Версия для печати
Понедельник, 09 Октябрь 2017 04:04

3017 жашың кут болсун, Ошум…

4-5-октябрь күндөрү Ош шаарынын 3017 жылдыгы салтанаттуу белгиленди: спорттук мелдештер уюштурулуп, жез таңдай акындар айтышы болду. Аз камсыз болгон жана аярлуу катмардын балдарына калаа башчысы А.Кадырбаев тарабынан белектер тартууланды. А.Кадырбаев 5-октябрь күнү Ош шаары менен кызматташкан башка өлкөнүн шаарларынан келген өкүлдөрдү кабыл алды. Меймандар шаар күнүнө карата куттуктоолорун арнашты. Борбордук аянтта сахналаштырылган концерт конокторго тартууланып, айыл  чарба техникаларынын көргөзмөсү болуп, күзгү мөмө-жемиштердин жарманкеси менен коштолду. И.Раззаков эс алуу багынын ачылышы да бул күнгө туш келди..

Ош шаарынын күнүнө арналган иш чара 4-октябрь күнү «Баарына бир дүйнө» аттуу кайрымдуулук акциясы менен башталды. Ага калаа башчы Айтмамат Кадырбаев жана Түркиянын Амасия шаарынан келген өкүлдөр катышты. Акцияга алтымыштан ашуун аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган.  Иш чара «Нур» кинотеатрында болуп, анда шаар мэри А.Кадырбаев балдардын келечегине кам көрүү ар бир ата-эненин милдети экенин белгилеп, мындай кайрымдуулук акциялары жыл сайын улана берерин кошумчалады.

Аталган акция Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулуп, бир күн кечке балдардын маанайын көтөрүштү.

Андан соң «Коңурат» спорттук комплексинде «Атам, апам жана мен-ынтымактуу үй-бүлө» аттуу спорттук мелдеш башталды. Ага биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров жана  Түркия өлкөсүнүн келген коноктор катышышты. Мелдеште 4 үй-бүлө  өз ара спорттук жарыштарды өткөрүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. З.Аскаров белек тапшырып жатып, дени сак улут күчтүү мамлекет экенин, үй-бүлө бекем болсо, мамлекет бекем болот деген пикирин билдирди.

№52 орто мектепте шаарыбыздагы мектептер аралык «Баарыбыз бирге» аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу болуп өттү. Сынакта окуучулар жана мугалимдер тарабынан ыр, бийлер аткарылып, жеңүүчү болгон мектептер баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул күнү шаар күнүнө арналган иш чаралар ак таңдай төкмө акындардын айтышы менен аяктады.

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында төкмө акындардын айтышы болду. Айтышка КРнын эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, КРнын эл акыны Рахматтула Козукеев , КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдылда Нуралиев, акын Жыпар Арзымаматова, төкмө акын Калык Сатимкулов, төкмө акын Шайырбек Тургунбаев, ырчы, обончу, төкмө акын Абдибали Акимбеков, маданияттын мыктысы Мамел Исраилов  катышышты.

Төкмө акындар Сулайман-Тоо, Ак-Буура, байыркы калаа тууралуу даңазалашып, Ош шаарынын күнү менен куттукташты.

Жыйынтыгында калаа башчы төкмө акындык касиет казак-кыргызда гана бар экенин, акындар элдин жарчысы болуу менен бирге, калкты ынтымакка, биримдикке үндөөрүн жана табиятынан чечен болгон акындардын шаар күнүнө арналган саамылыкка катышып жатканына ыраазы экенин белгилеп, чыгармачылык ийгилик каалады.

Ошондой эле мэр айтышка катышкан ар бир акынга 15 миң сомдон акча тапшырып, айрым акындарга 30 миң сомдон  ыйгарды.

Ош шаарынын 3017 жылдыгына арналган салтанат

Борбордук аянтта Ош шаарынын 3017 жылдыгына арналган салтанат болду. Салтанатка Айтмамат Кадырбаев, шаардык Кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Байыш Юсупов, бир катар өлкөлөрдүн шаарларынын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө А.Кадырбаев Ош шаарынын байыркы шаарлардан экенине токтолду.

- Батыш менен Чыгышты бириктирип турган Ош шаарына бүгүн 3017 жыл толду. Ушул 30 кылымдан ашык убактан бери Ош шаары канчалаган цивилизацияны баштан өткөргөнү тарыхтан белгилүү. Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн кылым карыткан тарыхы бар калаанын майрамы,- деди мэр.

