Версия для печати
Понедельник, 27 Февраль 2017 03:50

Бектен Жолдошев: “Кылмыштуулук төмөндөдү”

  Ош шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси Жолдошев Бектен Алимжанович менен шаардык прокуратуранын 2016-жылда аткарган жумуштарын, учурдун актуалдуу маселелерин, анын ичинде прокуратура органдары менен жарандардын, коомчулуктун ортосундагы байланышты, айрым көйгөйлөрдү талкууладык. 

-Бектен Алимжанович, 2016-жылда аткарылган негизги иш-аракеттер туурасында айтып берсеңиз.

-Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2016-жыл ичинде шаардын аймагында социалдык-экономикалык жана криминогендик оор абал болгондугуна карабастан тийиштүү деңгээлде иш алып барылды. Мыйзамдуулукка жана укук-тартипке багытталган приоритеттүү иш чаралар мамлекеттин жетекчилиги жана башкы прокуратуранын талаптарын эске алуу менен жүргүзүлдү.

Прокуратура органдарынын приоритеттүү багыты адамдын укугун жана эркиндигин коргоо, мамлекеттин экономикалык багытындагы кызыкчылыгында прокурордук көзөмөлүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү, ишкердиктин субьекттеринин укуктарын бузууга каршы жана кылмыштуулук менен күрөшүү болуп калууда.

2016-жылдын 12 айында мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жалпысынан 138 текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузууларды четтетүү үчүн 250 прокурордук актылар келтирилген. Келтирилген прокурордук актылардын жыйынтыгы менен 18 млн. 849 миң 798 сом мамлекетке өндүрүлүп, 106 кызмат адамдары тартиптик жана 11 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылышкан, 9 кылмыш иши козголгон. 

-Коррупцияга каршы аракеттенүү багытында кандай жумуштар аткарылды?

-Коррупцияга каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Коррупциялык укук бузууларды өз убагында алдын алуу, болтурбоо, аларды табуу жана көмөк көрсөтүүгө шарттарын түзүү менен иш алып барылды. Жалпысынан 41 текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузууларды четтетүү үчүн 62 прокурордук актылар келтирилген. Прокурордук актылардын жыйынтыгы менен 2 млн. 431 миң 127 сом мамлекетке өндүрүлүп, 32 кызмат адамдары тартиптик жана 3 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылды. 16 кылмыш иши козголду. 

Кылмыш куугунтуктоосун жүргүзүүдө жалпы 31 иштин тергөөсү аяктап, 30 иш боюнча 35 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, сотко жиберилген. Кылмыштын түрүнө бөлүп карай турган болсок,  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 12, кызмат абалынан аша чабуу үчүн 1, опузалап пара талап кылгандыгы үчүн 2, ишенип берилген мүлктү кызмат абалынан пайдаланып ыйгарып алгандыгы же жок кылгандыгы үчүн 5, кызмат абалын пайдаланып алдамчылык жасагандыгы үчүн 1, башка кызматтык кылмыштар үчүн 4, коррупциялык кылмыш жасагандыгы үчүн 1 жана сот адилеттүүлүгүнө каршы кылмыштар боюнча 4 кызмат адамы  жоопкерчиликке тартылган.

Коррупциялык кылмыштарга байланыштуу иштер боюнча тергөөнүн жыйынтыгы менен мамлекетке 29 млн. 702 миң 600 сом зыян келтирилген, тергөө учурунда 100 % өндүрүлгөн.

-Шаардын аймагындагы кылмыштуулук жана ага болгон прокурордук көзөмөл кандай болууда?

-Өткөн жылда шаардын аймагында криминогендик абалдын жакшыруусу байкалды, тагыраагы, кылмыштуулуктун төмөндөөсүнө жетишүүдөбүз десек болот. Бардыгы болуп 2253 (2556) кылмыш катталган, башкача айтканда, кылмыштуулуктун деңгээли 303 кө же 11,89 % га төмөндөгөн. Ошону менен бирге Ош шаарында катталган 2253 (2556) кылмыш жалпы республика боюнча катталган 27 481 (29 100) кылмыштын 8,19 % ын (8,78%) түзгөн.

Катталган кылмыштардын ичинен өзүнүн квалификациясы боюнча 254 кылмыш оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирет. Алар катталган кылмыштардын жалпы санынын 11,27 % ын түзөт (2015-жылда 282 (11,3%) кылмыш катталган, же 9,9% төмөндөгөн).

Аталган мезгилде 1830 (1843) кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу 83,2 % ды (81,9%) түзгөн. Анын ичинен 94 (92) оор жана өзгөчө оор кылмыштын бети ачылган, пайыздык чен менен алганда бул көрсөткүч 98,9 % (98,9%) пайызды түздү.

Аталган мөөнөттө диний экстремизм, улуттук жана этникалык кастыкты козуткан кылмыштарды алдын алуу, алар менен күрөшүү боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлдү. 

