Версия для печати
Понедельник, 23 Ноябрь 2015 08:02

“Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”

Ар бир доордун жыргалы, кызыктуу учуру болот. Мындан 35-40 жыл башта студенттик күндөрү менен кош айтышкан ОшМСУнун проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Кулназаров Арстан агайдын кызыктуу маегин 17-ноябрь бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата жаштардын жеке жашоосуна таасири тийип калабы деп окурмандарга сунуштоону туура көрдүк. Ал эми шаардык Кеңештин жаш депутаты Нурбек Кадыровдун студенттик доору он жыл мурунку жылдарды эске салат.

“Окууга өткөндө тааныбаган адамдарды кучактап, куттуктап...”

  -Мен 1975-жылы орто мектепти аяктадым. 10-класста окуп жүргөн учурдан тартып эле кайсыл окуу жайга тапшырышым керек деген сезимдер ойгоно баштаган. Атам айтты, айыл чарбага тапшыр деп. Мен анда математикадан начар элем. Кыргыз тилге же орус тилге тапшырсамбы деп ар нерсенин башын бир ойлонуп көпкө жүрдүм. Кийин кайсы шамал айдаган билбейм, 10-классты бүтөөр жылы  айылга чет тил мугалими барып калып, англис тилине кызыгуум күчөгөн. Мугалим эженин бир эле англис тил китеби бар эле, ошону баштан аяк жаттап алдым. Ошондон тартып англис тилине кызыгуум артып чет тилге тапшырам дедим. Ал мезгилде айылдарда англис тили окутулчу эмес.

Атам “айыл чарба институтуна тапшырганда  колхозго башкарма болот элең” деп капа болду. Мен атамын айтканына көнбөстөн Ош мамлекеттик пединститутуна чет тилдер факультетине тапшырдым.

Ошол мезгилди эстесем, аябагандай кызык учур болгон. Документтерди тапшырып коюп калтырап турганыбыз, окууга өтөмбү, өтпөймбү деп. Азыркы студенттерде андай  сезим деле болбой калды.

Окууга өткөнүбүздү уккандан кийин ошондогу кубанычыбызда чек жок, тааныбагандар эле бири-бирибизди кучактап куттуктап сүйүнгөнбүз.

 

“Пахта терип шорубуз катчу...”

-Окууга өткөнүбүздөн кийин баарыбызды Чаткалга чөпкө айдаган, биз айылда жүрүп тоонун шартын билебиз да өтүк, купейкелерибизди алып алганбыз. Шаарлыктар кайдан билсин. Модалуу кийимдер менен барып алышкан, эки күндө эле бут кийимдери жыртылып үрпөйүп калышты. Бир эле жумага болсо керек деп барсак, эки ай ошол жакта чөп чаптырды. Кызыктын баары ошол жакты өттү. Кийин эми болду окуу башталды деп шедиреңдеп 1-сентябрга келгенден кийин кайра эле Кара-Сууга пахтага айдаган. Биз тоолуктар пахта дегенди билчү эмеспиз. Шоруң шорподой кайнайт дегенди ошондо көрдүм. Күнүнө 80 килограмм пахта терип тапшырбасаң окууга келбей эле койгула деп эсибизди чыгарып койгон. Коркконубуздан жакшы терген кыздарга жалдырап, алардын терген пахтасын артынан чогултуп жүрүп араңдан план толтурчубуз.

    Биринчи курска келгендер ошол жакта эле таанышып ынак болуп, студент катары бири-бирибизди сыйлоо, урматтоо деген нерселерди чөп чаап, пахта терип, курулуш отряддарында  жүрүп үйрөнгөнбүз.

 

“Азыр студенттер бирин бири тааныбайт”

 -Азыр студент болуу биздин учурдагыдай романтикалуу эмес. Үйүңө жатып алып эле тесттин жыйынтыгы менен окууга өтүп, студент болдум деген жүрөгү жарылып кете тургандай сезим ойгонбой калып жатат.

    Биз  студент кезде тайпалаштарыбыздын аты- жөнүн эле билбестен анын тууган-уругун жети атасына чейин билчүбүз. Бул дагы студенттик күндөрдүн өзгөчөлүгү болчу. Азыркылар бир тайпада окуп бирин-бири жакшы тааныбайт. Таң атканча сөз жаттап, китеп колубуздан түшчү эмес. Кошо жашаган балдар бири-бирибизге тоскол болбойлу деп жатакананын коридорунда китеп окуп отуруп уктап калган учурлар болгон. Китепканага эртең менен барып орун алып албасаң бош орундук калбай калчу.

 

“Өз мекениңден өткөн жер жок”

-Дүйнө таанымым 2-курсумда өзгөрдү, биринчи жолу самолетко түшүп Москвага учкам. Өмүрүмдө андай шаарды көрбөгөн жаным мен үчүн укмуш шаар көрүнгөн. Ар жагымды каранып таң калганымды айт. Андан ары Венгрияга кеттим. Будапешт Москвадан өткөн кооз шаар экен 12 күн жүрүп көчөсүнөн бир мас адам көрбөдүм, тазалыгын айтпа. Кайра кайтканымда Москва көзүмө мындай эле көрүнүп калды, ар жерде мастар жатат. Ал эми Ошко келгенимде Ош кичинекей айылдай көрүнүп калса. Бирок өзүңдүн мекениң баары бир башкача көрүнөт экен.

