Версия для печати
Понедельник, 25 Сентябрь 2017 04:01

Жапалак айылдык башкармалыгы

Ош шаардык мэриясынын Жапалак айылдык-аймактык башкармалыгы башка аймактык кеңештерден жайгашышы, чарба жүргүзүүсү жагынан бир топ айырмаланып турат. Бул жолу башкармалыктын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылабыз.

13 айылдан турат

Жапалак айылдык-аймактык башкармалыгынын курамына 13 айыл кирет. Жеринин аянты 103 чарчы км.. Жашоочулардын саны 29006,  5244 кожолук бар, калкы көп улуттуу.  Башкармалыктын аймагында калктын саламаттыгын көзөмөлдөөчү 8 медициналык пункт жана №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер  борборунун №6 филиалы жайгашкан. Калктын кирешелүү тармагы айыл чарба тармагы. Башкармалыктын жамаатында 29 адам эмгектенет. Жетекчиси Санжар Эшманов, жетекчинин орун басары Ыктыяр Бердиев.

Башкармалыктын жетекчиси Санжар Эшманов калк камын көрүүдө башкармалык кандай иштерди жасап жаткандыгы тууралуу буларга токтолду.

-  1996-жылы өлкө боюнча жер реформасы жүргөндө, биздин айылдык-аймактык башкармалыктын жерлери элге үлүш катары бөлүнүп берилген. Мамлекеттик фонддогу суулуу жерлер 313 г. кайракы айдоо жерлер 684 г. ал эми 45 г. чөп чабык жерлер. Мамлекеттик фонддун жоболору боюнча, жер кыска мөөнөткө 5 жылга чейин, орто мөөнөткө 25 жылга чейин, узак мөөнөткө 49 жылга чейин берилет деп көрсөтүлгөн. Ошол көрсөтүлгөн жоболор боюнча биз жерлерди элге бөлүштүрүп бергенбиз. Эл ал жерлерге жашылча, мөмө-жемиштерди эгишет.

«Жерлерди элге бирдей бөлүштүрүп беребиз»

- Башкармалыкка караштуу мамлекеттин фондундагы жерлер элге ижарага берилет. Суу жетпеген жерлердин 1 гектарынын ижара акысы жылына 2000 сомдон. Суу барчу жерлерге жылына 4-5 миң сомдон төлөшөт. Бирок жер тартыштык маселеси бар. Суулуу жерлерди жашоочулардын санына карап 5-10 сотыхтан бөлүп беребиз.

«Быйыл эки эсе көп түшүм алдык»

- 2016-жылы планда көрсөтүлгөн иштер толугу менен аткарылды. Биздин башкармалык калк менен тыгыз иш алып барат. Элдин колундагы мал жандыктардын дени сактыгын көзөмөлдөө, мал жандыктарын жугуштуу ылаңдарга каршы дарылоо боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү биздин милдет. ӨКМ, айыл башчылары менен биргеликте сел коркунучу туулган жерлер боюнча иш алып барабыз. Айылдагы жерлерге мониторинг жүргүзөбүз. Сел коркунучу туулган жерлер болсо тиешелүү чараларды көрөбүз. Элге колубуздан келишинче шарттарды түзүп беребиз. 2016-жылы планда көрсөтүлгөн иштер толугу менен аткарылып, 2017-жылга көрсөтүлгөн иштер өз нугунда жүрүп жатат. Быйыл жамгыр көп жаап, кайракы жерлерге эгилген кылкандуу өсүмдүктөрдүн түшүмү жакшы болду. Жылда кайракы жерден 1,5 центнер түшүм алынса, быйыл 2,5 центнерден түшүм алынды. Мындан сырткары оруп-жыйноо мезгили жакшы болуп, элдер мал жандыктарына чөп жыйнап алышты. Учурда жүгөрү жыйноо мезгили башталды. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл жүгөрүнүн түшүмү да жакшы болду. Жакында 2018-жылга жерлерди даярдоо иштери башталат. Калктын колунда 46 трактор бар. Биз айыл башчылар аркылуу алар  менен сүйлөшүп, тракторлорду айдоо иштерине даярдайбыз. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо үчүн 6 комбайн бар.

«Мэрия бизге жакшы көңүл бөлүүдө»

- Былтыр шаардык мэриянын каржылоосу менен 5-6 км. жолго асфальт төшөлдү. Быйыл да бир топ иштер жүрүп жатат, мисалы, Качыбек айылында, Кеңештин Соколок учаскасында асфальт төшөө иштери аягына чыгып калды. Мындан сырткары мэрия тарабынан Ош-Ноокат жолунан Ош-Араван жолуна чейин 9 км.  жолго түнкү чырактар орнотулду.

Бизде мурун таза суу көйгөйү жаралчу, учурда ал маселе да чечилген. Калкыбыз саат-сааты менен таза суу алып турушат. Буюрса, кошумча суу кампалары бүтүп калса биздин айылдык-аймактык башкармалыктын эли толугу менен таза суу менен камсыз болот. Биздин башкармалык үчүн бир топ ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Алсак «Газпром» ишканасы тарабынан азыркы тапта газ куурлары тартылууда. Буюрса, Жапалак эли  2020-жылга чейин газ менен толук камсыз болуп калат.

Кадырбек Уларов, башкармалыктын башкы адиси:

«Быйыл түшүм мол болду»

- Илгертен эле Жапалактын эли шаарыбыздын базарларын мөмө-жемиш, жашылча-жемиштер менен камсыздап келген. Учурда да бул иштер уланууда. Биз айыл башчылары жана аппарат жетекчилери менен биргеликте штаб түзгөнбүз. Дыйкандарды чогултуп, аларга айыл  чарба багытында кеңештерди берип, жер иштетүү боюнча жаңы ыкмаларды үйрөтөбүз. Ошонун негизинде элдер жерлерине тиешелүү жашылча-жемиштерди эгишет. Натыйжасы жаман эмес, быйыл түшүм мол болду. Жазгы түшүм да, күзгү түшүм да жакшы.

Дыйкан демекчи, айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу максатында быйыл «Айыл банк» менен биргеликте дыйкандарга семинар уюштурдук. «Айыл банктын» кызматкерлери дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүгө даяр экенин айтышты. 

«Күнөсканалардын саны жылдан жылга көбөйүүдө»

- Жылдан жылга элибиздин жашылча-жемиштерди өстүрүүдөгү тажрыйбалары артууда. Бул тармактын пайдалуу экенин билип, жылдын суук айларында да жашылча-жемиштерди өстүрүү боюнча иш алып барышып күнөсканаларды курушкан. Мисалы 2015-жылы 1,5 гектар жерде күнөсканалар бар болсо, 2016-жылы алардын саны эки эсе өсүп 3 гектар болду. Учурда 5-6 гектар аянтты ээлеген күнөсканалар бар.

Эрте жазда капуста, помидор, бадыраң жана башка жашылчаларды күнөскана ээлери базарга алып чыгышат. Ушул күнөсканалардын эсебинен ээлери киреше булагын чыңдап алышты. Күнөсканаларды куруу түйшүгү оор, бирок куруп бүткөндөн кийин пайдасы жакшы боло тургандыгы бүгүнкү күндө белгилүү болуп калды. 

Бексултан

 

Нуркамил уулу

Окулду 1735 жолу