Шаардык ИИБ тарабынан диний экстремизм менен байланышкан 42 (52) факты аныкталды. 16 (34) кылмыш иши козголуп, 5 материал бириктирилген. 20 (19) материал тергөөнүн караштуулугу боюнча КРнын МУККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Тергөө жана изин суутпай издөө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө болгон прокурордук көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар көрүлгөн. Айтсак, көзөмөлдөө ыйгарым укуктарды ишке ашыруу менен 35 каттоодон жашырылган кылмыш аныкталып, каттоого коюлган. Мындан сырткары, тергөө органдарынын мыйзамсыз жана негизсиз кабыл алынган 751  чечими бузулган. Жалпы 569 кылмыш иш боюнча жазуу түрүндөгү көрсөтмөлөр берилген. Мыйзам бузуу фактыларына жол беришкен кызмат адамдарына карата 23 тартиптик өндүрүш козголуп, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин атына 53 сунуш келтирилген. Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен укук коргоо органдарынын 15 кызмат адамы ар кандай тартиптик жоопкерчиликке кириптер болушкан.

Камакка алууну жана кармоону айыпкердин жана шектүүнүн жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн мойнуна алдыруу каражаты катарында колдонууга жол берилбейт. Бул багытта жана Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун 2011-жылдын 12-апрелиндеги №40-р сандуу тескемесин аткаруу максатында  тергөө жана алгачкы текшерүү учурунда атуулдарга карата кыйноо, күч колдонуу жана орой мамиле жасоо фактыларын аныктоо үчүн жыл ичинде  жалпысы 120 (123) күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда Ош шаардык ИИБнын жана милиция бөлүмдөрүнүн имараттарындагы кызматтык кабинеттер каралып чыгып, ал жердеги атуулдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Убактылуу кармоо жайында жана кабыл алуу, бөлүштүрүү жайында кармалып жаткандардан аларга күч колдонуу, кыйноо фактылары боюнча  сурамжылоолор  жүргүзүлүп турат. Бирок, текшерүүдө ички иштер органдарына мыйзамсыз жеткирилгендер жана кармалгандар аныкталган эмес.

-Мамлекеттик айыптоону колдоо багыты кандай жүргүзүлдү?

-Шаардык прокуратура тарабынан мамлекеттик айыптоону колдоодо аталган мезгилде биринчи инстанциялык соттор тарабынан 1176 кылмыш иши боюнча 1300 адамга карата каралып, алардын ичинен 426 кылмыш иши боюнча 492 адамга карата айыптоо өкүмү чыгарылган.   Апелляциялык инстанцияда 123 кылмыш иши 262 адамга карата каралган. Ал эми кассациялык тартипте 102 кылмыш иш 109 адамга карата каралды.

Мындан сырткары Ош шаардык сотуна 36 доо арыз келтирилип, доо арыздын жалпы суммасы 694 474 сомду түзгөн. Ал эми Ош облустук райондор аралык сотуна 14 доо арыз келтирилип, жалпы суммасы 4 438 116 сомду түздү.

 Өткөн жылы Ош шаардык прокуратурасына бардыгы болуп 1547 кайрылуу түшкөн, алардын ичинен 610 кайрылуу чечилген. Чечилген кайрылуулардын ичинен 168и канааттандырылган.

2016-жыл ичинде жетишкен реалдуу жыйынтыктарына токтоло турган болсок:  актуалдуулукту жана өзгөчө маанисин эске алуу менен шаардык прокуратура тарабынан өткөн жылы жер мыйзамдарынын аткарылышына тыкыр көңүл бурулуп, жалпы суммасы 20 млн. 608 миң 550 сомду түзгөн 5 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан “Жеңиш” эс алуу багынын айланасынан жалпы суммасы 9 млн. 824 миң 600 сомду түзгөн 2213 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчик башкармалыгына кайтарылды. Жеке адамга мыйзамсыз өтүп кеткен Ленин көчөсүндөгү №2 насостук станциясынын имараты жана ага тийиштүү болгон 308 чарчы метр жер тилкеси 191 400 сомго бааланып, Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү. Мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкелери боюнча шаардык прокуратура тарабынан сот органдарына келтирилген доо арыздардын негизинде КРнын Жогорку сотунун чечими менен Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун имараты мамлекетке кайтарылды.

Ал эми шаарыбыздын аймагында жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукту төмөндөтүү максатында шаардык прокуратуранын кызматкерлери тарабынан өткөн жылы шаардын аймагында жайгашкан атайын кесиптик окуу жайларда студенттер менен 13 жолугушуу өткөрүлдү.

-Шаардын аймагында жана көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн багытында кандай  көйгөйлөр бар?

-Жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук актуалдуу көйгөй болуп калууда. Шаардык прокуратура тарабынан жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукту төмөндөтүү максатында шаардын аймагында жайгашкан атайын кесиптик окуу жайларда жана мектептерде бир нече ирет жолугушуулар өткөрүлдү. Ага карабастан жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын абалы төмөндөбөстөн, өткөн жылдагыдай эле деңгээлде калууда. Жыл ичинде жашы жете электер тарабынан 87  кылмыш жасалган.

Ош шаарынын прокуратурасы прокуратура органдарынын алдына коюлган приоритеттүү багыттарды тариздөө максатында, коррупцияга каршы күрөшүүдө, экономиканы чыңдоо боюнча бюджеттик кол салууларга каршы иш чараларды мындан ары да күчөтүү, мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү, ишкердик субъектилеринин укуктарын коргоо, ишкерлерди опузалап талап кылуудан коргоо, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана аларга бөгөт коюу, шаар куруу жана жер мыйзамдарынын аткарылышына жана сакталышына тынымсыз көзөмөл жүргүзүүнү, жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү боюнча ишмердүүлүктү кынтыксыз аткара берет.

Масим Турсунбекова

 

 

Окулду 2599 жолу