Версия для печати
Понедельник, 25 Сентябрь 2017 04:13

Ошто "YUG-Stroy" жана " YUG-Energy 2017" жарманкеси уюштурулду

19-21-сентябрда Ош шаарында төртүнчү адистештирилген "Курулуш - YugStroy 2017» жана "Энергетика жана жарыктандыруу - YugEnergy 2017» көргөзмөсүнүн расмий ачылуу аземи болду. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махамадов, КРнын өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Бактыбек Курманалиев, "BiExpo”ЖЧК көргөзмө компаниясынын жетекчиси Виктор Линовицкий, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана жеке ишкерлер келип катышты.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров акыркы учурларда Ош шаарында түрдүү жарманкелер өтүп, ага чет мамлекеттерден, кошуна өлкөлөрдөн ишкерлер келип, бизнести өздөштүрүп жаткан ишкерлер менен тажрыйба алмашып жаткандыгы жакшы жышаан экендигин белгилеп өттү.

“Ош шаарынан Улуу Жибек Жолу өткөн, батыш менен чыгышты, түндүк менен түштүктү бириктирген, соода-сатык жүргөн шаарлардын катарын толуктайт. Андыктан бир нече мамлекеттен келген ишкерлердин башын бириктирген 3 күндүк жарманкеге ийгилик каалайм. Жеке ишкерлер тажрыйба алмашып, келишимдер түзүлсүн. Курулуш, жарыктандыруу багытында Ош шаарынын мэриясы тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Учурда жарыктандыруу багытында кызуу иштер жүрүп, Керме-Тоо аймактык кеңешинде көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун жарыктандыруу долбоору ишке ашып жатат. Бир жарым айдын ичинде шаардагы бардык көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун, балдар аянтчаларын жарыктандырып бүтөбүз. Электр энергиясын үнөмдөгөн, сапаттуу чырактарды сатып алууда дал ушундай жарманкелерге катышкан компаниялардын жардамы чоң ”,- деди З.Аскаров.

Белгилей кетсек,"YugStroy 2017” көргөзмөсү өзүнө "Курулуш жана интерьер, жылытуу жана желдетүүнү, терезелерди, эшиктерди, фасаддарды” камтыган түштүк региондогу курулуш индустриясындагы эң маанилүү жана олуттуу көргөзмө долбоору болуп эсептелет. Ал эми "Энергетика жана жарык берүү” багытын көрсөткөн "YugEnergy” көргөзмөсү үйлөргө, короолорго жарык берүү, жылытуу жана терможөнгө салуу жаатындагы алдыңкы технологияларды камтыйт.

 

Жарманкеде Беларусь, Германия, Казакстан, Канада, Кытай, БАЭ , Россия, Түркия, Украина, Чехия жана Түштүк Корея сыяктуу 12 өлкөдөн келген, 35тен ашуун компаниялар өз продукцияларын жергиликтүү керектөөчүлөргө тааныштырышты.

Окулду 1157 жолу