Версия для печати
Понедельник, 19 Июнь 2017 03:23

«Аймактык болуп өзгөрүү менен чоң жоопкерчилик жүктөлдү»

Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы учурда Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы деп аталып калды. Башкармалыктын аталышынын өзгөрүлүшү эмнеден улам болду, кандай кошумча функциялар жүктөлдү, бул боюнча мекеменин жетекчиси Ажимурат Жолдошов маалымат берди.

«Облустук архитектуранын милдетин эми биздин башкармалык аткарат»

- Азыркы мезгилде башкармалыкта 10 бөлүм бар. Анда 1 башкы адис, 1 сектор, юрист, кардарлар боюнча инспектор, эки жетектөөчү адис жана башчынын эки орун басары иш алып барат. Жалпысы 84 адам эмгектенет. Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талабына ылайык Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы болуп өзгөрдү. Буга байланыштуу облустук архитектуранын милдети биздин башкармалыкка жүктөлдү.

«Курулуштарга  уруксат берүү милдеттемеси жүктөлдү»

- Биздин башкармалык мурун архитектура жана курулуш башкармалыгы болчу. Мурда бизге курулуштарды көзөмөлдөө функциясы да кирчү. Андан кийин мыйзамдар өзгөрүп, мыйзамга толуктоолор кирип, мамлекеттик агенттиктин курамынан  көзөмөлдөөчү орган бөлүнүп чыгып, мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясы түзүлгөнүнө байланыштуу архитектура кызматына жалаң гана уруксат берүү милдеттенмеси жүктөлдү. Биздин башкармалыктын азыркы функциясы курулушка уруксат берүү, жеке тараптардын идеясын кабыл алуу, эскиздик чиймесин көрүү, ошондой эле Ош шаарынын башкы планын реабилитациялоо. Анткени, башкы план 2016-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 160-токтому менен бекиген.

«Ош шаарынын башкы планы бекиди»

- Башкы планы жок шаар бул - өнүкпөгөн шаар болуп эсептелет. Ош шаарынын башкы планын бекитүүдө Айтмамат Тентибаевич бизге абдан чоң колдоо көрсөттү. Мурда башталып, бүтпөй келе жаткан башкы планга кошумча келишимдерди түзүү менен акча каражатын чечип берди. Ошонун негизинде башкы пландын авторлору менен иш алып барып, башкы планды 2016-жылдын март айында бекитүүгө жетиштик.

Аймактык болуп өзгөрүү менен башкармалыкка чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Апрель айынын аягында жер көчкүлөр болду. Көчкү болгон аймакта жашаган адамдар кайсы жакка көчүп чыгат, кандай шарттар түзүлөт, бул боюнча толук түрдө биздин башкармалык иш алып барды. Мындан сырткары Чоң-Алай районунда жер титирөө катталып, анын кесепетинен үйлөр жараксыз абалга келген болчу. Yйлөрү жабыркаган элди суук түшкөнгө чейин турак-жай менен камсыз кылуу максатында жеңил үйлөрдүн долбоорун иштеп чыгуу маселеси турду. Учурда бул маселелер кызматкерлер тарабынан тиешелүү деңгээлде чечилип жатат.

«Июльайында 4 курулушпайдалануугаберилет»

- Өзүңөргө белгилүү болгондой, июль айында 4 курулуштун ачылышы күтүлүүдө. Өлкө боюнча Ош шаары өнүгүү жолуна түшүп, курулуш темпи абдан жогору болуп жаткан убагы.

Сай-Бою көчөсүндөгү курулушту куруу идеясын көтөрүп, калаа башчы Айтмамат Тентибаевичке киргенмин. Ал киши биздин идеябызды колдоп, каражат маселесин чечип берген. Былтыркы жылдан баштап Сай-Бою көчөсүнө вело жол, төтө жол курулууда. Бул дагы Айтмамат Тентибаевичтин колдоосу астында болуп жатат. Yчүнчү көпүрөнүн курулушу да ошол  жерге туш келип калды. Буюрса, бул көпүрө да ачылуу алдында турат.

 Сай-Боюндагы курулуштардан сырткары Айтмамат Тентибаевичтин идеясы менен ошол көпүрөнүн жанына көргөзмө аянтчасы (подиум) курулганы жатат. Аты айтып тургандай эле бул көргөзмө аянтчасында ар кандай маданий көргөзмөлөрдү өткөрүүгө болот.

Бексултан Нуркамил уулу

 

 

Окулду 1393 жолу