 

“Ошондогу кыялдар азыр да оюмда”

-Студент кезимде дүйнө мындай өзгөрүп кетет деп таптакыр ойлогон эмесмин. Кыргызстан эгемендүү эл болот деп түшүбүзгө дагы кирген эмес. Студент кезде кыялданган нерселерим бардыгы эле ишке ашты. Жакшы кызга баш кошсом, жумушум болсо деп кыялданчумун, бул кыялым да орундалды, илимдин доктору болгум келчү, аны да ишке ашырдым. Бир гана актер болом деген максатым ишке ашпай жүрөт (күлүп), балким эми аткарылып калабы. Аккордеондо өзүм тартып ырдасам деп азыркыга чейин кыялданам. Адам максатка жетиш үчүн тынымсыз аракет кылып, эмгектениш керек. Ошондо максатыңа жетесиң. Мен ойлойм, ийгиликти адам кубалабайт, ийгилик адамды кубалайт ушуга жет, изден аракет кыл деп. Ошол учурда ийгиликти кармап калсаң ошол сенин жеңишиң. Эгер кармана албасаң, ал сенин ийгиликти колдон учурганың. Адам кыялданып жашаш керек. Анан ошол кыялга оптимисттик көз карашта болуусу зарыл. Эгер кыялың орундалбай калса чөкпөстөн, кайра өзүңдү көркөм дүйнөгө жетелеп, жан дүйнөңдү тазартышың керек.

 

“Студенттер жалкоо болуп баратат”

-Бүгүнкү күндүн студенттери үчүн жыргал заман. Каалаган окуу жайыңа, керек болсо дүйнөдөгү престиждүү деген окуу жайга тапшырганга кеңири шарттар бар. Бирок, биздин студенттер жалкоо болуп баратышат. Мүмкүнчүлүктөр аябагандай көп, болгону аракет кылыш керек, окуш керек. Биздин учурда мындай шарттар болгон эмес. Ал эми азыр үйүңдө отуруп алып Американын дипломун алсаң болот. Студенттик күндөрдө жагымдуу учурлар көп кездешет. Ошол учурда өзүңдү калыпка салып албасаң, кийин бардыгы кеч болуп калат. Менин окууну бүткөнүмө 40 жыл болсо 40 жылдык студенттик сезимдер алигиче өчө элек. Азыр группалаштар жолугуп калганда ошол күндөрдөгү күлкүлүү учурларыбызды эстеп жыргап калабыз.

 

Студенттик кез - сүйүүнүн мезгили

- Студенттерге айтаарым, 21- кылым -маалыматтын кылымы, ошондуктан урматтуу студенттер, маалыматтан артта калбай заманбап болуп калыптанышыңарга тилектешмин. Студенттик кез - сүйүүнүн мезгили, кийин сүйгөнгө деле убактың болбой калат.

 

Нурбек Кадыров, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

“12 жыл студент болупмун”

-Мен 2001-жылдан 2006-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин интеграция жана эл аралык мамилелер факультетин аяктагам. Андан кийин 2007-2011-жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институтун, 2011-2013-жылдары Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктадым. Баш-аягы болуп 12 жыл студент болуптурмун. Алгачкы студент болгон жылдар тууралуу айтып берейин. Мен студент кезде тактап айтканда, мындан 10 жыл мурун десем болот экен. Учурда университеттердеги мугалимдердин көпчүлүгү жаштар деп эсептейм. Бул албетте, менин жеке пикирим. Мен окуп жүргөн мезгилде окутуучулук курамда улуу агай-эжекелер көбүрөөк иштейт эле. Алардын көпчүлүк бөлүгү азыр жеке ишкерлик менен алектенип, университеттерде жалаң жаштар эмгектенип калды. Анан мугалимдердин да жаштарга билим берейин деген ынтызаарлыгы күч болчу. Азыр көбүнчө жаштар болгондугуна  байланыштуу билим берейин деген кызыгуу деле жок. Анан билим алуу болобу, башка бир иш жасоо болсо деле адам баласынын өзүнүн кызыгуусунан да көз каранды. Учурдагы биздин жаштарыбыздын өздөрүнүн деле билим алууга болгон ынтызарлыгы жоктой сезилет.

Дагы бир маселе биз студент кезде реферат же курстук иш жазуу маселеси башкача болчу. Реферат жазам деп китепканаларга барып, материал издеп аны кол жазма түрүндө бир канча баракты жазып тапшырат элек. Азырчы, азыр каалаган бир интернет-клубка кирип, администраторго айтса дароо таап берет, принтерден чыгарып колуңа карматып коет, көтөрүп кете берсе болот. Антпестен ошону издеп, мээнет кетирип жазса, тиги жазган студенттин да мээсинде бир нерсе калат. Издеп, баягы теманы жазып атып эле мээге сиңип калат. Анан албетте, билимди өзүбүз үчүн алабыз. Эптеп күн өткөнүнө сүйүнбөйлү.

Сыдыкбек

 

Апиш уулу

Окулду 30749 жолу