Версия для печати
Суббота, 13 Май 2017 03:47

Айчүрөк Келдибекова: «Ийгиликке жетүү үчүн эл менен көбүрөөк иштешүү керек»

Көп жылдан бери санитардык эпидемиология тармагында  эмгектенип, өзүнүн кесибин чемичкедей чаккан айым менен жумуштан сырткары, ата-эне, балалык, үй-бүлө тууралуу баарлаштык. Айчүрөк Келдибекованы сыртынан көрсөң неберелүү таене, чоң эне  экенине ишенбей кетесиң. Анткени чырымы жаш. Бирде күлүп, бирде көз жашын сүртүп отурган маектешим менен болгон макала төмөндө.

«АлтынмедалгаАалыКарашевэкөөбүзкөрсөтүлүп…»

- Мен 1967-жылы 6-апрелде Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында жарык дүйнөгө келгем. Көп балалуу үй бүлөдө төрөлүп-өскөм. 9 бир туугандын алтынчысымын, эң улуу агам аскер адамы болчу, 1994-жылы тилекке каршы, бул өмүрдөн эрте көз жумду. Өзүм айылыбыздагы Ленин-20 орто мектебин «5» деген бааларга аяктадым. Ал кезде окууну жалаң «5» менен аяктаган окуучуларга азыркыдай кызыл аттестат эмес, алтын медаль берилчү. Мен окууну аяктаар жылы райондо бир эле алтын медаль болуп, ага эки талапкер болгонбуз. Бири мен, бири учурда Жогорку Кеңештин депутаты, бир топ жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган Аалы Карашев болчу. Ал Өзгөн шаарындагы ошол кездеги Титов мектебин аяктаган. Ал учурда атам каза болуп калган эле. Мугалимдер атаң жок болсо, алтын медаль менен бүтүп алып окууга тапшыра аласыңбы, жокпу дешти. Апам да «кой кызым, медаль алып анан окууга өтпөй калсаң уят болосуң, медаль албай эле кой»  деди. Ошентип аттестатка коюлчу бааларыма «4» деген бааны атайын коюп, ал эми алтын медалды Аалы Карашев алды.

«Мугалимдерге таарынганда…»

-Окууну аяктагандан кийин жаштык кылып, мугалимдериме таарындым окшойт. Мен дарыгер болууну чечтим. Анткени, атамын бир тууган иниси мага дарыгер болуу тууралуу кеңешин берди. Алтын медаль менен бүтпөй калган таарынычым менен Орусияга окууга тапшырам деп 14 рублга учакка билет алып койдук. Санкт-Петербургдагы санитардык гигиеналык институтка тапшырмай болгом. Агаларым «апамын жанында бол, жардам бересиң» деп билетимди кайра тапшыртып, Фрунзеге билет алып беришти. Мектепти эми аяктаган кыз борборду кайдан көрсүн? Агам мен барчу жолду аэропорттон баштап чийип берди. «Учактан түшкөндө 153 деген маршруткага отурасың, анан түз келип, Политехникалык окуу жайдан өтөсүң, андан соң Набережная каналы бар, канал бойлоп барсаң, эжеңдин жатаканасына туш болосуң» деп түшүндүрүп берди. Ошол сызган сызыгы менен эжемди таап барып, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, окууга өтүп кеттим. Ал кездер 1985-жылдар болчу.

«Катардагы дарыгерден жетекчиге карай жол…»

-1992-жылы жогорку окуу жайын, интернатураны аяктаган соң Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык станциясында дарыгер-эпидемиолог болуп иштөө менен эмгек жолумду баштадым. Биздин кызматтык функциябыз жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү болчу. 1999-жылга чейин ошентип катардагы врач, андан соң эпидемиология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалдым. 2003-2004-жылдары облустук санитардык эпидемиологиялык станциясынын башкы дарыгердин орун басары болуп эмгектендим. 2004-жылдан баштап кайра мурунку жумушум эпидемиология бөлүмүнүн башчылыгына кайттым. Анткени, турмуш шартка байланыштуу колумда кичине бала менен райондорго иш сапар менен жүрүү бир аз татаал болду. 2013-жылдан баштап шаардык санэпидстанцияда башкы дарыгердин орун басары болдум. 2015-жылдын июль айынан бери башкы дарыгермин. Азыр биздин мекеме Ош облусу боюнча кызматын, иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору аталып калды. Бул деген сөз шаар менен облустун ишин бирге алып кетүү.

