Версия для печати
Понедельник, 02 Октябрь 2017 05:17

Элвиза Нарынбаева, №2 Карл Маркс орто мектебинин директору: «Мугалимдик - кесиптердин пайгамбары»

- Мен ОшМУнун кыргыз тили жана филологиясы факультетин аяктагам. Карл Маркс атындагы орто мектепте 2010-жылдан бери иштеп келем. Директорлук кызматты аркалаганыма 2 жыл болду.

Атам жеке ишкер, апам мугалим. Ошондонбу, мугалимдик кесипке кызыгуум жаштыгымдан эле бар. Жаштайымда бир бөлмөгө кирип алып сабак өтө берчүмүн. Оюмда бөлмөдөгү балдарга сабактарды түшүндүрүп, алардан тапшырма сурап, баа коюп.. ушундай укмуштуудай жоруктарым бар эле (күлүп). «Жаштын тилегин берет» дейт. Ошол сыяктуу жаштыгымда эңсеген, өзүм сүйгөн кесиптин ээси болдум. Бир чети бул кесипти аркалаганыма сыймыктанам. Бул кесип  ары түйшүктүү, ары олуттуу кесиптердин бири. Кесиптердин пайгамбары десем да болот. Ушундай кесипти аркалап жатканыма кубанам.

« Жараткан мени балдарга арнап мугалимдик кесипти берсе керек…»

 

-  Мугалим күн сайын изденип, анын ар бир сабагынан окуучу өзүнө пайда алыш керек. Мен күн сайын мугалимдерге тийиштүү материалдарды окуйм. Бүгүнкү сабак бүттүбү, эртеңки сабакка даярдана баштайм. Кээде  эмне үчүн мен мектепте иштеп  жүрөм деген суроо туулат. Өзүмө дипломат болсом, юрист болсом болбойбу деген ойлор келет. Бирок, баары бир көөдөнүмдө мугалимдик сапат калыптанып калыптыр. Эгер мен юристтик кесипти окусам деле, өзүмдү мугалимдик кесипке даярдамакмын. Бул кесиптин ушундай жагы бар, башка кесиптен айырмаланган, башка тармакта иштеп кетүү кыйын. Балким, мектептеги балдардын мугалимге болгон сый-урматынанбы же башкаданбы,  айтор башка кесипке өтүп кетүү деген ой келгенде эле, ушул кесип мурдагыдан да өзүнө тарткансый берет. Балдардын жан дүйнөсү ушунчалык таза болот дейсиз, окуткан сайын окуткуң, көргөн сайын көргүң келе берет. Алардын «саламатсызбы эжеке» деп салам бериши менин жашоомдун маңызына айланган. Кайсы мектепте мугалим менен окуучулардын ортосунда жылуу байланыш бар болсо, ошол мектептин мугалимдери чыныгы адискөй инсандар деп билем. Балдардын урмат-сыйы үчүн дагы, алардын жан дүйнөсүнүн тазалыгынан дагы, Жараткан мени аларга арнап мугалимдик кесипти берсе керек деп ойлоп калам.

Окулду 4005 жолу