Версия для печати
Понедельник, 20 Февраль 2017 04:24

Yчүнчү көпүрөнүн курулушу башталды

15-февраль күнү Ош шаарынын Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрөнүн курулушуна капсула салынды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык Кеңештин депутаттары: Н.Рашев, М.Орумбаев, А.Осмонов, Х.Хакимов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

А.Кадырбаев:

“Достуктун, ынтымактын көпүрөсү болсун”

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев үчүнчү көпүрө Навои жана Түштүк Чыгыш кичи районунда салынган эки көпүрөдөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен салынып жаткандыгын билдирди.

-Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирчү бул үчүнчү көпүрө мурдагы эки көпүрөдөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинде тургузулуп жатат. Көпүрөнүн узундугу 45 метр. Тендердик баасы 21,2 млн.сомду түздү. Көпүрөнүн курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында аяктайт. Ош шаары үчүн эле эмес, бүткүл кыргыз эли үчүн кызмат кылган, достуктун, ынтымактын көпүрөсү болсун деп тилек кылып капсуласын салдык,- деди Айтмамат Кадырбаев.

Ал эми шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, курулуш материалдар, көпүрөнүн сапаты бир нече кызматтар тарабынан тынымсыз көзөмөлгө алынат.

Айта кетсек, Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрөнүн сметалык баасы 38 млн., ал эми тендердик баасы 21,2 млн. сом. Жалпы узундугу 45 метр, унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, ал эми  туурасы 15 метр болот. Курулуш иштери “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Фото С.Токонов, С.Лапушкин

 

 

Окулду 1113 жолу