Версия для печати
Понедельник, 14 Август 2017 03:59

Гүл жыттанган, гүлгө оролгон Ош

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери  жаңы гүлдөрдү отургузуп, калаабызды кооздукка бөлөгөн учуру. Бул тапта эгилген гүлдөр түркүн-түстүү болуп ачылып, жолдорду көркөмдүккө чулгаган убагы. Аталган комбинат шаарга гүл отургузарда алдын ала иш үстүнө чогулушуп, шаардагы аймактык кеңештер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Аймактык кеңештердин кайсы аймагына кандай көчөт эгилерин, кандай гүлдөр отургузуларын талкуулашат.

Бул тууралуу комбинаттын кызматкери Иманбек Советбеков буларга токтолду:

- Шаардын кайсы аймактарына кандай типтеги өсүмдүктөрдү отургузарыбызды аймактык кеңештин кызматкерлери менен макулдашабыз. Алар кайсыл жерде эмне жок экени жөнүндө бизге маалымат берет. Анын негизинде биз жумушчу күчүн түзүп, аталган аймактарга гүлдөрдү, көчөттөрдү эгебиз.

Сейил бактарга эгилген гүлдөр

Буга чейин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты шаардагы Раззаков, Жеңиш парктарын реконструкциядан өткөрүшүп, сейил бактарды гүлдөргө бөлөгөн эле. Бул жаатта дагы алгылыктуу иштер жасалып, Раззаков эс алуу багына львиный зев, астра, агератум, цинния, рудбекия, канн, сальвия, тагетес гүлдөрү эгилип кооздукка бөлөндү. Ал эми Жеңиш паркына виола, вербена, канн, львиный зев, цинния, георгина гүлдөрү отургузулган. Мындан сырткары Алымбек Датка этнографиялык комплексине герань, салвия, георгина, рудбекия, хлорофитум, цинния, агератум гүлдөрү эгилген.

Күн сайын сугарылат

Сейил бактардан сырткары аталган комбинат Ы. Монуев көчөсүнө  канн, рудбекия тибиндеги гүлдөрдү эгип,  чарбалык кызматкерлери тарабынан күн сайын сугаруу, отоо иштерин жүргүзүшөт. Ошондой эле Ленин көчөсү менен Масалиев проспектисин бириктирип туруучу көпүрөгө герань, тагетус гүлдөрү отургузулган.

Спорттук шаарчаны жашылдандыруу

Жакынкы күндөрү ачылуу алдында турган Сай-Бою көчөсүндөгү спорттук шаарчадагы унаа, вело жолдорунун четтерин, футбол академиясынын алдын жана оор атлетика жана бокс мектеп интернатынын алдын жашылдандыруу иштерин  аталган комбинат жасаган. 

Кошумча гүл челектер орнотулду

Бир апта мурда Масалиев проспектиси менен Нурматов көчөсүнүн жол четине жаңы гүл челектер орнотулган. Гүл челектерде сальвия, тагетус, герань, чыны гүлдөр отургузулган. Бул арада аталган көчөлөрдөгү гүлдөр кооз болуп, шаардыктардын маанайын көтөрүп турган учуру. Ал эми гүл челекке отургузулган гүлдөрдү комбинаттын кызматкерлери күн сайын атайын суу ташуучу унаа менен сугаруу иштерин жасап турушат.

Бул аймактарга эгилген гүлдөр көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын өздүк күнөсканасында өстүрүлгөн.

Бексултан Нуркамил ууулу

 

 

Окулду 909 жолу