Версия для печати
Понедельник, 22 Май 2017 03:25

Жамааттык коопсуздуктун жаңы тилкеси

Айрым бир учурларда  серепчилер тарабынан «Ташкент пактысы» же «Ташкент келишими» деп аталып жүргөн  Жамааттык коопсуздук келишим  уюму (ЖККУ) насилинде өз иш-аракетинин  негизги максаттарын ал уюмга мүчө-өлкөлөрдүн бейпилдигин,  көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жамааттык негизде коргоодон, эл аралык жана регионалдык коопсуздук жана туруктуулукту чыңдоого багыттаган, аларга жетишүүдө мүчө-өлкөлөр саясий каражаттарга артыкчылык берүүгө тийиш болгон регионалдык эл аралык уюм болуп саналат.

Баш аламан башталыш

 ЖККУга 1992 -жылдын 15-майында  жамааттык коопсуздук келишимине Ташкент шаарында Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн башчылары тарабынан кол коюу  менен негиз салынганы белгилүү. Уюмга 1993-жылы Азербайжан, Белоруссия жана Грузия кошулган.  Кийинчерээк Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан  уюмдун катарын таштап чыгып кетишкен. ЖККУнун келишими күчүнө кирген 1994-жылы Уюмда 9 мүчө-өлкө болсо, азыркы кезде алардын саны алтыны түзөт. Келишим күчүнө 1994-жылдын 20-апрелинде кирип,  5 жылга эсептелген жана андан ары узартуу мүмкүнчүлүгүнө да жол коюлган. 1999-жылдын 2-апрелинде Армения, Белоруссия, Казакстан,Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттери Келишимдин күчүн кийинки беш жылдык мөөнөткө узартуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан, бирок Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан келишимди узартуудан баш тартышкан.

ЖККнын 2002-жылдын 14-майында Москвада өткөн сессиясында жамааттык коопсуздук келишимин толук кандуу эл аралык уюмга – ЖККУга  кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошол эле жылдын 7-октябрында Кишиневдо ЖККУнун Уставына жана анын укуктук статусу жөнүндөгү Макулдашууга кол коюлуп, ал документ бардык  мүчө-өлкөлөр  тарабынан ратификацияланган  жана  2003-жылдын 18-сентябрынан күчүнө кирген.

ЖККУ – эл аралык уюм 

Башталышында кандайдыр бир даражада  баш аламандыкка туш болгонсуган  Уюм бара-бара бою-башын түздөп, тез эле дүйнө коомчулугунун таанымына ээ боло баштаганын баса белгилебей коюуга болбойт. 2004-жылдын 2-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна БУУнун Башкы Ассамблеясындагы байкоочу статусун берүү жөнүндө резолюция кабыл алган. Ушунун таасириби же башка дагы олуттуу себеби барбы, иши кылып 2006-жылдын 16-августунда  Сочиде Өзбекстан ЖККУга толук укуктуу мүчө-өлкө болуп кайрадан кирген. Ал кездерде расмий Ташкент Анжиян окуясына байланыштуу  Вашингтондун  наараазычылыгына туш болуп тургандыгы да кандайдыр бир даражада өзүнүн  ролун ойносо керек.

2009-жылдын 3-апрелинде ЖККУнун катчылыгынын өкүлү Иран мамлекети жакынкы эле келечекте Уюмдун байкоочу-өлкөсү деген статусту алып калуусу мүмкүн деп билдирген.

Уюмдун структурасы

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жогорку органы болуп жамааттык коопсуздуктун Кеңеши эсептелет. Кеңештин курамына уюмга  мүчө-өлкөлөрдүн башчылары киришет. Кеңеш Уюмдун ишмердүүлүгүндөгү принципиалдуу маселелерди карайт жана алдыга коюлган максат жана милдеттердин аткарылышы боюнча чечимдерди кабыл алат жана мүчө-өлкөлөрдүн бул багыттагы ишмердүүлүгүн, биргелешкен иш аракеттерин координациялоону камсыздайт. ЖККУнун мүчө-өлкөлөрүнүн тышкы саясаттагы өз ара аракеттенүүлөрүн координациялоо боюнча маселелер Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинде, Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн аскердик саясат, аскердик курулуш жана аскердик-техникалык кызматташтыкты координациялоо  боюнча маселелер Коргоо министрлеринин Кеңешинде,  мүчө-өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугун камсыздооо боюнча маселелер Коопсуздук Кештеринин катчыларынын Комитетинде каралып-талкууланат жана аталган Кеңештер жана  Комитет Уюмга консультативдик жана аткаруучу органдар катары кызмат кылат. Уюмдун структурасында Кеңештин сессияларынын аралыгында такай иштөөчү органдары ЖККУнун  Туруктуу Кеңеши жана  Катчылыгы, ЖККУнун Биргелешкен штабы бар. Уюмдун Башкы катчысы анын жогорку административдик кызмат адамы болуп саналат. Башкы катчы жамааттык коопсуздук Кеңешинин чечими менен Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн жарандарынан дайындалат жана  Кеңешке отчет берет.

