Версия для печати
Понедельник, 13 Март 2017 04:37

Бөйрөк оорусу

Март айынын экинчи жумалыгы  бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу биз бөйрөк оорулары тууралуу маалымат алуу үчүн Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нефрология бөлүмүнүн башчысы, бул тармакта 37 жылдык тажрыйбасы бар адис Гүлжан Баймырзаева менен маектештик.

«Бөйрөк оорусунун симптомдору алгачкы учурларда билинбейт»

-Жыл өткөн сайын бөйрөк оорулуулардын саны көбөйүүдө. Мунун себебин адамдардын өз ден соолугуна кайдыгер мамиле жасагандыгынан улам десек болот. Негизинен ар бир адам жылына эки ирет медициналык кароодон өтүп турушу шарт. Тилекке каршы, акыркы кездерде андай болбой жатат. Ошол кароодон өткөндө оорунун алгачкы белгилери байкалса дароо дарыланып,  бейтап какыс айыгып кетчү. Азыр адамдар качан гана оору өтүшүп кетип, төшөктө жатып калганда гана ооруканага келишүүдө. Бөйрөк оорусунун жаман жери, оорунун белгилери жаңы башталган учурда дароо билинбейт. Адамдар медкароодон жыл сайын өтүп турса, алгачкы белгилери пайда болор замат дарыланмак.  Дарылоо оңой болуп, өтүшүп кетүүнүн алдын алмакпыз.

  «Бөйрөк оорусу тукум кууйт»

-Бөйрөк оорусунун дагы бир жери тукум куучулук формага ээ. Ошондой эле тубаса бир бөйрөгү жок төрөлгөн адамдар кездешет. Мисалы, мен өзүмдүн практикамда көрдүм:  бир аял бир бөйрөк менен 8 баланы эч кыйынчылыксыз төрөп, чоңойткон. Бир ирет ооруп бизге келгенде текшерүүгө алганыбызда анын бир бөйрөгү жок экени билинди. Өзүнө айтсак таң калды. Бул УЗИде гана билинет. Азыр акыркы үлгүдөгү УЗИлерде аял кош бойлуу кезинде эненин ичиндеги 21 жумалык түйүлдүктүн бөйрөгүн, жүрөгүн, баарын билсе болот. Булар бир аз кымбат болгондугуна байланыштуу баары эле бул изилдөөдөн өтө беришпейт.

 

Тубаса бөйрөк оорунун түрлөрү...

-Тубаса бир бөйрөк менен төрөлгөндөрдө эгер ошол жалгыз бөйрөккө суук тийип же оорубаса ал кадимки эки бөйрөктүн милдетин аткара берет. Ал тургай адамга бир бөйрөк сезилбейт деле. Көбүрөөк кездешкен дагы бир бөйрөктүн түрү бул бир бөйрөк экинчисине караганда эки эсе кичине болот. Муну илимде гипоплазия деп коет. Ал эми бир бөйрөгү жок төрөлгөндөрдү аплазия деп аташат. Мындан сырткары, кошумча бөйрөк деген дагы болот. Бир бөйрөктүн үстүндө кошумча дагы бир бөйрөгү болот. Негизинен тукум куучулук бөйрөк оорусу бир муунда кездешпесе кийинки бир муунда кездешиши мүмкүн. Андыктан ата-бабаларында бөйрөк оору болгон болсо бир муун алмашса да кездешиши мүмкүн. Альпорта синдрому деген бөйрөк оорунун түрүндө кулагы укпай калат. Укса да өтө начар угат. Бул аялдарда көбүрөөк кездешет. Мисалы, апасынан кызына, кызынан кызына өтөт. Эркек балдарда сейрек кездешет.

Оорунун түрлөрү

-Бөйрөк оорунун өнөкөт пиелонефрит деген түрү бар. Бул оору бир жылга чейин курч түрдө болуп, бир жылдан кийин өнөкөткө айланып калат. Аны өмүр бою мезгил-мезгили менен дарылап туруу зарыл. Оору козголсо дарыланат, башка учурда жүрө берет. Бул түрү жанды кашайтып катуу оорубайт. Негизи бөйрөк оорулары көп тынчыңды албайт, өтө катуу ооруганы бул бөйрөктө таш пайда болгону. Таш бар учурда приступ берип оорубаса башка учурда адам оорубай жүрө берет. Пиелонефрит түрү аялдарда көп кездешет. Аялдар жыныстык жактан ооруганда бөйрөккө таасир берет, ошондуктан бул түрү аялдарда көп кездешет. 

Гломерулонефрит деген түрү менен көбүнчө эркектер жабыркайт. Бул оору 40 жашка чейинки эркектерде көп кездешет. Курч гломерулонефрит деп 3 айга чейин айтылат. 3 айдан кийин оорулуу жакшы болуп кетсе, бир жылдын ичинде оору кайталанбаса, заарада өзгөрүү жок болсо, биз аны каттоодон алып салабыз. Эгер үч айдан кийин оору кайталай берсе, өнөкөт ооруга айланат да аны өмүр бою дарылап турууга туура келет. Өнөкөткө айланып калган бөйрөк оорулуу адам түн ичинде сөзсүз заара кылат. Негизи ден соолугу чың адам түнү заара кылбашы керек. Эгер адам түн ичинде заара кылууга чыга турган болсо, бөйрөк оорусуна анализ тапшырып, алдын алып текшертип койсо ашыктык кылбайт.

 

«Бөйрөк алмаштырууга муктаждар көбөйдү»

-Азыркы учурда бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги (ХПН) көп кездешүүдө. Адам башка өнөкөт оору менен жабыркаганда, ал оору бара бара бөйрөккө да сөссүз таасир этет. Жабыркаган бөйрөктүн ичиндеги клеткалар (нефрондор) азайып, бөйрөк куурай баштайт. Жүрөк оорулары да бөйрөктүн иштешин оорлотуп бөйрөктү иштен чыгарат. Мына ушундай оорулардын негизинде бөйрөк алмаштырууга мажбур болгон адамдар көбөйүүдө.

 

«Диализ аппараты менен 8-10 жылга чейин жашаса болот»

-Көп бөйрөк оорулуу бейтаптар диализ аппараты менен канын тазалатып турушат. Адамдын организмине карап бир жумада канча жолу тазаланат, аны дарыгер чечет. Анткени, ар бир адамдын организми ар түрдүүчө. Диализ аппараты шлактардан арылтып турат. Башкача айтканда бөйрөк өз милдетин аткара албай калганда ушул аппарат жардамга келет. Бул бөйрөктү алмаштырууга чейинки убактылуу нерсе. Адамдын ден соолугу чың болуп, бир гана бөйрөгүнөн көйгөй болсо диализ менен 8-10 жылга чейин жашаса болот. 

 

Нефрология бөлүмү тууралуу…

-Нефрология бөлүмү 1980-жылдары ачылган. 25 керебетке ылайыкташтырылган облустагы бирден бир бөлүм. Учурда 4 нефролог дарыгерибиз оорулууларга кызмат көрсөтүшөт. Бир эле биздин облустун эмес, Баткен облусунан келген оорулууларга да кызмат көрсөтөбүз. Анткени, аталган облуста нефрология бөлүмү жок. Жалал-Абад облусунда бир нефролог-дарыгер бар. Андыктан бүт түштүктү тейлейбиз десем да туура болот. 

Элира

Чынтемир кызы

 

 

Окулду 19949 жолу