Версия для печати
Понедельник, 14 Август 2017 04:14

“Эң мыкты базар”, “эң мыкты мейманкана” наамына сунушталгандар

Ош шаардык  мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги, мэриянын ишкерлер кеңеши “Ош шамы” гезити, ОшТВ телекомпаниясы менен биргеликте шаардагы ишкерлер арасында жылдын мыкты ишкерин тандоо максатында атайын сынак уюштурушуп, жобо кабыл алышкан.

Тандоонун жобосуна ылайык ишкана жана ишкерлер тарабынан тандоого түшкөн арыздардын арасынан ишкердүүлүк боюнча атайын наамдардын негизинде тандоо жүрүп жатканын гезитибиздин өткөн сандарында жарыялаганбыз. Төмөндө “Эң мыкты базар” жана “Эң мыкты мейманкана” наамдарына талапкер болуп жаткан ишканаларды сунуштайбыз.

“Келечек” соода борбору

Ош шаарындагы эл көп баруучу соода борборлордун сап башында «Келечек” соода борбору турат. Базар 1,7 га. жерди ээлеп, А.Навои көчөсүндөгү «Достук» көпүрөсү менен жанаша жайгашкан. Базар 2005-2007-жылдары өз ишин баштаган. Ошондон бери аталган базардан адам агымы токтобой, кызуу соода жүргөн аймак катары эсептелип келет.

Администратор Асылбек Токтомушовдун айтымында, базарда админстрация кызматкерлерин кошо эсептегенде 1000ден ашуун жумуш оруну түзүлгөн. Мындан сырткары 700 соода оруну коюлган.

Ирети менен жайгашкан

Базар 5 бөлүккө бөлүнүп, 12 катардан турат. Анда элдин муктаждыгына жароочу бардык буюмдар сатылат. Бул соода борборунан күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү азык-түлүктөрдүн, кеңсе буюмдарын, айыл-чарба шаймандарын, электр буюмдарын, зер буюмдарын, уюлдук аппараттардын, кийим-кечелердин, той көйнөктөрдүн түрүн табууга болот. Соода түйүндүн айланасында кафе, ашканалар жайгашкан. Мындан сырткары тез тамактануучу жайлар, намазкана орун алган. Унаасы менен келген адамдар үчүн 800 орундуу унаа коюучу жай ар дайым иштеп турат.

Шартына жараша соода борбор

Базарда жайгашкан соода орундарынын үстү чатырланып, астына брусчаткалар төшөлгөн. Жылдын ысык-суук мезгилдеринде соодагерлер өздөрүнүн орундуктарына жылыткыч же муздаткыч коюп алса болот. Ар бир соода орундарынын баш жагында өрт өчүрүүчү түтүктөр орнотулган. Соодагерлер соода орундуктарынын көлөмүнө карап айына 1200 сомдон 1600 сомго чейин акы төлөшөт. Төлөмдө ашыкча төлөмдөр көрсөтүлгөн эмес. Тазалыгы, коопсуздугу, орундуктун акысы жогорудагы төлөмдөрдүн ичине камтылган. 

Видео көзөмөл, коопсуздук сакчылары  күнү-түнү кызматта

Соода түйүндө видео көзөмөл кызматы, сигнализациялар жайгашкан. Мындан сырткары базардын коопсуздугун түнкүсүн администрациянын коопсуздук кызматкерлери караса, күндүзү милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт. Администрациянын коопсуздук кызматкерлери кечки саат 19:00 дөн эртең мененки 8 ге чейин 3 убак алмашып көзөмөл жүргүзүшөт. Базардын күзөт кызматынын башчысы Жакып Исраилов базарга зыян келтирген кандай гана адам болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын айтты.

«Классик» мейманканасы

Шаарыбыздын Алиев көчөсүндө жайгашкан 8 кабаттуу «Классик» мейманканасы чет жерден келген конокторго  жана жергиликтүү меймандарга жагымдуу шарт түзүп, Европадагы мейманканалардан кем калбаган орундуктары, шарты менен коноктордун алкышына татып, республикалык гезит-журналдардын тандоосу менен «Жылдын мыкты мейманканасы» наамына татыктуу болуп келет. Ош шаардык мэриясынын тандоосу менен бир ирет «Жылдын мыкты мейманканасы» наамына арзыган. 

3 жыл ичиндеги өнүгүү

Мейманкана 2014-жылдын август айында ишке берилген. Быйыл  түптөлгөнүнө 3 жыл болду. Кызмат көрсөтүү тармагы активдүү иштеп, интернет аркылуу буюртма берген чет элдик конокторду аэропорттон бекер алып келип, жеткиришет. Эгер коноктордун унаасы болсо, мейманкананын унаа коюучу жайына койсо болот. Ошондой эле wi-fi интернет кызматы орнотулган.

Иштөө тартиби

Күнү-түнү мейманкана кызматкерлери коноктордун талабын орундатат. Кафе-бары сутка бою кызматта. Коноктор каалаган убакытта мейманкананын ашканасынан тез жана даамдуу даярдалган тамактардын даамын тата алат. Кофенин бардык сортундагы даамдарын демдеп беришет. Мындан сырткары мейманканадан Европа тамактарынан улуттук тамактарга чейин даам сыза алышат.

Орундуктардын саны, кызмат көрсөтүүсү

Аталган мейманкананын менеджери Азамат Ажимуратов келген коноктордун 80 пайызы чет элдиктер, 20%ы Кыргызстандын ар башка аймактарынан келген коноктор түзөрүн айтты.

Мейманкана кызматкерлери чет элдиктерге 5 тилде – кыргыз, орус, англис, түрк, кытай тилдеринде кызмат көрсөтөт. Мындан сырткары мейманканада 45 конок үйү бар.

Кызматкерлери, кызмат көрсөтүүчү жайлары

Мейманканада официанттар, ашпоздор, сантехник, электрик, бакча жасоочулар, 2 айдоочу кызматта турушат. Алдында кичи бакча, жагымдуу үнү менен коштоп турган чымчыктар коноктордун маанайын көтөрөт.  Мындан сырткары фитнес каанасы, укалоочу бөлмө, 2 конференция өтүүчү зал, ресторан, бизнес борбору орун алган.

Буюртма алуучу түйүнү

«Классик» мейманканасы booking сайты менен кызматташат. Мейманкана аталган сайттын мейманканаларды сунуштоо бөлүмүнүн сап башында туруп, сайттын 8-8 номурун алган. Сайт аркылуу чет элдик коноктордон буюртма алып иш алып барат. Сайтта «Классик» мейманканасынын кызмат көрсөтүүсү, шарттары, кызмат акылары тууралуу маалымат алса болору көрсөтүлгөн.

Алдыдагы пландары

Ушул жылдын октябрь айында мейманкананын жанына узуну 20 м. туурасы 10 м. болгон бассейн курулушу болжолдонууда. Мындан сырткары фитнес клуб, конференция өтүүчү зал, ар кандай кечелерди өткөрүүчү жай жана мончо курулат.

Бексултан Нуркамил уулу

 

Фото С.Токонов

Окулду 1339 жолу