Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун берген маалыматына ылайык 2006- жылдан бери жылдан- жылга өспүрүмдөр арасында төрөттүн саны өскөн. Мисалга, 2006-жылы ар бир 1000 баланын төртүнчүсүн 15 жаштан 17 жашка чейинки энелер төрөгөн болсо, 2016-жылы ар бир 1000 баланын жетөөсүн өспүрүмдөр жарык дүйнөгө алып келген. Бул ымыркайлардын 60% ар кандай патологиялар менен төрөлгөн.
Эрте төрөт - эне-бала үчүн кооптуу
Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюмунун маалыматтарына ылайык 15тен 19 жашка чейинки курактагы энелер 20-24 жаштагы төрөгөн аялдарга караганда төрөт учурунда эки эсе көп каза болушат. Эрте курактагы кош бойлуулук жана төрөт ымыркайлардын да ден соолугуна терс таасир тийгизет, анткени өспүрүм курактагы энелердин арасында ара төрөлгөн учурлар көп катталат. Ара төрөлгөн баланын жашап кетүүсүнө кепилдик аз. Эрте төрөт эне-баланын өлүмүнө да көп алып келет.
Ош шаардык төрөт стационары саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, мөөнөтүнө жетпеген жана патологиясы бар кош бойлуулардын төрөттөрүн кабыл алышат. Мекеменин башкы дарыгери Зейнеп Исраилова эрте турмуш куруу -төрөт учурундагы эне-баланын өмүрүнө болгон кооптуу жагдайлар жаратаарын эскертет.
“Биринчиден, 18 жашка чейинки кыздардын организми толук калыптана элек болот, кош бойлуулукту көтөрө албайт. Кесепеттери аз кандуулукка, курсактагы ымыркайдын өспөй калуусуна, омуртка ооруларына алып келүүсү мүмкүн. Бул төрөткө чейинки кооптуу жагдайлар. Төрөт учурунда өспүрүмдөрдүн кан басымы түшүп кетип, жатыны жырылып, же төрөй албай эне-баланы жоготууга чейин алып барат. Көбүнчө ара төрөшөт, эне-бала төрөттөн кийин көпкө чейин кыйналышып бир топ оорулар менен күрөшүүгө туура келет”.
Эрте турмушка чыгуу кыздардын психологиялык абалына да терс таасири тийгизет, эселекти эрге берүү- өспүрүмдүн жан дүйнөсүн жабыркатат.
“Ак жүрөк” кризистик борборунун психологу Гульнара Оңкошева:
“Кыздар эрте турмушка чыгууну өз ыктыяры менен каалаган учурлары аз болот. Көбүнчө ата-энелери окута албайбыз, иш жок, андан көрө күйөөгө тий деп берип коюшуп, кыз баланын психологиясын жабыркатышат. Өспүрүмдүн жан дүйнөсү жараланат, көпчүлүгү стресске түшүп калышат. Стресс абалынан өз алдынча чыга албай, депрессияга кабылышы мүмкүн. Депрессиянын аркасы суицид менен аяктаганын биздин практика көрсөтүп келет. 18 ге жашы жете элек кыздар жигиттерди сүйүп турмуш курууну өздөрү каалаган учурлар болуп калат, бирок бул жагдайда ата-энелер кыздарга никени жылдырып туруу туура чечим экенин урушпай, күчкө салбай түшүндүрүүгө аракет жасашы керек. Эң жакшысы кыздар мындай кырдаалга тушугуп калбашы үчүн алдын алуу зарыл, окутуп, убактысын туура пайдаланууга үйрөтүп дегендей. Анткени эрте турмуш куруу кыздардын инсан катары калыптанып, интеллектти өстүрүүгө бөгөт коет. Эгер кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу кызды эрте турмушка берген болсо, ата-эне андан тез-тез кабар алып туруусу зарыл. Никедеги жашоо кыздардын кулк-мүнөзүн өзгөртүп, алар түнт болуп баратса, байкагандар дароо аларды психологдорго көсөтүүсү зарыл, антпесе өспүрүмдү жоготуп алуусу мүмкүн”.
Тогузунчу класстан кийин окууну улантуу, эселекти эрте никеден сактайт. Билимсиздин келечеги жакырчылык.
Ош областынын Ноокат, Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда эселектерди эрге берүү фактылары көп экенин “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гульсана Абытова белгилейт. Аталган бейөкмөт уюму бул темада бир нече изилдөөлөрдү жүргүзүп, фактыларды көп аныктаган.
“Тилекке каршы кыздардын ата-энелери өздөрү кыздарын эрте турмушка берүүгө кызыкдар. Көбүнчө өзбек улутундагы үй-бүлөлөр кыз баланы эрте турмушка беришет. Канчалык эрте берсе ал кызын жакшы тарбиялап, кардарлар көп чыгып, баалуу болгондой, мактанаарлык жагдай катары кабыл алышат экен. Бирок ошол эле учурда эрте турмушка чыгып ажырашкандар көп экенин да изилдөөлөр көрсөттү. Кыздарын эрте берип анан ажыраштыргандан көрө кыздары окуп бир кесипке ээ болуп, организми да өсүп жетилгенден кийин берүү көп көйгөйлөрдүн алдын алаарын эскертет элем. Ал үчүн өспүрүмдөр өздөрү да окуусун тогузунчу класстан кийин улантууга ынтызар болуп, ата-энелерине талап коюусу зарыл”,-дейт Г. Абытова.
Билим берүү мекемелери да айтылган маалыматты тастыкташат.
Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Аккуш Асанбаевдин айтымында быйылкы жылы 1 мектеп окуучусу кош бойлуу болуп калып, турмушка чыккан.
