• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 11 Сентябрь 2017 03:37

Сарык оорусу

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Сарык оорусу

Жугуштуу сарык оорусу (вирусный гепатит) жугуштуу оорулардын бири. Айрыкча жаш балдардын арасында бул оору кеңири жайылган.

Сарык оорусу – бул боордун вирустар жана организмдеги уулуу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болгон сезгенүүсү. Бул «А сарык» оорусу же жугуштуу сарык оору деп да аталат. Бул –жөнөкөй түрүнө кирет. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот. Кирдеген кол аркылуу жана ооздон жугат. Вирустан улам боордун сезгенүүсү жугуштуу сарык оору деп аталат. Вирустук сарык оорусу жугуштуу оору болуп саналгандыктан, негизинен боордун ткандарын бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга зыянын тийгизет. Азыркы учурда 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук сарыктын А деген түрү кездешет. Сарыктын арасында А вирустук гепатити 6 жашка чейинки балдарда 90 пайызга жакыны, 6-14 жашка чейинки балдарда 50 пайызга чейинкиси болот. Бул мектептеги жана балдар бакчасындагы балдардын санынын бир имаратта көп болушу, жай, күз айларында мөмө-жемиштерди таза жууп жебегенден улам болот. Сарык оорусу ичеги жугуштуу ооруларындай эле адамдын организмине ооз аркылуу тамак-аш жегенде жана арыктардан суу ичкенде кирет. Ошондой эле айлана-чөйрөгө оорулуунун заңы менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымын- чиркейлер сарыктын таралышына жол ачып берет. Андыктан ден соолукка өзгөчө кам көрүү маанилүү. Азыркы тапта базарлардын четинде, көчөдө ар кандай тамак-аш саткандар көбөйгөн. Алардын биринде да санитардык талапка жооп бере турган кагазы жок. Демек, кайсы бир жугуштуу ооруну жугузуп албоого кепилдик жок.

Белгилери кандай болот?

Сарыкты жугузуп алгандан кийин температура 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси, көздөрү, заарасы саргая баштайт. Алгачкы бир жума аралыгында көп билинбейт. Ошондуктан көпчүлүк сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат. Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А сарык оорусу менен ооруганда температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт. Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили кармалат, бул аралыкта дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн агы саргаят, зааранын өңү кочкул тартып заңдын түсү болсо агыш  тартат. Мындай белгилер байкалса дароо ооруканага жеткирүү керек.

Тазалыкты ар дайым сактаңыз

 Сарыкты дарылаганга караганда алдын алуу бир топ оңой. Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланышта экендиги тууралуу жогоруда айтылды. Өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу талапка ылайык. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү сөзсүз түрдө тазалап жууп алып андан кийин гана пайдалануу зарыл. Эң башкысы – тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү маанилүү экендигин унутпаңыз. Балакай эшиктен ойноп келгенден кийин сөзсүз түрдө колун самындап жуудурууга көндүрүңүз.

Врач эпидемиолог:      Ашурматова Т.М.

 

 

Окулду 41196 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Абдисамат Муратов, ОшМУнун медициналык клиникасынын башкы дарыгери: “Таза иштеген дарыгер болом деп өзүмө сөз бергем” Замир Каратаев: "Балдарым деп жашоо үчүн күрөшүп жатам" »

Билдирүүлөр   

 
0 #9 Ainura 25.10.2019 16:41
Сарык менен чон киши аялдар да жугуп жабыркайбы кандай анализ алса болот
Цитата
 
 
+3 #8 Моя 25.10.2019 16:39
Сарык менен чон аялдар да ооруйбу кантип анализ тапшырып дарыласа блот
Цитата
 
 
0 #7 Баку 22.10.2019 06:10
Сарык оорусу эмчектеги балагс жукпайт деген чынбы уйдо учурда еки бала сарык болуп ооруп атышат
Цитата
 
 
+6 #6 Уланбек 11.04.2018 13:00
сарыкты узиде коруу мумкунбу айтайн дегеним боорду
Цитата
 
 
+10 #5 Gamzat_00 19.03.2018 17:47
:-? Рахмат маалыматыныздар га колду жуу эн маанилуу экен
Цитата
 
 
+1 #4 кубанычбек 27.02.2018 07:36
Мен аш поз болуп иштейм 10жыл мурун сарык оору менен оругам боорум оруп турат укамда ооруду ушул оору менен бирок адамдарга жукпайвы бул оору жооп
Цитата
 
 
+4 #3 кубанычбек 27.02.2018 07:33
Мен сарык оору менен оругам 10болду азркы убакта 19жашта мын кафеде иштейм аш бошчу болуп иним менден кийин ооруду сарык болуп азр боорум оруп турат жукпайвы адамдарга жооп сураныч жонотуп койсонуздар
Цитата
 
 
+3 #2 кубанычбек 27.02.2018 07:27
Мен ашпоз мун еми кафеде иштейм бирок мындан 10мурун сарык оору менен оругам жигарим анда мынды оруп калат анан ооруп жакшы болгондон кийин 6жылдан кийин иним ушул оору менен ооруду азр жакшы укам бирок менин боорум оруп калат тамактан жукпайвы кафеде иштейм каным 3-чыкаан корсотконумдо
Цитата
 
 
+7 #1 Зарнигор 26.02.2018 11:07
:-* ракмат конспект жазып алдым
Цитата
 
Билдирүүлөрдүн тизмесин жаңылоо
Билдирүүлөрдүн RSS лентасы

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved