык педагогикалык институтунун 90 жылдык маарекесине  Жогорку Кеңештин   депутаттары У.Примов, А.Нурбаев, Ж.Акаев, Ош шаарынын вице-мэри Ж.Ормонов, билим берүү жана илим министрлигинин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.Юсупов, Россия федерациясынын Ош шаарындагы консулу, Кытай Эл Республикасынын Казак Республикасынын консулдары  жана башка кадырлуу меймандар  катышты. Кыргызстандын билим берүү тармагында,      педагог адистерди даярдоонун куттуу билим уясы болгон Ош гуманитардык–педагогикалык институтунун  90 жылдык маарекеси, расмий түрдө окуу жайдын жаңы корпусунун ачылышы менен башталды. Келген меймандар алгач жаңы имараттын жасалгалары менен таанышып, өзгөчө баа беришти. Ошондой эле  атайын жыйындар  залында майрамдык куттуктоолор айтылып, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.Аланов Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын  атынан Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Бекмурза Зулуевге  баалуу  белек тапшырды. Билим берүүнүн негизги чордону болгон окуу жайдын алдыңкы кызматкерлери  Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Окулду 2638 жолу