Версия для печати
Понедельник, 27 Февраль 2017 04:27

Онлайн-карта: шаардыктардын көйгөйлөрүн чечүүдө активдүү бол!

Өткөн жылдын февраль айынан тарта шаардыктар үчүн Ош шаардык мэриясынын сайтынын базасында түзүлгөн онлайн-карта ишке берилген. Мында шаар жарандары өзү жашаган аймакта жаралган көйгөйлөр тууралуу интернеттен эле жиберип коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бүгүнкү күндө онлайн картанын экинчи этабы катары кандай иштер аткарылып жатканын “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин өкүлү Бегимай Бекболотова айтып берет.

Онлайн-карта шаардыктар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

Шаардыктардын онлайн кайрылуу картасынын идеясы кесиптешим Акылай Каримовага таандык.  Долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (EWMI) колдоосунда ишке ашырылууда.  АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланды. Биз ушул идеянын үстүнөн иштеп чыгып, Ош шаарынын мэриясына сунуштаганбыз. Көп өтпөй эле шаар жетекчилиги “Youth of Osh” коомдук бирикмеси менен кызматташтыкта “Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасын” (http://map.oshcity.kg/) 2016-жылдын 4-февралында шаардыктарга тартууладык. Онлайн карта Ош шаардык мэриясынын сайтынын базасында ачылган. Негизинен шаар тургундарынан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча өздөрүнүн муктаждыктарын, кандайдыр бир бузулуулар же шаардын башка көйгөйлөрү жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Карта колдонуучу үчүн абдан жөнөкөй жана түшүнүктүү. Сайт аркылуу атайын форманы толтуруп, билдирүүнү оңой эле жөнөтсө болот. Сиздин кайрылууңуз тиешелүү муниципалдык ишканага жана мэрияга келип түшөт. Мыйзам боюнча эки жуманын ичинде жооп берилиши керек. Эгер жооп берилбесе мындай учурда сиздин тиешелүү органдарга кайрылууга укугуңуз бар.

Алгач карта ишке берилгенде тизмеде канча ишкана бар эле? Жакынкы аралыкта дагы көбөйүшү мүмкүнбү?     

Карта алгач ишке киргенде шаардагы 11 коммуналдык ишкана кирген.  Азыркы учурда долбоордун экинчи этабы жүрүп жатат. Экинчи этаптын алкагында дагы 16 мекеме-ишкананын бул кызматка туташтырылуусу күтүлүүдө. Алардын ичинде мисалы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, №1 Yй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана башкаларды кошсок болот.          

Шаар жарандары тарабынан салыштырмалуу кайсы ишканага суроо-талап көп түшөт?      

Негизинен онлайн кайрылуу картасы бул - муниципалдык кызматтардын ишине байкоо жүргүзүү жана баа берүү үчүн мыкты каражат. Мисалы, бир жыл ичинде онлайн-картага түшкөн суроолордун 32 пайызы мэрияга тийиштүү, 18 пайызы Ош шаарынын жолдор башкармалыгына, 9 пайызы Ош шаарынын суу башкармалыгына келип түшкөн. Бул деген шаардыктар үчүн жол маселеси курч турат деген сөз. Шаарда приоритеттүү маселелердин тезирээк чечилишине онлайн картанын кайсы бир деңгээлде пайдасы тийип жатат деп ойлойм.              

Кайсы ишкана активдүү катышып, келген суроолорго дароо жооп берип жатат?                        

Биз долбоордун экинчи этабында жумушчу топ түзүп, картага түшкөн маселелер боюнча мониторинг жүргүзүп, Ош шаарынын мэриясына жана бюджеттик угууларга картага түшкөн маселелер боюнча сунуштарды берип келебиз. Албетте кайсы мекеме тез жана натыйжалуу, ыкчам жооп берип жатканын да карап жатабыз. Биз картанын өнүгүшүнө чоң салым кошкон бир нече мекеме-ишкананы тандап, жакынкы арада ыраазычылык катты шаар мэри А. Кадырбаевдин атынан тапшырсакпы деп турабыз.

Онлайн картанын 2-этабы катары кандай иштер аткарылып жатат?  

Жакынкы арада бизhttp:map.oshcity.kg  мобилдик тиркемесин презентациялайбыз. Эми шаардыктар компьютерин ачып отурбастан, жөн гана онлайн-картанын тиркемесин жүктөп, онлайн кайрылуу жөнөтсө болот. Мындан сырткары, Кыргызстандын шаарларынан келген адистердин катышуусунда тегерек стол өткөрөбүз. Тегерек стол Ош шаарынын мэриясынын тажрыйбасын бөлүшүүгө арналат. Анткени, 2016- жылы карта жаңыдан ишке берилгенде көптөгөн башка шаарлардын мэрия кызматкерлери кызыкдарлыгын билдиришкен. Жергиликтүү бийлик органдарынын ачык-айкындуулугун илгерилетүүгө жана алардын тургундар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн балким кийинки жылдары бул тажрыйба жана платформа башка шаарларга да киргизилиши мүмкүн. Азыркы учурда мэрия менен биргеликте карта жөнүндө маалыматты шаардыктар арасында жайылтуунун үстүндө иштеп жатабыз. Канчалык шаардыктарда карта жөнүндө маалымат болсо, ошончолук картага да көп кайрылуулар болот жана аларды чечүү жолдору да тездейт.

Учурдан пайдаланып, шаардыктарга кайрылып кетейин. Урматтуу Ош шаарынын тургундары, өз аймагыңыздагы көйгөйдү билдиргиңиз келсе,  интернет аркылуу уюлдук телефон, компьютер же планшеттин жардамы менен кайрылсаңыз болот. Онлайн карта муниципалдык кызматтар тарабынан жаралган көйгөйлөргө тез арада көңүл бурууга жардам берет. Ал үчүнwww.map.oshcity.kgсайтына кириңиз.  Ар бир көрсөтүлгөн көйгөй тууралуу маалыматка эки жума ичинде жооп келүүсү зарыл. Жооп убакыттан кечигип жатса Ош шаардык мэриясына кайрыла аласыз. Муниципалдык кызматкер айып төлөө аркылуу, административдик жоопко тартылышы мүмкүн.

Шаардын көйгөйлөрүн чечүүдө активдүү болуңуздар!

Элира Чынтемир кызы

 

 

Окулду 1309 жолу