Версия для печати
Суббота, 28 Октябрь 2017 04:21

Жаш спортчу Салмоорбек Маматемин уулу

Салмоорбек Маматемин уулу «Мухаммед-Умар» спорт клубунун тарбиялануучусу. Дзюдо, самбо, күжүрмөн самбо боюнча бир нече ирет эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багынткан. Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн V Азия оюндарында күжүрмөн самбо боюнча коло медаль тагынган спортчу тууралуу макала төмөндө.

Спортто жетишкен ийгиликтери

2012-жылы  дзюдо боюнча республикалык чемпионатта 73 кг.дык салмактагылар арасында коло медалга татыган. 2014-жылы самбо боюнча республикалык чемпионатта 74 кг.дык салмактагылар арасында күмүш медалды багындырган. Кыргызстандын спартакиадасында самбо боюнча  коло медаль тагынган. 2017-жылы  күжүрмөн самбо боюнча Москва шаарында өткөн дүйнөлүк мелдеште коло медаль, ушул эле жылы күжүрмөн самбо боюнча Астанада өткөн мелдеште коло медаль тагынган. Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн 5-азиялык оюндарда күжүрмөн самбо боюнча 74 кг.дык салмактагылар арасында коло медалга татыган.

Yй-бүлөсү  жөнүндө

Маматемин уулу Салмоорбек 12 бир тууган, 4 уул, 8 кыз. Салмоорбек үй-бүлөдө эң кичүүсү. Атасы көп жылдар мамлекеттик жумуштарда иштеп жүрүп 2015-жылы дүйнөдөн кайткан. Апасы бухгалтердик кесиптин ээси. Салмоордун айтуусунда, ал бир тууган агаларынын кийген кийими менен чоңойгон. Айрыкча 1988-жылы төрөлгөн Алмаз деген агасынын кийген кийимин кийип, жасаган иштерин кошо жасашып, андан өрнөк алып өскөн. Салмоордун спорт чөйрөсүнө аралашып калышына Алмаз агасынын салымы чоң.

Туулган жери, балалык чагы

Салмоорбек 1993-жылы 13-октябрда Кара-Кулжа районуна караштуу 1-май айылында төрөлгөн. Yй-бүлөдө эң кичүүсү болгондуктан, убактысынын көбү оюн ойноо менен өткөн. Достору менен көчөдө чыбыктан ат минип, топуракты сапыра ойноп, үйүнө кеч келген күндөрү далай жолу болуптур.

«Чалкан чабышып, беттер кызарып…»

- Yй-бүлөдө кенже уул болгондуктан башка бир туугандарыма салыштырмалуу эрке өстүм. Айылдагы балдар менен топ-топко бөлүнүп чалкан чабыш оюнун ойнойт элек. Чалкандын тикендери болгондуктан бетибизге тийип кызарып кетчү. Айылда топуракка толгон көчөнү чаңытып, чыбыктан ат минип, жыгачтан мылтык жасап согушмай оюнун ойночубуз. Азыр айылга барсаң, күндүзү деле, түнү деле биз ойноочу көчөдөн жаш балдарды кезиктире албайсың. Азыр баары эле үйүнөн чыкпайт, интернетте отурушат. Биздин убакта телефон деген айылда бир гана адамда болсо болот, болбосо жок эле. Биз тиричиликке бышкан, физикалык жактан тетик балдар болуп чоңойдук. Инилеримди карасам, өңдөрү кубарган, колдору жумшак, кечке үйдөн чыкпай интернетте отурганы билинип эле турат.

«Айылда жүргөндө эле күрөшчүмүн»

- Айылда той-топурда той ээси байге коюп биз курактуу балдарды күрөштүрчү эле. Мен андайларда калбай барып, тоюна катышпасам дагы сөзсүз күрөшүп кайтчумун. Анткени мен жашымдан эле күрөшкө абдан кызыкчумун. Күрөшкө кызыгып калышыма Алмаз агам себепкер болгон. Ошол агамдын артынан «Мухаммед-Умар» клубуна келгем.

«Сот болгум келчү»

- Сыналгыдан көркөм тасмаларды көрүп, андагы окуялар менен кошо жуурулуп кетчүмүн. Кинодо укугу корголбогон, эч кимге зыяны жок, бирок адилетсиздиктин айынан жабыркап калган каармандардын образына аябай боорум ачып, мен келечекте сот болом, прокурор болом, укугу тепселенгендерди коргойм деп ичимден айта берчүмүн. 2011-жылы айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин Оштогу юридикалык институтка тапшырдым. Спорт чөйрөсүнө аралашып калгандыктан, окууну аяктагандан кийин кесибим боюнча иштей албадым. Буюрса, эми ишке орношом деп турам.

“Спорт чөйрөсү абдан жагат”

-Спорт менин жан дүйнөмө айланган. Залга барган күндөн тартып, ал жактагы адамдар үй-бүлөмдөй болуп калган. Мага бул чөйрөнүн жашоосу, кулк-мүнөсү абдан жагат. Спортчулар жөнөкөй, адамгерчиликтүү, намыстуу болушат. Мен дагы ошолордун катарына кошулуп, ошондой мүнөздөргө ээ болсом деп ниет кылгам.

“Машыктыруучуларымды ата-энемдей сыйлайм”

-Машыгуучу залга барган күндөн тартып, экинчи ата-энең машыктыруучулар болуп саналат. Алар бизди машыктырып эле калбастан, күнүмдүк жашообузга да таасир этет. Алар үчүн сен кимдин уулусуң, байсыңбы, кедейсиңби, кызыктырбайт. Болгону сен алардын балдарысың. Алар бир гана ушул принципти карманышат. Балдарын мыкты инсан катарытарбиялап, спорт чөйрөсүндө өз ордун таап берүү. Ата-эне жакшы инсан болууга үйрөтсө, машыктыруучулар дүйнөгө таанымал мыкты адам болуп калыптанууга үйрөтөт.

“Каршы ыкма - жакшы ыкма”

-Спорт бул - өзү жашоо сымал. Спорттун кайсы түрү менен машыкпагын, анын бир бөлүгүсүң. Жашоодо да кез-кезде кыйынчылыктарга кабылып турганыбыздай эле, спортто да кыйынчылыктарга кабылып турасың. Менин оюмча каршы ыкма - жакшы ыкма деп ойлойм. Айтайын дегеним, жашоодо да чалынбаш үчүн каршы ыкмаларды колдоносуң. Спортто деле ошондой, күрөшүп жаткан атаандашыңа жеңилип калбашың үчүн каршы ыкма колдоносуң. Ошондой эле спорт - сергек жашоо образы. Бу чөйрөдө жөн гана чемпион болуп тарбияланбастан физикалык жактан тетик жана бекем ден соолукка ээ болосуң.

“Чала спортиктер, чала адамдар”

-Көчөдөгү кептерден кабарым бар. Кайсы бир спорттук клубдун атын сатып, өздөрүнчө “круг”(банда) түзүп алган балдар бар. Алар жалаң чала спортсмендер. Залга ашып барса 10 күн баргандар. Аларга спортчу болуу маанилүү эмес, аларга аброй маанилүү. Мени спортчу дешсин, менден баары коркушсун деп жүрүшөт. Чын-чынына келгенде, алар чала спортиктер, чала адамдар.

Бексултан Нуркамил уулу

 

 

Окулду 1378 жолу