Шаардык Кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов салтанаттын катышуучуларын куттуктап, шаарда көп улуттун адамдар жашарын, кылымдардан бери келе жаткан Ош берекелүү жер экенин, ар дайым элде биримдик, ынтымак болушун каалады.

Андан соң шаар күнүнө арналган салтанат башталды. Шаардагы мекеме-ишканалалардын кызматкерлери параддан өтүштү.Сахналаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, түрдүү улуттардын бийлери тартууланды. Ош шаары жөнүндө ырлар ырдалды.

А.Кадырбаев боордош шаарлардан келген өкүлдөрдү кабыл алды

 Ош шаарынын күнүнө чакырылган расмий конокторду калаа башчы Айтмамат Кадырбаев кабыл алды.

Ош шаарынын күнү менен куттуктоо салтанатына РФнын Оштогу башкы консулу Роман Свистин, Казакстандын Оштогу элчиси, РФнын Новосибрск облусунун Калинин райондук администрациясынын өкүлү Ш.Герман, Түркиянын Амасия жана Йозгат шаарларынын вице-мэрлери, Өзбекстандын Андижан шаарынын өкүлү, Тажикстандын Худжант шаарынын өкүлү катышты.

Өз сөзүндө А.Кадырбаев Ош шаарынын күнүнө келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, аталган шаарлар менен Ош шаарынын өз ара мамилелери мындан ары да арта берүүсүнө тилектештигин билдирди.

Коноктор өз кезегинде шаар күнү менен куттукташып, ар тараптуу достук мамилелерге даяр экендиктерин билдиришти.

«Ош Агро-II» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү

Майрамдык салтанаттан соң А.Кадырбаев баштаган топ «Өчпөс от» мемориалдык коплексинин жанында коюлган айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнө катышышты. Көргөзмө «Айыл-Банк» ААКнын колдоосу менен уюштурулуп, дан, чөп, жер айдоочу техникалар көргөзмөгө коюлган.

Мэр А.Кадырбаев көргөзмөнүн максаты дыйкандарды колдоо болуп саналарын жана кандай багытта иш алып барса болорун, ошондой эле көргөзмөгө коюлган айыл чарба техникаларынын мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин баса белгилеп өттү.

Ага улай «Күз берекеси» аттуу айыл чарба товарларынын жарманкеси болду. Ага калаа башчы баштаган коноктор да күбө болушту. Жарманкеге күз мезгилинде бышып жетилүүчү жер-жемиштер, бал, сүт азыктары коюлду.

И.Раззаков эс алуу багы пайдаланууга берилди

Ушул күнү Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу багы пайдаланууга берилди. Ага мэр Айтмамат Кадырбаев, шаардык мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Өз сөзүндө калаа башчы акыркы үч жылда Ош шаарындагы сейил бактардын 90%ы реконструкциядан өткөндүгүн, 2018-жылы Ош шаарынын күнүнө Т.Сатылганов эс алуу багын да пайдаланууга берүү планда бар экенин айтты.

И.Раззаков багынын жалпы аянты 21998 чарчы метр. Жалпы сметалык баасы 14, 0 млн.сом, тендердик баасы 8 421 000 сом. Аталган паркты реконструкциялоо үчүн Ош шаарынын мэриясы 5 371 562 сом бөлүп берген, ал эми «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси тарабынан 850 000 сом бөлүнсө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2 млн.сом акча каражаты жумшалган.

Айта кетсек, акыркы үч жылдын ичинде 10 го чукул эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп шаардыктарга тапшырылган. Алар “Жеңиш”, “Ата-Түрк”, “Космонавттар”, “Семетей” жана башка эс алуу жайлары.

Гала концерт

 С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында эстрада жылдыздарынын коштосунда гала концерт өттү. Концерттин башталышында Ош шаардык мэриясынын аткарган иштери тууралуу видео баян көрсөтүлдү.

Эстрада ырчылары  Омар, «Nonstop» дуэти, Аяна Касымова, Самара Каримова, Айпери Кулбаева өңдүү бир катар ырчылар эс алганы келген шаардыктарга көңүлдүү маанай тартуулашты.

Бексултан Нуркамил уулу Фото С.Токонов 

 

 

Окулду 1055 жолу