Версия для печати
Понедельник, 30 Ноябрь 2015 06:57

“Ош шаарынын инвестициялык климатынын анализи”

Мындай аталыштагы тегерек стол 20-ноябрда өттү. Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттары  Д.Ишанов, Ш.Кенжебаев, К.Ормонов, Р.Ходжаев, С.Акбашева Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги жана GIZ Германиялык уюм менен биргеликте  уюштурулган “Ош шаарына инвестиция тартуу жана экономикалык өнүгүүнү өркүндөтүү” программасынын алкагында тегерек столго катышты.

 

Тегерек столду  Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси З.Юсупов ачып, Ош шаарында инвестицияны өнүктүрүү боюнча презентация жасады. Андан  кийин  Эл аралык Германия коомдук кызматташтык  GIZ коомунун  координатору Назира Маткадырова өз ойлору менен бөлүшүп, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү боюнча сунуш, пикирлерин айтты. Ошондой эле  Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бүгүнкү тегерек столду колдоого алаарын белгилешип, шаардык Кеңеш болгон күч- аракетин Ош шаарынын өнүгүүсүнө жумшаарын, бизнес чөйрөнү  өнүктүрүү менен эле чектелбестен, инвестиция тартуу маселесин жогорку тепкичке көтөрүү зарыл экендигин  билдиришти.

Окулду 1401 жолу