Версия для печати
Понедельник, 20 Февраль 2017 04:10

ОшМУда эмерек жасоочу ишкана ачылды

 

Ош мамлекеттик университетинде эмерек жасоочу окуу-өндүрүштүк ишкана жана пластик эшик-терезелерин чыгаруучу окуу-өндүрүштүк лаборатория иштей баштады.Бул ишкана жана лаборатория эми университеттин керектөөсүн камсыздоодо кызмат кылат. Учурда университеттин окуу корпустарына, жатаканаларына керектелүүчү стол-стул блоктор, шкаф, доска китеп текчелери сыяктуу эмеректер жана заманбап пластик эшик, терезелери жасалып жатат.

Ишкананын ачылышын эмгек жамааты окуу жайдагы жакшы самаалыктардын бири катары кабыл алышты. Ишкана ачуу демилгесин көтөргөн ректор Каныбек Исаковдун айтымында, мындай ишкана окуу жай үчүн өтө пайдалуу. Биринчиден, университеттин окуу-өндүрүштүк базасын чыңдоого керектелүүчү эмеректер көзөмөл алдында сапаттуу жасалса, экинчиден, каражат үнөмдөлөт. Ошондой эле университетте билим алып жаткан айрым адистиктердеги студенттер практикадан өтүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Каныбек Исаков:

«Бул ишкана аркылуу көп максаттар ишке ашат»

- Окуу жайыбыздын түзүлгөнүнө бир кылымга чамалап калды. 1930-1940-жылдары курулган имараттарыбыз бар, ошолорду реконструкциялоо, алардын эмеректерин ондоп-түзөө, эскилерин алмаштыруу максатында бул демилгени көтөрүп, ишке ашырып жатабыз.  ОшМУда учурда 4 кампус, 30дан ашык окуу имараттары, 9 жатакана, 1 мейманкана, 3 медициналык клиника, Ысык-Көлдө “Үмүт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы жана студенттик профилакторийи бар. Алардын эскирген эмеректерин алмаштырып, сынгандарын оңдоо иретинде ишкана ачылып отурат. Мындан сырткары биздин окуу базабызда ишканага төп келген адистиктер практикага чыкканга шарт түзүлдү. Студенттерге кам көрүү, билим алууларына мыкты шарт түзүү, окуу жайды келечек урпактарга татыктуу өткөрүп берүү биздин милдет экендигин унутпасак.

Университет окуу, билим берүү, илим изилдөө, өндүрүштүк ишканалардын класстерине же бардык тармактарды камтыган, үйрөткөн жана өнүктүргөн комплекске айланууда.

Алтынбек Зайнидинов, чарба департаментинин директору:

«Өзүбүздүн муктаждыкты толук актайт»

    Окуу жайдын чарба департаменттинин директору Алтынбек Зайнидинов ишкананын түптөлүшүнүн демилгечиси ректор Каныбек Исаков экендигин билдирип, ишкана эмеректерди базардан сатып алууга кеткен чыгымды ооздуктарын айтты:

- Ош мамлекеттик университети заман талабына ылайык  жаңы корпустарды салып жатат. Мына ошол жаңы бүткөн имараттарга жана эски окуу жайларга эмерек, студенттик блоктор керектелет. Аларды базардан сатып алсаң, эки эселеп кошуп кымбат баада алат экенсиң. Ошондуктан, эмеректерге жана башкаларга керектелүүчү каражатты үнөмдөө үчүн Каныбек Исаков өзү демилге көтөрүп, ишкананын түптөлүшүнө жардам берди. Өзүңөр көргөндөй ишкана бүтүп, иштеп жаткан учуру. Эмеректерден сырткары, пластикалык эшик-терезелерди чыгарабыз. Бүгүнкү күндө мындай материалдарга талап күчтүү. Ишканада 10 жумушчу эмгектенет. Демек 10 адам жумуш менен камсыз болуп, айлык маяна алат. Бул да жакшы көрүнүш. Ишкананы техникалык жактан толук жабдыдык. Материалдар даяр. Күнүнө 10 студенттик блок, 8 тумбочка, 8 шкаф жасап чыгарып жатышат. Мындан сырткары пластикалык буюмдарды да чыгарабыз.

 

 

Окулду 1512 жолу