Версия для печати
Понедельник, 27 Февраль 2017 04:11

Оштун гүлдөрү...

Эч бир майрам же туулган күн гүлсүз белгиленбейт. Жайбы, кышпы, эч бир белек гүлсүз берилбейт. Берилген белек канчалык кымбат болбосун алгач гүл сунулбаса, белек көзгө көрүнбөй, бир нерсе жетишпегенсип умсунуп каларың да чындык. Букет көтөрүп шашылып бараткан адамды көргөндө маанайдын көтөрүлгөнүчү...

  Жылдын кайсы мезгили болбосун Ош шаарындагы гүл базарларда жаңы ачылган гүлдөр жайнап турат. Өзгөчө майрам күндөрү көз жоосун алган гүлдөрдүн кайсы бирин тандаарыңды билбей каласың. Шаарыбыздагы гүл базарларды кыдырып, гүлдөр дүйнөсүнө сүңгүдүк...

Роза - гүлдөрдүн ханышасы

Романтикалуу адамдар гүлдөн кыйгач өтпөйт. Өз сезимдерин гүл аркылуу билдиришет. Демек гүл адамдын сезимин айттырбай туюндуруучу белек. Гүлдөрдүн ханышасы болгон розаны көбүнчө сүйүктүү адамына беришет. Кардары көп гүл десек жарашат. Гвоздика болсо кышында да көркүн жоготпой узакка сакталат. Кышкысын гүл сатуучулар роза гүлүн көп санда алып келишет. Мунун себебин алар роза гүлү кышында жакшы өтөрү менен түшүндүрүшөт.

 

Камилжан Нышанов,  «Floverscity» гүл дүкөнүнүн ээси:

«Букет кооз жасалышы үчүн сатуучу фантазияга бай, романтикалуу болушу керек»

Камилжан Нышанов «Floverscity» гүл дүкөнүнүн ээси. Ал кышы-жайы гүл сатуу менен алек. Ысык мезгилде  гүлдөрдү өзү өстүрөт. Кышында Бишкектен алып келет. Көп жылдан бери гүл эгип, алардын өзгөчөлүгүн өздөштүрүп алган. Гүлдөрдү жытынан эле айырмалай тургандыгын айтат.

- Гүлдөр бар жерде назиктик бар.  Анан да гүл менен алектенсең, стресстен арылып турасын. Көп жылдан бери гүл сатам. Жылуу мезгилдерде гүлдүн 10 түрүн өстүрөм. Кышында гүл саткандарга бир аз кыйын болуп калат. Өзүбүздө жок, Бишкектен алып келебиз. Ар дайым гүл менен алек болуп жүрө берсең аларды жытынан деле айырмалап калат экенсиң. Кардарларга гүлдөрдү жытына карап сунуштайм. Букет кооз чыгышы үчүн сатуучу романтикалуу болушу керек. Букетти жасап жатканда кудум өзүңдүн сүйүктүүңө берчүдөй сезимде болушуң шарт. Ошондо аруу сезимге чулганган кооз композицияга ээ болосуң.

Камилжан абада учурда гүлдөрдүн 6 түрү бар. Ал эми күн ысык мезгилде 30га жакын түрүн сатат. Бир эле гүлдүн бир нече түсү бар.

- Күн ысык мезгилде гүл сатып алуучулардын саны да арбын болот. Кышында 6 түрдөгү гүл сатам. 6 түрдүү гүл 10 түстө болот. Гвоздика, роза, герберия, кала, асиметрия. Кардарларыбыз 6 жаштагы баладан 70 теги карыларга чейин. Кардарлар туулган күн же башка салтанаттарга кала, гвоздика гүлдөрүнөн алышат. Гвоздика гүлүн жуп кылып мүрзөгө койсо да болот. Жигиттер роза гүлүнөн дааналап алып кетишет. Кышында роза гүлү көп өтөт.

К.Нышанов гүлдөрүнүн бир даанасын 35 сомдон 150 сомго чейин сатат. Айымдар 5-7 даана гүл сатып алса, айрымдар бир даана гүл сатып алышат. Камилжан аба гүл сатуу менен эле чектелбестен, гүлдөрдүн сыртын кооз кылып жасап берет.

- Гүл саткандан кийин гүлдү кооздоп жасоону дагы билүү керек. Сатуучулар көп түрдүү гүл алышып, кооздоп берүүнү суранышат. Албетте, гүлдү сыртын жасалгалабай туруп сүйүктүүсүнө алып барууга болбойт да. Ошондуктан биз гүлдөрдү кардардын табитине жараша кооздоп беребиз. Азыркы убакта роза гүлүнө талап көп. Мен розанын голландиялык түрүн сатам. Розаны кээде дааналап, кээде 100 дааналап да алып кетишет.

Камилжан Нышановдун дүкөнү жайгашкан жерде 10го жакын гүл дүкөндөрү бар. Алар да гүлдөрдүн 5-6 түрүн сатышат. Дүкөн ээлери гүлдөргө бирдей баа коюшат. «Адал эмгектин үлгүсү болгон бул жумуш, гүл саткандардын башка ишке алмаштыргыс жумушу экенин айтып, элдерге мактанабыз» дейт Нышанов.

- Гүлдөргө өтө этият мамиле жасоо керек. Өзүңө кандай мамиле кылсаң, гүлдөргө да ошондой мамиле кылышың керек. Азыр сатып жаткан гүлдөрдүн суусун күнүнө 3 жолу алмаштырып турабыз. Гүлдү өстүрүү дагы өзүнчө мээнети талап кылат. Мээрим берип чоңойтуш керек.  Ал эми кышында сатылчу гүлдөр башкача. Булардын жыты жок болот. Гүлдөрдүн жыты май айларынан баштап билине баштайт. Жоогазын гүлү аялдардын майрамына карата чыгып калат.

«Колуктунун гүлү» композициясы

Колуктунун гүлүн жасоо да өзүнчө эмгек. Бизде колуктуга арналган гүлдүн эки түрү бар. Бири Голландиядан алып келинген роза гүлү болсо, экинчиси Кенияда өсүүчү роза гүлү. Кышкысын аталган эки гүл гана колуктунун гүлү боло алат. Аларды гүл дүкөндөрүнө өзгөчө кооздукта жасашат. Эки гүлдүн айырмасы көрүнүшүндө жана көлөмүндө. Гүлдүн сыртын жасоочу жалтыраган буюмдар Кытайдан келет. Анын сыртындагы торчо материалды чеберлер жасашат. Ар бир гүл саткан сатуучу өздөрүнүн фантазиясына жараша кооздукка бөлөп гүлдүн сыртын кооздошот.

Бексултан Нуркамил уулу

 

 

Окулду 1387 жолу