Версия для печати
Понедельник, 29 Май 2017 03:31

КӨЧМӨНДYК ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН УЛУТТУК КААДАСЫ

“Чындык- айтылышы сулуу, бирок көрүнүшү коркунучтуу” деген экен биздин бабаларыбыз. Анан “чындыкты кабыл алуу эрдиктин бир түрү”  деп да айтышкан.  Адамдын адеп-ыймандуулугу, маанилүү маданияттуулугу чындыкты көтөрө алышына жараша бааланат делинет динде. Ооба! Чындык абдан оор баалуулук жана анын оорлошуусу жыл өткөн сайын көтөрүлүүдө - арга бирөө эле, чындыкты канча эрте кабыл алсаң, калпты жеңүү ошончолук жеңил болот, чындыктын чырайлуу озуйпасын ошончолук эрте көрөсүң. Алмустактан айтылып келген уламыштар боюнча чындык качып кутулган айдыңда бир шайтан менен бир желмогуз гана калат экен.

Адамгерчилик – көчмөндүк маданиятты эң бийик даражада өздөштүргөн кыргыздар, илимий-философиялык тил менен айтканда «жалпы адамзаттык баалуулуктар» аталган универсалдуу жана түбөлүктүү түшүнүктү камтыган бул сөздү тээ көөнө замандан эле «Адамгерчилик атаңдан улук» деген кыска жана нуска албан маани менен туюндуруп, маданияттуулук, гумандуулук, толеранттуулук, адам укугу, этиканы сактоо эрежелерин акыл калчоосу менен эле эриш-аркак айкалыштыра жашоо каадасына айландырышкан.

Меймандостук – «акыл оошот, өнөр жугушат» дейт кыргыздар. Дал ушул алтын жөрөлгө аркылуу «жайыл дасторкон» үстүндө аңгеме-дүкөн, маанилүү маек куруудан адамдарда өз ара мээрим жаралып, боор тартышып, терең түшүнүшүүгө жетишилүүсү менен уруулар, улуттар, элдер аралык маданий, салт-каадалык, тилдик, өнөр-кесиптик интеграция, өз ара тарбиялануу, таттуу ынтымак бийик үзүрүн берип келген.

Адилеттүүлүк – «адил бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» дейбиз. Адамда ыймандын бар экендиги дал ушул адилеттүүлүк, «кара кылды как жарган» калыстык аркылуу тастыкталат эмеспи.

Тилекке каршы, коомдо адилеттүүлүктүн, калыстыктын ашкере жоголуп баратышын, кур дегенде демократиялуу аталган шайлоолордо добуш берүүдө, кимдир-бирөөгө мүнөздөмө - баа берүүдө, күнөөлүүгө өкүм чыгарууда кетирилип жаткан караманча орой «туура эместиктер» аркылуу көрүп келатабыз. Бул баарыбызды бирдей терең ойлондура турган, ынтымакка сокку уруучу жагдай.

Сабырдуулук – жаралган кырдаалдын көйгөйлүү, өкүттүү, кайгылуу экендигине моюн сунбай, эмоцияга алдырбай, элибиздин «ачуу душман, акыл дос» деген нускасын бекем тутунуп, эркти колго алып, акыл-эстүүлүктү көрсөтө билүү.

Айкөлдүк - адамдын улутуна, өңүнө, мансабына, социалдык абалына, диний ишенимине карабай жайдары, сылык-сыпайы мамиле жасап,  жылуу-жумшак сөздөр менен маек куруу, сырдашуу, эгер өз ара түшүнбөөчүлүк, чыр-чатак болуп кетсе  адамгерчиликтүү, сабырдуу  түшүнүшүү аркылуу кечирише билүү, кечиримдүүлүк – азыркы илимий тилге салсак «гумандуулук» деген маанини кошо  камтыйт.

