Версия для печати
Понедельник, 12 Июнь 2017 03:18

Масондук ложа: миф жана реалдуулук чектери

Масончулуктун легендалык тарых-таржымалы айрым бир жазуучуларда тээ  алмустактагы Адам ата дооруна чейин барып такалса, экинчилеринде  масондордун  боордоштук  биримдиги Соломондун храмын куруп башташкан мезгилди кошо камтыган. Жупунураак изилдөөчүлөр масончулуктун тамырын пифагорчулардан, биринчи христиандардан же тамплиерлерден издешкени да белгилүү. XIX кылымдын так ортолорунда гана изилдөөчү Клосс масондук  ложа орто кылымдардагы курулуштук артелдердеги эркин таш кыноочулардын боордоштук биримдигинен пайда болгонун  аныктаган.

Англис тилинен которгондо ложа театр же башка оюндар көрсөтүлүүчү  имараттын бир же бир нече киши отурууга ылайыкташтырылган жана башкалардан бөлүнгөн бөлмө-жайы болуп эсептелет. Ал эми ошол эле англис тилиндеги  «стонмасонз лоджиа» сөзү кыргызчага «курулуштук чеберкана» деп которулат жана   масондор өзүлөрүнүн жыйындарын өткөрүүчү орун, жайларды билдирет.

Масондук ложа жайгашкан жер Чыгыш деп аталат. Орто кылымдардагы диний түшүнүк боюнча алганда,  Чыгыш жаңыланып туруунун (чыгуунун), ал эми Батыш батуунун жана бүтүүнүн символдору катары каралат.  Ложаны  көп учурларда храм деп да коюшат.

Масончулуктун негизги уюштурулма бирдиги болуп ложа эсептелинет. Ар бир жаңы түзүлгөн  уюм улуу ложадан патент алууга тийиш жана ал патент масончуларга чогулууга жана иш-аракеттерин жүргүзүүгө укук берет.

Ложанын жыйындары жана мүчөлөрү

Масондордун негизги жумушу жыйындарды өткөрүп туруусу аркылуу мүнөздөлөт. Масондук ложа регулярдуу түрдө  туруктуу бир жайда жана күн мурунтан белгиленген датада жыйындарын өткөрөт. Ал өз мүчөлөрүн жана офицерлерин шайлайт, кабыл алат жана өркүндөтөт: өз мүлктөрүн жана буюм-тайымдарын көбөйтөт жана тескеп-башкарат, өзүнүн «храмына» ээ чыгуусу, ижарага алуусу же берүүсү, биргелешип пайдалануусу да мүмкүн.  Ишмердүүлүк формасы, жол-жобосу жана  активдүүлүктүн деңгээли ар бир ложа үчүн индивидуалдуу деп эсептелет.

Туура негизделген гана ложада кабыл алынган адам масон болуп калат жана өзүнүн каалоосу боюнча ар кандай эле дос жана тилектеш ложалардын ар кайсыл жыйындарына катыша алат.  Катышуу үчүн ал адегенде ложанын  регулярдуулугун текшерип, андан соң ошол ложага өзүнүн регулярдуулугун далилдеп көрсөтүүсү керек. Тиешелүү ложадагы гармонияны бузуусу ыктымал деп табылса, аны ложада кабылдабай коюу укугу да бар.  Эгерде, ал  бир эле ложанын жыйындарына туруктуу барып турган болсо, анда ага ошол ложага өтүүгө жана мүчөлүк акы төлөп турууга укук берилет. Атайын изилдөөчү ложалар да бар. Аларга масончулуктун тарыхын, философиясын жана башка өңүттөрүн изилдөөчү мастер масондор гана мүчө боло алышат. Изилдөөчү ложалар бардык жагынан толук ыйгарымдуулукка ээ, бирок жаңы талапкерлерди кабыл  алышпайт.

Иоанндык,  Андреевдик жана кызыл ложалар

 Иоанндык же символикалык (көк түстүү) ложалар өзүнүн сактоочусу  Иоан Крестителдин ысмы менен аталат жана бүткүл масончулуктун базалык негиздерин камтыйт. Бул ложалардагы жумуштар окуучу, мастердин жардамчысы жана мастер деп аталган градустарда (даражаларда) жасалат. Бирок,  кабыл алуудагы даражалардын кандай градуста экендигине карабай, бардык масондор абсолюттук түрдө тең укуктуу бир туугандар деп эсептелет жана ложадагы бардык чечимдер алар тарабынан коллегиалдуу кабыл алынат. Ложанын башчылыгында  ложанын мастери же стулдун мастери деп аталган ардактуу мастер турат.

Ыйык Андрейдин же жашыл түстөгү ложасында шведдик устав жетекчиликке алынат жана ошол эле окуучу, мастердин жардамчысы жана мастер даражаларын өтөө 4 төн 6 га чейинки баскычтагы Андреевдик ложанын кошумча даражалары менен бирге ишке ашырылат.

Байыркы жана шотландык устав менен  иш алып барган кызыл ложадагы масондор үчүн кийинки 30 толуктоочу градустарда өзүлөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү  берилген. Бирок, градустун өлчөмүнө карабастан, бардык масондор  бири-бирине бирдей деңгээлде мамиле жасашаары жана ар кандай эле иерархия масончулукка жат көрүнүш экендиги айтылып өтүлдү.

