1961-жылдын 12-апрелинде советтик космонавт Юрий Алексеевич Гагарин «Восток-1» космостук кораблинде «Байконур» космодромунан дүйнөдө биринчи болуп космоско старт алып, жер планетасын орбиталдуу айланып учкан. Жерге жакын космос мейкиндигиндеги учуу 1 саат 48 минутага созулган. Космосту өздөштүрүү жана изилдөөнүн үлкөн каражаттуу жана узак мөөнөттүү дооруна мына ошондон тарта эшик ачылып, жол салынган.
КОСМОНАВТТАР КӨП, БИРОК ГАГАРИН БИРӨӨ БОЙДОН КАЛА БЕРЕТ
Советтер союзунун доорунда ар жылдын 12-апрели космонавтика күнү деген аталыш менен майрам катары белгиленип келген. Космонавтика күнү СССРдин экинчи космонавты Герман Титовдун бул күндү салтанаттуу белгилөө сунушу менен КПСС борбордук комитетине 1962-жылдын 26-мартында кайрылып, СССР жогорку советинин президиумунун 1962-жылдын 9-апрелинде жарыяланган жарлыгынын негизинде белгиленип калган.
2011-жылдын 7-апрелинде БУУнун башкы ассамблеясынын атайын пленардык отурумунда 12-апрелди адамдын космоско учкан күнү деп расмий жарыялаган резолюцияны кабыл алган. Бул резолюцияга дүйнөнүн 60тан ашуун мамлекеттери авторлош болуп эсептелет.
Ошол 2011-жылдын 12-апрелинде космонавтиканын даңктуу 50 жылдык маарекеси салтанаттуу белгиленген. Ал айрыкча Россия Федерациясынын коомчулугун өзгөчө сыймык жана шаңга бөлөө маанайында өткөнү бекеринен эмес. Космосту акиивдүү изилдеп-өздөштүрүүгө эбегейсиз зор салым кошкон СССРдин жолун жолдоп, ролун кыйшаюсуз аткарып келаткан Россия өлкөсү бүгүн космонавтиканын туусун колунда бекем кармап, бийик булгалаган державалардын бири. Ал эми Россиянын Гжатск калаасынан чыккан дүйнөдөгү биринчи учкуч-космонавт Юрий Гагаринди эл аралык коомчулукта «Космостун Колумбу» деп аташат. Азыркы учурга чейин космос мейкиндигине учуп барып келгендердин жалпы саны жүзгө жакындап калганына карабастан, Юрий Гагариндин эрдигине эч кимисиникин теңөөгө да, салыштырууга да болбойт. Космостук кораблдер жерден канчалык бийиктикке жана кандай ылдамдык менен көтөрүлгөндүгүнө карабастан, Гагарин жеткен бийиктик жана ылдамдыкты басып өтүүгө эч мүмкүн эмес. Ал космоско көтөрүлгөн биринчи адам бойдон кала берет да, калгандарын аны ээрчигендер катары эле кароо эң туура болор эле.
КОСМОНАВТИКАНЫН НЕГИЗГИ ЭТАПТАРЫ
Адамдар дүрмөттүү ракеталарды илгерки убактарда эле ойлоп табышкан. Ар кандай элдик майрам-салтанаттарда алар көңүл ачуунун каражаты катары кызмат кылып келген. Орто кылымдарда болсо ракеталар аскердик иште колдонула баштаган. Ракеталарды «дүйнөлүк мейкиндиктерди изилдөө үчүн» колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн биринчи болуп космонавтиканын негиздөөчүсү, орус окумуштуусу К.Э.Циолковский айтып жана көрсөтүп чыккан.
Ал өзүнүн «Дүйнөлүк мейкиндикти реактивдик приборлор менен изилдөө» деп аталган жана 1903-жылы жарыкка чыккан эмгегинде биринчи жолу ракеталардын кыймылынын негизги формуласын ачып, планеталар аралык катнаштар үчүн ракеталык аппараттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн негиздеп, ракетанын кыймылына абанын каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн тийгизген таасири жана көптөгөн башка факторлорду изилдеп чыккан. Циолковскийдин көптөгөн эмгектери жана космостук мейкиндикте учуулардын мүмкүн экендиги жөнүндө айткан идеялары космонавтика үчүн салыштыргыс бааларга ээ экени талашсыз.
Алардын ичинен эң эле маанилүүлөрү болуп: жердин жасалма жандоочуларын (спутниктерин ) башка планеталарга баруучу жолдогу аралык бекеттери катары түзүү; ар кандай отундарды пайдалануучу ракеталык кыймылдаткычтарды жасоо; космостук учуу убактыларында жашылча-жемиштерди өстүрүү үчүн бекеттерде оранжереяларды түзүү; космостук жогорку ылдамдыкка жетүү үчүн ракеталык поезддерди жасоо; жерге жана башка планеталарга конуу жана тормоздоо методикасын иштеп чыгуу жана башкалар эсептелет.
Космосту багындыруу багытында советтик изилдөөчүлөр биринчи жол баштоочулар болушкан жана андайда маалым болгондой, алардын башына бул оор жолдогу кыйынчылыктардын бүт баары үйүлүп түшөөрү белгилүү.
Практикалык космонавтиканын жаралышына жана өнүгүп-өсүүсүнө советтик көрүнүктүү ири окумуштуулар жана илимпоздор: М.В.Келдыш, С.П.Королев, В.П.Глушко, М.К.Янгель, Б.Н.Петров, Л.И.Седов, В.В.Парин, А.Ю.Юшлинский, А.А.Благонравов, А.М.Исаев, Г.Н.Бабкин, Ю.А.Победоносцев, М.Н.Тихонравов жана башкалар үлкөн салым кошушту.