Уюмдун аскердик күчтөрү

2009-жылдын 14-июнунда Москвада ЖККУ мамлекеттеринин жамааттык коопсуздугунун Кеңешинин сессиясы болуп, анын чечими боюнча Уюмдун ыкчам жооп кайтаруучу  күчтөрү түзүлүүгө тийиш эле. Бирок, бул чечимге Беларусь жана Өзбекстан  республикалары тараптан кол коюлбагандыгына байланыштуу консенсустун жоктугунан Жамааттын ыкчам күчтөрүн түзүү аягына чыкпай калган. Тактап айтканда, ыкчам күчтөрдү түзүү боюнча келишимге ЖККУнун ошол маалдагы жети мүчө-өлкөлөрдүн бешөөсү гана (Россия, Армения, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан) кол койгон. Бул маселе талкууланган сессиянын ишине  ошол кездерде Россия менен тутанып кеткен «сүт согушуна» байланыштуу Беларусь  жана негедир Өзбекстандын да  тиешелүү жетекчилери катышкан эмес . Ал эми 2012-жылдын 28-июнунда Ташкент ЖККУга мүчө-өлкө болуусун токтоткондугун билдирген нота жиберген жана ошол эле жылдын 19-декабрынан тартып Өзбекстандын Уюмга мүчөлүгү расмий түрдө токтотулган.

ЖККУнун позицияларын күчтөндүрүү үчүн азыркы тапта  анын ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн Борбордук Азиялык чөлкөмдө реформалоо жүргүзүлүүдө. Бул күчтөр он батальондон : Россиядан үч, Казакстандан эки жана ЖККУнун калган мүчө-өлкөлөрүнөн бирден болуп, жамааттык күчтөрдүн  өздүк курамынын жалпы саны 4 миңге жакын адамдан турат. Ыкчам күчтөрдүн авиациясы ( 10 самолет жана 14 вертолет) Россиянын Кыргызстандагы аскердик аба базасында жайгаштырылган.

ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнөн улам аны накталай аскердик блок катары баалап, ал тургай НАТОго теңеп-салыштырып жүргөн айрым орус аналитиктери да, алардын ойлоруна кайчы пикир айтып келаткан белгилүү саясатчылар да аз эмес. Мисалы, Беларусь президенти Александр Лукашенконун пикири боюнча, ЖККУнун ишмердүүлүгү согуштук эмес пландан караганда келечектүү десе туура болот.  ЖККУ коопсуздук чөйрөсүндөгү проблемалардын кеңири спектри менен шугулданган регионалдык эл аралык уюм болуп саналат. Анын көз кырында согуш кооптуулугунан тышкары, эл аралык терроризмге, наркобизнеске, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери турат.  «Бул айтылгандар кандайдыр бир уставдык документтерде жазылып калган декларативдик милдеттер эмес,  потенциалдык чакырыктарга жана коркунучтарга карата жамааттык ыкчам жооп кайтаруунун конкреттүү алгоритмдери болуп саналат» ,-дейт А.Лукашенко.

Азыркы тапта диний экстремизм жана терроризм проблемасы глобалдык жана сыягы узак мөөнөттүү көйгөйгө айланганын аңдоо кыйынга турбайт. Бул өңүттөн карганда ЖККУнун максат-милдеттерин издеп кереги жок. Статистикалык маалыматтар радикалдык исламдын тарапкерлеринин саны Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да өсүп жатканын күбөлөндүрөт.

Кыргыз Республикасында экстремисттик жана террористтик деп табылган 19 диний кыймылдар  жана уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Андайлардын ичинен эң эле активдүүсү деп саналган «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун  Бишкек шаарында эле катталган мүчөлөрүнүн саны бүгүнкү күндө 189 жаранды (152 эркек, 37 аял) түзөт. Ал эми бул  уюмдун жашыруун тарапкелери бир нече миңдеп саналаарын атайын кызматтын маалыматтарында айтылат. Андайларды ачыкка чыгаруу жана иш-аракеттеринин алдын алуу, айрыкча экстремисттик топтордун жетекчи курамын аныктоо жана изине түшүү иштеринде уюмдун жогорку конспиративдүүлүгү кыйла кыйынчылыктарды жаратат.

Олуттуу маани бере турган дагы бир маселе башка республикаларда экстремисттик деп тыюу салынган, бирок бизде андай тыюу салууга дуушар болбой, иш-аракеттерин ээн-эркин жүргүзгөн диний уюмдар бар экендигинде жатат. Кошуна мамлекеттердин бардыгында иш-аракеттерине тыюу салынган, бирок Кыргызстанда даават ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан «Таблиги жамаат» кыймылы мына ошондой мисалдардын бири. ЖККУ өлкө бийлигине бул кыймылга тыюу салуу сунушун берген.

Терроризм менен наркобизнестин Борбордук Азия чөлкөмүндө  жайылтылышында  өз ара тыгыз байланыш бар экендиги да талашсыз. Наркобизнес террорисстик уюмдарды каржылоонун башкы булактарынын бири. Наркотиктердин айлануусун көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү дүйнөлүк эксперттердин эсеби боюнча, мисалы Афганистанда апийим өндүрүшүнүн көлөмү 2001-жылдан бери карай 44 эсеге өскөн жана 2009-жылы 6900 тоннаны түзгөн. 2001-жылы бул көрсөткүч 185-190 тонна эле.

Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ислам багытындагы өкүлчүлүктөр жана фонддор арасында эң эле активдүү ишмердүүлүктөрүн «Мутакалим», «Ихсан-Хария», «Аль-Вакь Аль Ислами», «Ислам жаштарынын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы», «Эл аралык гуманитардык чакырык», «Азия мусулмандарынын комитети», «Ислам жихады Биримдиги уюмдары жүргүзүшүүдө. Сауд Аравиясы, Пакистан, Иран жана Түркия сыяктуу ислам мамлекеттеринен келген миссионерлердин саны улам көбөйүп,  коомчулукту исламдаштыруу аракеттеринин сапаты өсүүдө.

Кандай болгондо да, Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы  коопсуздуктун жаңы тилкеси диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнү сөзсүз аралап өтөөрүндө шек жок.

Абдираим Мамытов 

 

 

Окулду 1179 жолу