“Быйыл окуу жылы бүтө элек, мен ишке келгенден бери 9-классты бүтүп окуусун улантпай койгондор болобу, жокпу, алдын ала айта албайм, бирок мен келгениме аз эле болду да. Бир окуучу кыз боюнда болуп калып турмушка чыкты быйыл. Ал эми мурда кандай болгонун уккан билгендериме токтолуп айтсам, 9-класстан кийин өз ыктыяры менен билим алуусун улантпай коюп, турмушка чыгып кеткендер арбын эле болгон экен. Мыйзамдын таасири кандай болду, жыл жыйынтыгында белгилүү болот .
Өзбек улутундагы үй-бүлөлөрдө тилекке каршы кыздарга билим берүүгө умтулушпаганы чындык. Анткени мурда үч 9-класс болсо алардын экөө жабылып, бир эле 10-класс араң толчу да окутуу өзбек тилинде болгон мектептерде. Окутуу кыргыз тилинде болгон мектептерде андай эмес.
Мен жаштарга окууга умтулгула, билимдүү болсоңор гана бир кесиптин ээси болуп кең келечекке жете аласыңар дегим келет. Эгерде адам билимдүү болуп кесиби бар болсо ал экономикалык жактан көз каранды болбой, өз жанын багууга мүмкүнчүлүгү кең болот. Ошондо ал бирөөнүн ур-токмогуна чыдап жашаганга мажбурланбайт. Андан да жокчулуктун айынан ата-энеси күйөөгө берип салбайт. Азыр мурдагыдай эмес мектепте жакшы окуган жаштарга мүмкүнчүлүк кенен, жалпы республикалык тестти жакшы баага тапшырса, бюджеттик бөлүмгө өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан ар бир жаш өспүрүмдүн келечеги өзүнүн колунда. Жакшы окууга өтүп кетсе бир дагы ата-эне кыйнап турмушка бербейт ал кызды. Кыздар күйөөнү ойлобой, жакшы окугула демекчимин. Ал эми ата-энелерди балдарына жакшы окуганга шарт түзүп берүүгө чакыраар элем”.
Мыйзам эмне дейт?
18 жашка чыга элек кыздарды турмушка берүү - кылмыш!
2016-жылдын 17-ноябрында Үй-бүлө кодекси менен Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. КРнын КЖКне жашы жете элек адамдарга карата никеге турууга диний каада жүргүзүүгө тыюу салган жаңы берене киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренеси:
Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын:
1. Ата-энелери (же камкорчусу)
2. Никеге диний каада жасаган адам (молдо же чиркөө кызматкери, же башка конфессиянын диний кызматкери)
3. Жашы жете элек адамга үйлөнүп жаткан жаран (аялы, же күйөөсү).
Мына ушул адамдар жашы жете элек жаранды никеге турууга карата диний каада жасагандыгы үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев:
“Эрезеге жете элек кыздар турмушка чыкканда мыйзамга ылайык алардын никеси каттоого алынып нике тууралуу күбөлүк берилбейт. Кесепетинен жаш келин юридикалык тил менен айтканда жубай катары таанылбайт. Көптөгөн укуктар менен камсыздалбайт. Мисалы мүлккө, эгерде ажырашып кетсе күйөсүнөн алимент өндүрүүгө, “ЗАГСым” жок, ажырашып кеттим жардам беригиле” деп кайрылган келиндер өтө көп, аларга көбүнчө бейөкмөт уюмдар жардам берип келишет. Бирок документ жок жакшы натыйжага жетүү кыйын. Аял ажырашып, мүлккө жетпей калганы аз келгенсип, сот балдарын да күйөөсүндө калтырып койгон учурлар арбын. Анткени жаш келин мектепти да бүткөн эмес, кесиби жок, жумушу, мүлкү жок, ата-энесине да батпайт, баланы татыктуу бага албайт деген жүйөө коюлат. Эми жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин 18 жашка чыга элек кызды турмушка берүү азаят деп ойлойм. Анткени ата-эне, дин кызматкери, үйлөнүүнү каалаган жаран жоопко тартылат. Бул мыйзам аялдардын укугун коргойт, ажырашуу менен аяктоочу үй-бүлөлөрдүн алдын алат ”.
18 жашка чейинки балдарды кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери коргойт:
155-1-берене. Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу
Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, ошого тете жашы жетпеген менен никеге туруу боюнча диний каада жасалган жашы жеткен адам - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 179 мыйзамынын редакциясында)
154-берене. Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо
(1) Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн ала качуу –беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Ошентип, жашы жете электердин эң төмөнкү нике курагына жетүүсү, мажбурлап никеге туруудан коргоо, ошондой эле балдардын жана аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында, бул мыйзам жашы жете электердин укугун коргоого багытталган. Жашы жете электер менен никеге турууга тыюу салуу бүгүнкү күндө орун алып жаткан, үй-бүлөдөгү зомбулуктун мүмкүн болгон бардык формаларынан баланы коргоого жардам берет.
Кимге кайрылуу керек?
Өспүрүм кыздарды турмушка берүүгө күбө болсоңуздар, же өспүрүм кыздар өздөрү никеге мажбурланып жатса, төмөндөгү күнү-түнү иштеген номерлерге чалып кабар берүүгө болот:
1.102 ИИМ
2. 111
3. 112 ӨКМ
Ата-энелер, эсиңиздерде болсун, 18 жаштан кийинки нике кыюуну тандоо менен сиз өз кызыңызга ийгиликтүү жашоого жол ачасыз.
Жанна Аскарова
Толугу менен...