Версия для печати
Понедельник, 27 Февраль 2017 03:53

Армияга кайсы өлкөдө кандай көңүл бурулат?

Дүйнөдө экономикасы менен эле күчтүү болуп калбастан, армиясынын кубаттуулугу менен да алдыңкы орунда турган өлкөлөр бар. Армиясына канча акча каражат жумшаганы маанисиз, болгону мамлекеттердин армиясынын согуштук техникасы, аба күчтөрүнүн саны,деңиздеги техникалар,  жоокерлеринин саны, согуштук тактикасына карап, төмөндө эң күчтүү армиясы бар делген өлкөлөрдүн 10 нун атап көрсөтөбүз.

10. Япония-күн чыгыш мамлекети. Самурайлардын мекени болуп аталган жапондор экономикалык жактан эле эмес, армия жактан да мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Япония армиясына жылына 49 миллиард доллар коротот. Дүйнөдө армиясы боюнча 10-орунда турат.

9. Германия-экинчи дүйнөлүк согушту баштаган фашисттик өлкө. Азыркы Германияда фашизм жоголгон. Бийлик башына таптакыр башкача көз караштагы адамдар отурат. Германия экинчи дүйнөлүк согуштан кийин абалы начарлап кеткен. Бирок азыр армиясы боюнча дүйнөдө 9-орунда турат. Армияга жумшаган каражат 45 миллиард долларды чапчыйт.

8. Түштүк Корея өлкөсү. Экономикалык жактан алдына ат салдырбаган өлкөлөрдүн бири. Акыркы 10 жылдар аралыгында кино тармагында укмуштуудай өзгөрүүлөрдү жасаган. Армиясынын кубаттуулугу боюнча 8-орунду ээлейт. Армиясына 34 миллиард доллар жумшайт.

7. Түркия-тарыхта белгилүү Осмон империясынын урпагы. Түркия армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 7-орунда турат. Армиясына 18 миллиард доллар жумшайт.

6. Франция-тили кооз өлкө. Туристтердин мекени. Белгилүү архитектуралык курулушу менен өзгөчөлөнгөн өлкө. Франция армиясынын кубаттуулугу боюнча 6-орунду камсыздайт.  Ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарын толуктайт.

5. Улуу Британия же Англия- бул өлкө тарыхта Орто Азиянын айрым мамлекеттерин өз колониясына айландырып алганы менен белгилүү. Англис тили дүйнөдөгү биринчи тил. Армиясынын кубаттуулугу боюнча 5-орунда турат. Британия армиясына 53 миллиард доллар жумшайт.

4. Индия өлкөсү. Ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарында. Индиянын жоокерлеринин саны 1миллиондон ашуун. Армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Армиясына 46 миллиард доллар акча жумшайт.

3.Коңшулаш Кытай өлкөсү армиясынын кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Ядердик куралы бар өлкөлөрдүн катарына Кытай да кирет.

2. Россия армиясынын кубаттуулугу боюнча 2-орунда турат. Ядердик куралдар боюнча дүйнөдө эч бир өлкөгө ат салдырбайт. Россия армиясына 80 миллиард доллар акча коротот.

1. АКШ же баары билген Америка, экономикасы боюнча дагы, армиянын кубаттуулугу боюнча дагы эч бир өлкөнү алдына салдырбайт. Армиясына 613 миллиард акча коротот. Улуу держава деп ушуну айт.

Бексултан Нуркамил уулу

 

 

Окулду 1216 жолу