Версия для печати
Понедельник, 23 Октябрь 2017 04:22

«Ошту экинчи борбор деп эми атасак жарашат»

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жылына 2 ирет жашоочулар менен жолугуп, эл үнүн угуусу оң натыйжасын берүүдө. Кайсыл аймакка жолугушууга барбасын, эл менен бетме-бет сүйлөшүп, көйгөйлөрүн угууда. Калк менен жолугушууну адатка айланткан шаар башчыга аймактык кеңештердин жашоочулары ыраазы. Буга №5 Керме-Тоо, Курманжан-Датка-2, Манас-Ата, Жибек жолу жана Алымбек-Датка  аймактык кеңештеринин эли менен жолугушууларындагы айтылган алкоолор күбө.

Өткөн жумада шаар мэри А.Кадырбаев №5 Керме-Тоо жана Курманжан-Датка-2 аймактык кеңештеринин  эли менен жолукту. Жолугушууга вице-мэр А.Топчубаев жана шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери катышышты.

Алгач аталган аймактын жашоочуларынан берилген суроо-талаптардын аткарылышы боюнча маалымат берилди. Анда аймактын айрым көчөлөрүнө шагыл төгүү, соода түйүндөрдүн мыйзамдуулугу, көп кабаттуу үйлөрдүн артынан саркынды суулардын агышы, бала бакчанын айланасын темир тосмо менен тосуу, жылуулук системасы боюнча, көп кабаттуу үйлөрдөгү суу түтүктөрдүн жарылуусу,  жолго ылдамдыкты азайтуучуларды (лежачий полицейский) коюу, таза суу түтүктөрүнүн жарылып кетүүсү, Дача конушуна мектеп, бала бакча, ФАП куруу боюнча калк тарабынан суроолор берилген. Булардын ичинен айрымдары каражаттын жетишпестигинен улам кийинки жылкы планга киргизилсе, калганы убагында аткарылган. Коюлган талаптардын бири Дача конушуна бала бакча куруу болчу. Жакында 75 орундуу бала бакча курулуп пайдаланууга берилди. Ал эми 275 орунга ылайыкталган мектеп 2018-жылы бүткөрүлөрү маалымдалды.

Андан соң калаа башчыга жергиликтүү эл тарабынан суроолор берилди. Анда тургундар сейил багын куруу боюнча, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын оңдоо, жылуулук киргизүү боюнча, таза суу кирүүчү трубалардын жарылып кетүүсү, жогорку чыңалуудагы электр бөлүштүргүчтөр, №42 орто мектепке видео көзөмөл орнотуу, кээ бир көчөлөргө асфальт төшөө, жол тыгынын жаратып жаткан такси кызматкерлери боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Суроолордун ар бирине токтолгон мэр эл тарабынан берилген суроолордун басымдуу бөлүгүн жылуулук, суу түтүктөрүнүн жарылып кетүүсү жана көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын оңдоо боюнча маселелер түзөрүн, ошол эле убакта үйлөрдүн чатырын оңдоо ар бир шаар тургунунун милдети экенин, ошондой болсо да элге жардам болсун деп үйлөрдүн ичине жылуулук киргизүү боюнча 50%, чатырларды оңдоо боюнча 30%, ички түтүктөрдү оңдоо боюнча 30% мэрдин фондунан акча бөлүнөрүн айтып, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

"Бешенебизге жакшы калаа башчы келди"

 «Жетекчи менен эл канчалык жакын болсо, көйгөйлөр бат чечилет» деген пикирин мэрдин жолугушуусуна келген Токтайым Моктоева билдирди.

- Эң башкысы тынчтык болуш керек. Айтмамат Кадырбаев келгенден бери шаарыбыз тынч, гүлдөп-өсүп жатат. Жылына жок дегенде эки жолу көйгөйлөрүбүз угуп кетүүдө. Мурун жолугушууга келгенде бир маселе айткан элем, ал чечилди. Бүгүн үйүбүзгө жакын жол менен эмес, алыс жол менен айланып өтөрүбүздү айттым. Жакын жолду бирөөлөр тосуп алган. Анан ушул маселени чечип берүүсүн сурандым. Мэр жетекчилерге тапшырма берип, мыйзамдуулугун текшеришин буйруду. Эгер мыйзамсыз болсо бизге жакын жол ачылып калмакчы.

Ал эми жергиликтүү жашоочу  Дөөлөтбай Маматов элдин шаардык бийликке ишеними күндөн-күнгө өсүп бараткандыгы шаар башчынын эл менен жакындыгынан кабар берет деп айтты.

- Кудайбуюруп, бешенебизгеэлмененжакшытилтабышабилген, карапайымжетекчикелди. Шаарыбызреспубликаичиндетазалыгы, кооздугубоюнчабиринчиорундуээледи. Булдаболсошаарбашчыбыздынбешенесинен. Жекеменмэрденкөпишжасоосунделекүткөнэмесмин. Азаматжигитэкен. Мен ойлогондон он эсе көп иштерди жасады. Иштеген ушунчалык болот да.

