Версия для печати
Суббота, 28 Октябрь 2017 05:08

Таланттуу балдарды такшалткан мектеп

Шаарыбыздагы Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жалпы жамааты кандай гана майрамдык иш чара болбосун, активдүү катышып келет. Жылына элүүдөй баланы уядан учуруп, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан мекемеге барып, ишмердүүлүгү менен таанышып кайттык.

Окуу жайда 8 бөлүм бар:

 

• фортепиано;

•  кылдуу аспаптар;

• үйлөмө аспаптар;

• кыргыз эл аспаптары;

• орус эл аспаптары;

• вокалдык искусство;

• хорду дирижерлоо;

• музыкалык теория.

Эркаим Исраилова, окуу жайдын директору:

-Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы 1963-жылы негизделген. Түштүктөгү профессионал музыканттарды, балдар музыкалык мектебинин мугалимдерин, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдоочу жалгыз окуу жай. 1967-жылы окуу жайда симфониялык оркестр жана хор жамааттары түптөлгөн. Кийинчерээк кыргыз жана орус эл аспаптар оркестрлери түзүлгөн.

Окуу жай 50 жылдан ашык басып өткөн жолунда көптөгөн кесип ээлерин даярдап чыгарды. Алардын көпчүлүгү түштүктөгү музыкалык мектептерде, орто мектептерде эмгектенишип, чыгармачылык топторду жетектеп келишүүдө. Бизден бүткөндөргө атайын орто билимдүү деген диплом берилет. Окуу жайда учурда 57 окутуучу эмгектенет. Окутуучулардын алды 40 жылдык стажы бар кесипкөй адамдар. Биздин жамаатты деле өз ишинин фанаттары деп атасак жарашат. Анткени айлык маянанын аздыгына карабай талыкпастан иштеп келишүүдө.

1-ноябрь маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Учурдан пайдаланып мен бардык маданият чөйрөсүндөгү кесиптештерди майрамыбыз менен куттуктап кетем.

Райхан Самидинова, окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары:

-Мен маданият тармагында 1986-жылдан бери иштейм. Окуу жайга тапшыргандар тээ союз жаңы таркаган кездери азайып кетти эле. Азыр кайра тапшыргандар көбөйүүдө. Бул көрүнүш элдин классикалык музыкага кайрадан кызыга баштаганынын белгиси. Балдар үчүн бизде жакшы шарттар түзүлгөн, жатакана бар, окуу жайдын имаратына, балдар жатчу бөлмөлөргө жылуулук киргизилген. Студенттер үчүн атайын ашкана иштейт. Жакшы окугандарга стипендия берилет, ал эми калган студенттер акысыз билим алышат, бюджеттик негизде. Учурда 4 курста 200 дөн ашык студент билим алууда.

Даражан Моңолдорова, музыканын теориясы бөлүмүнүн окутуучусу:

-Менин бул музыкалык окуу жайда иштегениме бир жыл кем 40 жыл болду. Бизге көбүн эсе музыкалык мектептерди бүткөн балдар келишет. Окуу жайыбыздын дипломун алган соң, кайра билимин уланткысы келсе К.Молдобасанов атындагы консерваторияга тапшырышат. Учурда бизден билим алган балдардын көбү кайра эле өзүбүздө иштеп жатышат. Мисалы Райхан Самидинова, Жаныбек Ботобеков өзүбүздүн бүтүрүүчүлөрүбүз. Маянанын аздыгына карабай канча жылдан бери ушул жерде иштеп, таланттуу балдарга жол көрсөтүп келишүүдө. Керим Турапов, Манас Кожомжаров, Сайдирахман Матиев өңдүү белгилүү таланттар да биздин бүтүрүүчүлөр. Балдарыбыздын ийгилигин уккан сайын ичибизден сыймыктанып калабыз.

Толгонай Шамшидинова, 2-курстун студенти:

-Мен Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында музыкалык мектептен билим алгам. Кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө окуп жатам. Бирок бир эле комуз менен чектелбей, кыяктан да сабак алсам дейм. Андан сырткары ыр дастан деген сабакка да кызыгам. Бул окуу жайды бүтсөм, консерваторияга тапшырсам деген тилегим бар. Өзүбүздүн окуу жайда жыл сайын өтүүчү Т.Чалапинов атындагы сынакка катышып келем. Жакшы окугандыгым үчүн стипендия алам.

Масим Турсунбекова

Фото Сыдык Токонов

 

 

Окулду 1343 жолу