Версия для печати
Понедельник, 06 Март 2017 04:25

Жасур Азимов, Ош шаардык Кеңешинин депутаты: «Достукка бекем адаммын»

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Жасур Азимов менен “Бейне” рубрикасынын алкагында баарлашуу үчүн кезигиштик. Эл өкүлүнүн кесиби педагог, экономист. Анда педагог депутаттын бейнеси  назарыңыздарда.

 

-Саламатсызбы, Жасур Махмудович! Алгач биздин окурмандарга өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.

-1978-жылы 7-апрелде Ош шаарында төрөлгөм. Yй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчисимин. Менден улуу эжем жана эки карындашым бар. Атам Махмуд Азимов учурда биздин курулуш компаниябызды жетектеп келет. Атам 1991-жылы эмгек сиңирген куруучу наамын алган, өз мезгилинде Ош шаардык советинин депутаты болуп турган инсан. Апам Мохидилхан Азимова төрт баланы чоңойтуп, эрезеге жеткирип, «Элге кызмат көрсөтүү үйүндө» чебер болуп иштеген. Азыркы күндө неберелерин эркелетип биздин төрүбүздө отурган мезгили.

Мен 1985-жылы шаардагы №3 М.В.Ломоносов атындагы мектепке 1-класска баргам. 1994-жылы 10-классты аяктап, шаарыбыздагы Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжинин экономика факультетине тапшырдым. 1999-жылы азыркы Кыргыз-Өзбек университетин аяктап, өзүм окуп бүтүргөн окуу жайда окутуучу болуп эмгектене баштадым. 2004-жылы кандидаттык диссертациямды Ташкент шаарындагы экономика институтунда жактап, 2005-жылы экономика илиминин доценти наамына ээ болдум.  2006-жылы өзүм эмгектенген окуу жайдын каржы-экономика факультетинин декандыгына шайлоо болуп, шайлоонун негизинде декан болуп дайындалдым.  2010-жылдан бери  университеттин каржы жана салык кафедрасынын башчысы болуп эмгектенип келем. Университетте окутуучу болуп иштөөдөн сырткары «Ош-модерн» курулуш компаниясын жетектейм.

-Эл өкүлү болуу деген да чоң жоопкерчиликти талап кылат. Жоопкерчиликтен коркпостон бул жолду тандап алууңузга эмне себеп болду? Дегеле шаардык Кеңешке депутат болуп шайланууңуздагы негизги максатыңыз.

-Депутат болуп шайланганыңыздын себеби деп сураганда эле белгилүү болгон жооп бар, «элге кызмат кылайын дедим» деген. Туура, биринчи жооп ошол болушу мүмкүн. Мугалим болуп иштөө деле элге кызмат кылуу. Бирок аткарыла турган көп иштер бар. Биринчиден ар бир депутаттын максаты - өзүнүн мамлекетине пайда келтирүү болуп саналат. Экинчиден, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын, атуулдардын жан дүйнө баалуулуктарын, ар бир атуулдун эркиндигин коргоо, коомдун бакубат жашоосун камсыздоого салым кошуу, элдин биримдигин сактоо, элдик бийликтин негиздерин Конституция аркылуу чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле өлкөдөгү болуп жаткан саясий жана экономикалык реформаларды өткөрүүгө жана ишке ашырууга активдүү катышуу. Элдин социалдык жашоо тиричилигинин деңгээлин жакшыртуу, элдин эртеңки жашоосуна ишеним тартуулоону тийиштүү мыйзамдар менен бекемдөө. Негизи мени ушундай ойлор эл өкүлү болуп келүүмө түрткү болду. 

-Эл өкүлү катары шайланганыңызга аз эле убакыт болсо да кандай социалдык көйгөйлөрдү байкай алдыңыз?

-Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөсүмүн. Шаарда ушул тапта 55 мектеп, 34 бала бакчалары бар. Жакында эле биздин комитет аталган мекемелер менен жакындан таанышып кайтты. Таанышуунун жүрүшүндө көпчүлүк мектептерде 9-класстан жогорку класстагы окуучулардын саны аз экендигине күбө болдук. Көп окуучулар 9-класстан кийин окубай коюшууда. Биздин келечегибиз жаштар болгондон кийин, жаштар билим алуусу керек деп эсептейм. Ошондой эле ата-энелер тараптан балдарын орус класска окутуу талабы күч экени байкалат. Орус тилдүү класстарда көп сандагы окуучулар окуп жатышат. Жаштар менен иштешкен педагог катары ушул көйгөйлөргө көңүлүм түштү. Учурда чечүү жолдорун караштырып жатабыз.

-Кеп нугун башка жакка бургум келип турат. Келиңиз, достук жөнүндө сүйлөшөлү, негизи достукка кандай карайсыз?

-Мен достукка бекем адаммын. Ошол эле учурда досторум да көп. Группалаш досторум, классташ досторум, кесиптеш досторум, түрдүү тармакта эмгектенген жоро-жолдошторум бар. Менимче, достукта улут деген түшүнүк жок. Өзүм мектепте окуп жүргөнүмдө түрдүү улуттан досторду күттүм. Анткени, ал мезгил союздун мезгили болгондуктан орус, татар, кыргыз, өзбек сыяктуу түрдүү улуттун өкүлдөрү көп окуйт эле. Эсимде, классыбыздын жарымы орус улутунан, 4-5 кыргыз, 4-5 өзбек улутунун балдары окуйт элек. Дос сөзсүз бир улуттан же, бир айылдан болбошу керек. Достукта чек жок.