Манас-аталыктардын маанилүү маселелери чечилүүдө

Мэр А.Кадырбаевдин кезектеги жолугушуусу Манас-Ата жана Жибек жолу аймактык кеңештеринин жашоочулары менен болду. Ага вице-мэрлер жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Анда вице-мэр Асылбек Топчубаев бул жолугушуу мэрдин манас-аталыктар менен сегизинчи жолугушуусу экенин айтып, буга чейин аталган аймактын эли тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн чечилүүсү жөнүндөгү баяндап берди.

Андан соң жашоочулар тарабынан кат жүзүндө суроолор берилди.

 Манас-аталыктар балдар аянтчасына кум төгүү, коомдук унаалардын аялдама жок жерлерде токтоосу, 16-кесиптик лицейдин тушуна ылдамдыкты азайтуучу (лежачий полицейский) коюу боюнча маселелерди айтышты.

Ош шаарынын акыркы үч жарым жылда өнүгүүгө карай багыт алганын белгилеген мэр, шаарга келген инвестиция дагы өскөндүгүн жана жалпы журт жапа тырмак киришүүсү менен шаардын көйгөйлөрү бат чечилерин кошумчалады. Ошондой эле акыркы жылдары шаарда курулуш жаатында бурулуш болгондугун айтып, бир канча мектептер, балдар бакчалары курулгандыгын билдирди. Мындан сырткары шаардын көйгөйүн чечүү жаатында алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын айтып, ар бир берилген суроолорго өз-өзүнчө токтолуп, тиешелүү кызматкерлерге жеринде тапшырмаларды берди.

«Манас-Ата» аймактык кеңешинин жашоочусу Токтогүл Бердиева шаар башчынын жолугушуусуна бир канча ирет келгенин, анда мэр тарабынан берилген тапшырмалар чеилип жатканын, ошондуктан жашаган жериндеги маселе боюнча кайрылгандыгын айтат:

- Биздин үйдүн алдында балдар аянтчасы бар. Ал жерге кум төкпөсө жамгырда ылай болуп жатат. Бүгүнкү жолугушууда мэрге ушул тууралуу айттым. Мэр Айтмамат Кадырбаев тиешелүү жетекчиге тезинен кум төгүп берүүнү тапшырды. Өзүбүзчө сүйүнүп калдык.

Ал эми Жибек жолу аймагынан келген Шарапат Молдошева мэрдин элдин жеринен көйгөйлөрдү угуусу, анын калктын камын ойлогонуна кабар берет деген ойду айтат:

- Мындай тарыхта болгон эмес. Ким эле эл менен жылына бир нече жолу жолугуп жатыптыр. Көйгөйлөрүбүз четинен чечилип келе жатат. Аз убакыттын ичинде эле шаарыбызды көрккө бөлөп койду. Москва дагы бир күндө курулган эмес деген сөз бар го. Жолдор салынып, бала бакчалар курулуп жатат. Экинчи борбор деген макамга чындыгында эми ээ болуп жатат.

Алымбек Датка аймактык кеңешинде

Бул жумада калаа башчы Алымбек-Датка аймактык кеңешинде да болуп, эл менен жолукту. Ага шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери, жашоочулар катышышты.

Жашоочулар тарабынан бир нече маселелер айтылды. Алардын ар бирине токтолгон мэр тиешелүү кызматкерлерге тапшырмаларды берди. Ошондой эле калаа башчы шаардыктарга сейил бактарга этият мамиле кылууну айтып, шаардын өнүгүшү шаардыктардын колунда экенин белгиледи.

Аймактык кеңештин жашоочусу  Гүлай Акматова буларга токтолду:

- Мен мэрдин ар бир жолугушуусуна келем. Менин оюмча андагы айтылган куру сөз эмес. Жасайм дегенин жасай турган жетекчи экен. Бизге ушундай эл камын ойлой турган мэр туш болгонуна шүгүр.

Дагы бир жергиликтүү жашоочу Мастура Ибрагимова жолугушуудан кийин үмүт пайда болгондугун мындайча түшүндүрдү:

- Мен курулай эле көкөлөтүп мактагандан алысмын. Бирок, жасаган ишин шаардын жараны катары айтып койбосом болбой калат. Жолугушууда жакшы сөздөрдү айтты. Чырактар орнотулуп, жолдор асфальт болот деди. Биздин канализация бузулуп калганына байланыштуу ондоп берүүсүн өтүнгөм. Д.Көкөчөровго тапшырма берип, азыр ошол киши менен жеринен таанышканы кетип жатам.

Бексултан Нуркамил уулу

 

 

Окулду 717 жолу