Масончулуктун тарыхынан

Масончулук же франкмасонство 1717-жылы жашыруун коом түрүндө пайда болгону айтылат. Масончулуктун этикасы жана философиясы монотеисттик динге, эркин таш кыноочулардын байыркы конституциясына, алардын регламентине, статустарына жана түзүлүштөрүнө таянат. «Масон» же «франкмасон» сөзү сөзмө сөз котормосунда «эркин таш кыноочулар» дегенди билдирет.

Орто кылымдардагы Европада эркин таш кыноочулардын артели болгону туурасындагы эң  алгачкы маалымат 643-жылга таандык болуп, анда Лангобарддык король Ротаринин эдиктери (мыйзамдык актылары) эскерилет. Батыш Европалык готика стилинин доорунда үлкөн чиркөөлүк курулуштарды тургузуу айрым учурларда жүз жылдарды өз ичине камтыгандыгы белгилүү. Бул жылдардын аралыгында курулуштарда эмгектенген жумушчулар жана курулуштарга жакын аймактарда жайгашкан сүрөтчүлөр (алардын жарак-жабдыктары өзүнчө барактарда ( англисче- «лоджияда» сакталган) бара-бара тыгыз байланышта боло баштаган. Бул жамаатчылыктар убакыттын өтүшү менен цехтик уюмдар формасын кабыл алышып, мүчөлөрүнүн өз ара мамилелерине байланышкан эрежелерди жана жүрүм-турум нормаларын иштеп чыгышкан. Ошону менен бирге эле жолдоштук турмуштун ар кандай окуялары үчүн белгилүү церемониялар жана ырым-жырымдар да кабыл алынган.

Он жетинчи кылымдын агымында Европадагы курулушчулардын жолдоштук артелдери  басаңдоо мезгилине туш болот жана он сегизинчи кылымдын башталышына карай готикалык соборлорду куруу иши менен кошо жашоосун биротоло токтотот. XVII кылымдын соңку жылдарында артелдик ложага король Вилгельм Yчүнчү Оранский киргендигине байланыштуу, таш  кыноочулардын ремеслосу «Королдук искусство»  деген аталышка ээ болгон.  Мына ошол  мезгилдерде эркин таш кыноочулардын билимдүү өкүлдөрүндө кайсыл бир маанисинде филантропиялык мекемеге окшоп кеткен куруучулар жолдоштугунун тышкы кабыгын максаттуу пайдалануунун, тактап айтканда ага жаңы өмүр берүүнүн,  жалпы алдамдык сүйүүнү түзүүнүн  жагымдуу  ой-пикири жаралгандыр  деп болжоого негиз бар.

«Жашыруун коомбу же жашыруун сыры бар коомбу?»

Масончулукту көбүнчө жашыруун коом деп жүрүшкөнү менен, масондор өзүлөрү ага оңдоо киргизип,  кайсыл бир тараптары приваттык же жашыруун сыр катары кабылданган эзотерикалык коом деп айтуу туурараак деп белгилешет. Таркап кеткен учкул сөздөргө  кулак төшөсөк, анда XXI кылымдагы франкмасончулук  «Жашыруун коомго» караганда  «Жашыруун сыры бар коомго» көбүрөөк окшошуп баратат. Азыркы франкмасончулуктун приваттык аспектилерине  ритуалдык элементтерди  алардын мүчөлөрүнүн арасынан табуу жана аныктоо кирээри айтылат. Масондук уюмдардын ар түрдүүлүгүнө карабастан, кайрымдуулук жана адеп-ахлактык жактан өркүндөтүүчүлүк  аракеттери масончулуктун эң башкы ишмердүүлүктөрүнүн негизги көрсөткүчтөрү  бойдон калууда.

Масондор өз жыйындарын адатта ритуалдык формада өткөрүшөт. Бирдиктүү масондук ритуал жок жана ар бир улуу ложа өзүнүн гана ритуалын эркин орното алат же  орнотуудан баш тартат. Бирок,  масондук ложалардын ритуалдарынын ортосунда окшоштуктар  бар. Мисалы, бардык масондук ритуалдарда орто кылымдардагы оперативдик таш кыноочулардын аспаптарынын архитектуралык символизми пайдаланылат. Франкмасондор спекулятивдик таш кыноочулар катары  (башкача айтканда, реалдуу эмес,  философиялык курулуш менен алектенгендер) адеп-ахлактык жана этикалык сабактар  үчүн боордоштук сүйүү, жардам жана чындык же Францияда кабыл алынгандай, эркиндик, теңдик, бир туугандык символизмин колдонушат. Эки негизги символикалык аспап ложада дайыма турат. Алар: циркуль жана түз бурчтук  (наугольник).  Кээ бир ложалар жана ритуалдар бул аспаптарды жүрүм-турумга сабак катары түшүндүрүшөт. Мисалы, масондор өз аракеттерин жакшылыктын түз бурчтугу менен  текшерип көрүп жана өз  каалоолорун кармоого жана өз кумарын бүткүл адамзатка тиешелүү ички чекте сактоого үйрөнүүгө тийиш. Арийне, масончулук догматикалык көрүнүш болбогондуктан,  бул аспаптардын (же  масондук  кандайдыр бир символунун) баарына бирдей делинген жалпы интерпретациясы жок. Адеп-ахлактык бул сабактар аллегориялык ритуалдар мезгилинде окутулат.

(уландысы бар)

Абдираим Мамытов

 

 

Окулду 1519 жолу