   Ийгилик дегенде мен ар бир адам өзүнүн алдыга койгон максатын эмгеги, аракети менен мыкты деңгээлде аткара билгендигин түшүнөм. Ийгиликке жетүү үчүн эл менен көбүрөөк иштешүү керек деп ойлойм. Бул эми менин өзүмдүн жеке тажрыйбамдан келип чыккан ойлор. Кимдир бирөө үчүн ийгиликке жетүү таптакыр башкача да болушу мүмкүн. Анан албетте, сени колдоп турган бир туугандар, жолдошуң да түшүнүү менен мамиле кылуусу аял кишинин ийгиликке жетүүсүнө чоң өбөлгө. Өзүмдүн эмгек жолумда көбүрөөк үйрөнүүгө басым жасадым. Окууну жаңыдан бүтүп келген жылдан тарта катардагы дарыгерден жөнөкөй пол жууган кызматкерге чейин ар бирине өзүнчө мамиле жасап, билбеген нерсемди сурап- үйрөнүп отуруп, ушул даражага жеттим. Сын-пикирди көп укканга аракет кылам. Ошонун негизинде түздөнгөнгө, катамды жойгонго аракет жасайм.

«Апам жасаган гүлчөтай»

-Атам Каримбек Келдибеков айыл чарба институтун аяктаган. Өзгөн, Кара-Кулжа райондору боюнча тамеки чарбасын жетектечү. Атам эл башкарып жүргөн киши болгон. Балким, мен атамы карап түздөнсөм керек. Тилекке каршы, мен 6-класста окуп жатканда 52 жашында дүйнө салды. Апам атамдан 42 жашында 9 баласы менен калды. Улуулары студент болсо, эң кичүүбүз 6 жашта элек. Улуу ага-эжелерим студент болуп, биз кичине болгон үчүн кечинде жатканда коркчубуз. Андайда чоң энебиз биз менен жатып калчу. Апам бизди турмушка узатам, балдарын үйлөндүрөм деп башка турмушка чыкпады, узак да жашабады, 62 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болду. Операция жасаталы десек өзү көнбөй койду. Балким, операция жасалса апам узак жашайт беле дейм (көз жашын сүртүп). Мени менен сиңдими турмушка узатып, бир иними үйлөндүргөнгө жетишпей калды. Апамы эстегенде өзгөчө тазалыгы көз алдыма тартылат. Биз үйдү жыйнап, пол жууп, иш кылсак артыбыздан кайрадан текшерип, жыйнап, жууп-тазалап чыкчу. Атамын иштөөсү үчүн бардык шартты түзүп бергенге аракет кылды. Камыр тамакты жакшы жасачу. Апам жасаган гүлчөтай күнү бүгүнкүдөй эсимде. Өзүм жасасам да апам жасаган даамга жетпейт.

«Атаман алган шахмат ойноо өнөрүм»

-Менин айрымдар билбеген шахмат ойноо өнөрүм бар (күлүп). Бул өнөрдү бир туугандар баарыбыз ыраматылык атаман үйрөнгөнбүз. Шахмат акыл, ой-сезимди өстүрөт эмеспи. Агаларым менен ойноп, жеңилип калсам чычалап кайрадан ойноп чыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө 3-классымда облуста шахмат боюнча 1-орунду алгам, 5-классымда Кызыл-Кыя шаарында өткөн шахмат боюнча мелдеште 1-орунга ээ болуп, борбордо өтүүчү мелдешке жолдомо алгам. Кийин атам кызым кичинекей деп жибербей койгон. Мындан сырткары мектепте активист окуучулардын катарын толуктап, коомдук иштерге мыкты катышчумун. Шахматты институтта окуп жүргөндө да калтырбай ойноп, Белоруссияга жолдомо алууга жетиштим. Окууну бүткөндөн кийин да дарыгерлердин кесиптик майрамына карата өткөрүлгөн спорттук мелдештерде ар дайым шахмат ойноп, алдыңкы орундарга ээ болуп келем.

 «Неберелердин күлкүсүнө кубанып жашап жаткан кезибиз»

-Жолдошум Маматкан кесиби боюнча мугалим. Учурда шаардагы борбордук базарда инспектор болуп эмгектенет. Yч кыз, бир уулдун ата-энеси болдук. Эки кызыбызды турмушка узатып, уулубузду үйлөндүрүп, 4 неберелүү болдук. Чоң кызым Жазгүл кесиби боюнча юрист, ортончу кызым Назгүл дарыгер, балабыз Сүйүтбек экономист, кенжебиз Диана мектеп окуучусу. Жолдошум экөөбүз неберелердин күлкүсүнө кубанып жашап жаткан кезибиз. Бош убактымды үй-бүлөмө арнагым келет. Анткени, мен көп иштейм. Бир иш бүтпөй жатса ошол иш бүтмөйүнчө үйгө барбай иште отура берген адатым бар. Качан ошол иш аяктаганда үйдү көздөй жөнөйм.

  Элира Чынтемир кызы

 

 

Окулду 718 жолу