Маданияттуулуктун максаты – таза коом. Элге каниеттүү эмгектенүү, калайык калкка коопсуз  жашоо, жумурай журтка жайдары турмуш, коомго адилеттүүлүктүн, адамгерчиликтин, калыстыктын бийлигин тартуулаган таза коомду калыптандыруу жөнүндө маселе көтөрүлгөндө, бул үчүн “тынымсыз тазаланып туруш керек” деген сөз  айтылат эмеспи.

Эгемен жылдардын  натыйжасы кашкайта көрсөтүп отургандай жалаң материалдык, болгондо да акча-пул маселесине күжүм жана жалпылай баш-отубуз менен кирип кетүү адамды башка жандуу айбанаттардан айырмалаган  бирден-бир ыйык асылдык рухий дүйнөнү такыр таназарга албаган мүнөз-пейилди жамырата жайылтып, кедер-кесепетинен ыйман-адептүү, тообо-топуктуу, каниет-соопчулук пейилдер жараксыз абалга келип, мындан улам ак ниет, ак эмгек, аруулук жатыркоого тушугуп ынтымакты ыдыратып, ырыскыбызды кемитет. Жакынкы эле тарыхка назар салсак, экинчи дүйнөлүк согушта жеңилүүгө учураган, өндүрүшү да, өнөр жайы эмес турак жайлары, эгин талаалары да талкаланган  Германия, Япония сыяктуу өлкөлөр биринчи кезекте элинин рухий жан дүйнөсүнө жогорку даражада маани бергенден жеңилүүнүн апааттуу кесепеттерин тез эле жоюп ири ийгиликке жеткендиги жалпыга маалым.

Илим-билим, акыл-эс, интеллект эң башкы байлык, баалуу ресурс деген менен ал чыгаан талантка таянган кебелбес мекенчилдик, улуттук жеңишчил рух, ырыскылуу ыйман-адеп менен байытылбаса майнап чыкпастыгын биздин кризисчил жана көйгөйчүл турмуш калетсиз тастыктап отурат.

Кылымдар кыйчалышын жиреп келген улуттук улуу баалуулуктар аяр кастарланып, чебер корголуп, жогорку жигердүүлүктө  чечкиндүү өнүктүрүлбөй калың журт аламанданып, калк карайлап, ар кайсы жат жөрөлгөгө жабышып ары урунуп, бери урунуп, ынтымагы ыдырап кечээ эле совет доорунда бизден артта келген, азыр болсо бизден алда канча алдыга кеткен кошуналардан кодуланып мазебиз кетери - бул да оңойго турбаган оор тажрыйба, чылгый чындык  болуп отурат.

Каарман тарыхтын капшабынан, жылдардын жылжыма өктөм өзгөрүүлөрүнөн,  башыбыздан өтүп жаткан күнүмдүк турмуштун ачуу чындыктуу далилинен көзүбүз ачылгандай болуп, цивилизация маанисине сарасеп салсак, цивилизация дегендин атасы кесипкөйлүк коштогон  адамгерчилик, апасы калыстык, баласы чындык, кызы айкөлдүк, ал эми чоң атасы ыймандуулук, чоң энеси ынтымак, тагасы нысаптуулук, жээни адептүүлүк  экен - ашык кеми жок дал ушундай, эми ой жүгүртүү, цивилизация мурунку кыргызда болгонбу же азыркы кыргызда андан арбынбы!?

Ооба! Кыргыздар заңкайган шаарларды курбаптыр, ири илимий-техникалык ачылыштарды жасабаптыр,  сулуу сүрөттөрдү тартып,   айкелдерди тургузбаптыр, а бирок жаратылыш менен жуурулуша жашаганды, ата мурастык адамгерчиликтин туу чокусундай нарктуу алака-катнаштын, асыл куттуу акыл-насааттын,  жалпыга жагымдуу жүрүш-туруштун алтын эрежелерин иштеп чыгып аны күнүмдүк турмушта берекелүү пайдалана билишкен, анткени биздин ата-бабалар – ак сүйлөп арамдыкты жасоого, бирди айтып башкача жашоого мүмкүнчүлүк бербөөчү кырдаалды түзө билген,  башкача жашаган,   анткени жашоо-турмуштун өз ара байланышкан мыйзам ченемдүү чындыгын каарман реалдуулукта айкын  кабыл алып, туура жана так чечимге келип жеке турмушу менен тастыкталган нарктуу насааты аркылуу  куттуу үлгү көрсөтүүгө жөндөмдүүлүгүндө болгон кыргыздын цивилизациялуулугу.