Космосту, демек ааламды таанып-билүү процессинде жаңы дегидей илим катары таанылган космонавтика өзү жаралгандан берки доордо бир катар маанилүү этаптарды басып өттү. Алардын алдыңкы сабына айга жана күн системасынын айрым планеталарына изилдөөчү спутниктердин учурулушу, айга адамдардын конуусу, космос мейкиндигине учкучтардын тобунан турган, башкача айтканда экипаждык учуулар, космостук кораблдердин жалгаштырылуусу (стыковка) сыяктуу чараларды ишке ашырууну өз ичине камтыган мезгилдерди киргизүүгө болот. Адбетте, бул маанилүү чаралардын дээрлик басымдуу бөлүгүндө советтик жана россиялык космонавтика өкүлдөрү лидерлик позицияларды ээлешкендигин белгилебей коюуга болбойт.
Советтер союзунун артынан космостук трассага өз алдынча башка өлкөлөр да чыгышканы белгилүү: 1958-жылы АКШ, 1962-жылы Англия, 1965-жылы Франция, 1970-жылы Япония жана Кытай. Бирок, дүйнөлүк космонавтикага негизги деп эсептелген салымдарды «жетектөөчү космостук державалар» - СССР менен АКШнын жетишкендиктери киргизип, дал ошолор азыркы замандагы космостук доордун негизги бутактарын түзөт.
КОСМОНАВТИКАНЫН БОЛЖОЛДУУ КЕЛЕЧЕГИ
Академик Б.Н. Петровдун «Келечекке көз таштап» деген макаласында: « Жерге жакын мейкиндикти изилдөөнүн башкы милдети болуп жердин өйдөңкү атмосферасын, магнитосферасын, күн-жер байланыштарын, космостук нурларды, радиациянын галактикадан тышкаркы булактарын жана азыркы илимге абдан зарыл болуп жаткан башка проблемаларды андан ары изилдөөлөр эсептелет. Космостук техниканы пайдалануунун практикалык аспектилери чоң роль ойнойт. Космостук байланыш каражаттары жана телевидение абдан ылдам ыргак менен өнүгөт. Кандайдыр бир убакыттын өтүшү менен, космостук метеорологиянын бүткүл дүйнөлүк кызматы пайда болот. Алысыраактагы келечекте балким жарым-жартылай болсо да аба-ырайын ыңгайга жараша кыязда башкарып калуу мүмкүнчүлүгү жаралат…Өтө маанилүү практикалык жыйынтыктарды жердин навигациялык спутниктери берет» деп жыйырманчы кылымдын жетимишинчи жылдарында жазганы бар эле. Академиктин көзү ачыктай туюм-болжолу канчалык туура чыгып жатканын бүгүнкү турмуш өзү ырастоодо.
Орбиталдык бекеттерде адамды жана кайсыл бир жаныбарларды узакка созулган мөөнөт аралыгында салмаксыздык абалда кармоо жолу менен кенен жана фундаменталдуу медициналык изилдөөдөн өткөрүү мүмкүнчүлүгү да зор кызыгууну жаратаары шексиз. Адамдын кээ бир илдетин дарылоодо салмаксыздык абал пайдалуу болуп калуусу да ыктымал деген божомол да жок эмес. Мындай бекеттерди өзүнчө бир энергетикалык система, башкача айтканда күндүн нурларын энергияга айландыруу жана аны кайра жерге жөнөтүп турууну жолго салчу агрегат катары пайдалануу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.
Жердеги вулканикалык процесстер жана жер титирөөлөрдүн себептери алиге дейре адамзатка толук түшүнүктүү эмес. Чоң-чоң тоо системаларынын жер кыртыштарында узун-туурасы жана тереңдиги километрлерге созулуп кеткен жаракалардын пайда болуп калуу себептери да алигече анык тактала элек. Жердеги табышмактуу сырлардын бири-мунайдын пайда болуу, жаралуу себеби.
Геологдордун көпчүлүгү мунайдын теги органикалык деп, башкача айтканда мунай мурунку доорлордогу жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн калдыктарынан пайда болот деп эсептешет. Айрым окумуштуулар мунайдын органикалык эмес тектүүлүгүн, башкача айтканда, «жансыз» заттан» пайда болгондугу туурасында айткан кадимки Менделеевдин гипотезасын колдошот. Менделеев мунай заты жердин терең төмөнкү катмарында жогорку температура жана басымдын күчү астында углеводороддук темир жана суунун ортосундагы реакциянын натыйжасында пайда болорун айткан. Бул идея көп мезгилге чейин колдоо таппай келген, бирок мунайды бургулоонун улам тереңдеши менен, анын акыйкаттан анча деле алыс эместигине илимдин көзү жете баштады. Непадам, космостук технологиянын аракети аркылуу ай же марстан мунай табылып калса, Менделеевдик гипотеза кеңири таанымга жана практикалык колдонууга ээ болуп калаарын болжошот. Анткени, ай менен марста жердегидей тиричилик, органикалык фундамент жок экендиги маалым.
Жерден башка асман телолорунда да тиричилик барбы же адамзат бүткүл ааламда жалгыз тирүү жанбы? Бул суроого жооп издөө жана табуу да абдан кызык жана маанилүү. Кандай болгондо да, космонавтика ааламдын өзү сыяктуу эле түгөнбөс-бүтпөс мааниге ээ .
Абдираим Мамытов
Толугу менен...