-Ааламдашуу алкагында жашап жатабыз. Интернет жөнүндө сурап өтпөсөм болбос...

-Интернетти өз жашоомдо пайдаланам. Пайдаланбайын десем бул күнүмдүк зарылчылык болуп жатпайбы. Мектеп окуучусунан тарта пенсия жашындагылар да интернет колдонуп жатышат. Мен да күнүмдүк жашоомдо интернетти ишиме байланыштуу, кээде жеке өзүм үчүн колдоном. Бирок күн сайын ал жакка кире бербейм. Эки-үч күндө бир карап калам. Себеби, убактым тар. Интернетти карасам жаңылыктарды окуп калмай жайым бар. Дүйнөдө, өлкөбүздө, шаарыбызда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, көз салып коем. Почтага каттар келсе, жооп жазып дегендей. Бирок интернет менен оорубайм.

-Педагог катары, жаштар менен иштешкен адис катары азыркы жаштар тууралуу эки ооз сөз…

-Университетте иштегеним үчүн адамдар менен дайыма карым-катнашта болуп турам. Азыркы жаштардын өнүгүп жатканы мени кубандырат. Албетте мен өзүмдүн жаш кезим менен азыркы жаштарды салыштыра албайм. Ар бир доордун артыкчылыгы, кемчилиги болот. Азыркы жаштар көп нерсеге үлгүрүшөт деп эсептейм. Жаштар биздин келечегибиз. Алардан көптү үмүт кылам. Жаштар өсүп, илим-билимде болобу, спортто болобу, желегибизди желбиретсе дейм.

-Аялдар майрамы жакындап келе жатат. Белек берүүгө кандайсыз?

-Кичине кезимде белек бергенди жакшы көрсөм керек. Атам күнүгө мектепке баратканда курсагың ачка болбосун же дагы башка керектөөгө деп колума акча берет эле. Ошол акчаларды үнөмдөп иштетип, ашканын топточумун. Менин экономист болуум балким ошол балалыкта калыптангандыр (күлүп). Топтолгон акчама апама 8-мартка, атама 23-февралга, чоң энемдин туулган күнүнө белек алчумун. Эмне белек алганым так эсимде деле жок. Бирок, белек алам деп акча топтогонум эсимде.

-Кез-кезде үй-бүлөңүздү кубантып, тамак жасап, ашканага баш багып турасызбы?

-Студент кезде  үйдөн алыс болуп, тамак жасап жегенге үйрөнгөм. Муну ар бир студент болгон эркек бала башынан өткөрсө керек. Азыр эми үй-бүлөлүү болгондугума байланыштуу ашканага баш бакканга зарылчылык деле жок. Дем алыш күндөрү балдарым менен отуруп бир нерсени ойлоп таап, өзгөчө тамак жасаганга аракет кылам. Ойлосом, мен тамак жасаганга караганда сервиске көбүрөөк көңүл бурат экем (күлүп). Мисалы, кооздоп идиштерди тизүү, дасторкон жайып, стол даярдоо сыяктуу. Антсе да шорпо жасаганды, аш демдегенди жакшы эле өздөштүргөм.

-Бала кезге ким кайтып баргысы келбесин. Бул артка кайтчу нерсе болбосо дагы кыялдар менен бала кезге барып турса болот. Эсиңизде калган элестер тууралуу айтсаңыз.

-Бала кезде шоктук кылган же дагы башка көз алдымда калган элестер көп. Сабак бүткөндөн кийин балдар борбордук аянтка, стадионго барып ойночубуз. Бир жолу борбордук аянттагы Лениндин эстелигинин жанында майрамдык салтанаттарда сүйлөчү трибуна бар эмеспи. Балдар топтолуп алып ошол жерге чыгып алып,  чиновниктерди туурап, колубузду элге карап булгалайт элек. Балалык баео сезим менен ошентип кол булгалаганды көрүп калган экенбиз. Бир досум чуркап барып, фотографты таап келип, сүрөткө да түшкөн элек.

-Сөз соңунда чакан мамлекетиңиз тууралуу айта кетсеңиз.

-Yй-бүлө кыйын нерсе. Yйлөнүп   же турмушка чыгып коюп ушуну менен бүттү деген сөз эмес. Турмушта оош-кыйыш болот, казан-аяк кагышат. Келинчегим Наима менен студент кезде таанышканбыз. Ал менден 2-курс төмөн окучу. Анын кесиби да экономист. Учурда балдар менен үйдө отурат. Тун уулум Жавохир Кытайда эл аралык укук боюнча билим алууда. Экинчи уулум Жамшитбек шаардагы курулуш колледжинде билим алып жатат. Келечекте архитектор болом деген максаты бар. Балдарымдын каалоосуна каршы чыккан жокмун. Экөө тең өзүнүн тандоосу менен кетти. Кенже кызым Назима С.М.Киров атындагы орто мектебинде 2-класстын окуучусу.

Элира Чынтемир кызы

 

 

Окулду 2346 жолу