Намаз окуунун алдында эмне үчүн даарат алуу керек деген суроого биздин ата-бабалар, даарат бул адамды жаман пейилге, кеселге чалдыктыруучу кирден арылып тазалыкта, пакизалыкта, аруулукта жашоонун эрежелүү үлгүсү деп түшүндүрүшкөн.  Ал эми ар кандай ыйык жайларга, мазарларга сыйынууну, табынууну акылга аралай баштаган арам ойлордон, жагымсыз жүрүм-турумдан кутулуунун жөрөлгөсү катары колдонуп келишкен.

Эми азыр унутулуп да, чанылып да бараткан “зекет берүү” маселесине кайрылсак, муну малсызга алдууну кайрымдуулугу гана эмес, кирдеген, заң басып кеткен каражат, байлыктан   арылуу менен сооптун  берекелүү жолун таануу,  соопчулукту тан алуу  катары түшүндүрүлгөн.

Ал эми “орозо кармоого” токтолсом, эң башкы мааниси мындай: адам баласы жаратылышынан бирдей болбойт. Бирөөгө элине, жерине көбүрөөк кызмат кылсын деп Кудай Таала акылды, талантты, эрктүүлүктү, ден соолукту, берекелүү бешене-тагдырды  мол ыйгарат - мындан улам дүйнө-мүлккө, байлыкка тунат. Ал эми башка бирөө же тагдырынан, же алсыздыгынан, же мураскорсуздугунан жакырчылыктын, адилетсиздиктин, кыйналуунун капшабында калышы мүмкүн. Же болбосо коомдун айнышынан ак эмгек менен ыймандуу жашаган адамдар оор турмушта калып, ууру-кески,  уятсыз, алдым-жуттумдар алдыга кетиши мүмкүн.

Ошол байлыкка жеткендер манчыркап кетип, көзүн май басып калбасын үчүн жакырларга окшоп ачка болуу менен кыйналгандардын абалын жон тери менен сезип ыйман-ызаат жолуна түшсүн деп ыроологон кебелбес жөрөлгө катары сыпатталып келген.

Кыргыз элинин алмустактан бери келаткан алтындай уюган, мезгил сыноосунан, чар тарабынан нур чагылган алмаздай жышылган нарк-нускасы бийик тарбия-таалимдик жөрөлгөсү бар - бул жаатта жакшы эле арбын сөздөр айтылып, адабияттар жарык көргөн. Ошолордон Алай элине мүнөздүүлөрүнөн азыноолак кеп курсам;  “урууңду уятка калтырба, ата-энеңди намыска калтырба” деген таарипи нуска “коммунизмдин моралдык кодексинен”  он эсе кубаттуу таасир берген, айрыкча жаштарды жаман жолдон арачылаган мыкты нуска болуп келген  “Адилеттүүлүккө таянган адамгерчилик” дешип шүгүр келтиришкен.

 Ооба! Инсандык эң жогорку ырахат бул - адамдардын жүз көрүшүп, аңгеме, сухбат курушуп, маектешип, көңүл черин жазып, ички күдүктүү ойлорго чыланган “күмөндүү кирлерден”  арылып, “акыл оошот, ак ниет жугушат” болуп, дили агарып,  жан дүйнөсү жаркын максаттарга бөлөнүүсү болгон жана боло бермекчи!

Муса Сапаев

 

 

Окулду 1538 жолу