Версия для печати
Понедельник, 04 Декабрь 2017 04:02

Кесиптик лицейлерде

Бүгүнкү күндө жумушчу кесипке талап көп. ЖОЖдо окуп жаткан студенттер да кошумча жумушчулук кесип үйрөнүп койсо жакшы болот. Ош шаарында учурда бир нече кесиптик лицейлер бар. Алар кандай адистиктерди даярдоодо, шарттары кандай, билүүгө кызыктык.

№12 кесиптик лицейдин  директору Бакалбай Калмаматов:

«Жумушсуздук жумушчу кесипти тандоого түртөт»

- Бүгүнкү күндөгү жумушсуздук көйгөйү жарандарыбызды жумушчу кесипти тандоого түртүп жатканы байкалат. ЖОЖду аяктагандан кийин мамлекеттик кызматка бара алышпайт, барышса да айлык акы аз. Базар экономикасынын деңгээлине жараша кирешелүү кесип тандоо замандын талабы. Yй-бүлө багуу, үй-жай салуу аз акча менен бүтпөйт. Андыктан, ар бир жаран кошумча кесип билүүсү ашыкча болбойт. Керек болсо ЖОЖдордун окуу планына киргизишибиз керек. Yч ай эс алуунун ордуна акысыз курстарды окутуу зарыл. Маселен, чачтарач, тигүүчү, ширетүүчү сыяктуу жумушчу кесиптерди үйрөтүп койсок, окууну бүткөндөн кийин мамлекеттик кызматтарга умтулбай, өзүнүн жеке бизнесин ачып алса болот же кирешелүү жумуш таап алышына шарт түзүлмөк. Акыркы убакта бизге келген жаштардын саны көбөйүүдө. Дипломду алгандан кийин да кайрылгандар бар. Айрыкча чет өлкөдө иштеп жаткан жарандарыбыз үч айлык курстарга жазылып, атайын окуп, сертификаттарды алып кетишет.

«Акысыз 3 айлык окуу курсубуз бар»

- Биздин кесиптик лицейде негизги беш кесипке үйрөтөбүз. Алар: тигүүчү, ширетүүчү-жыгач уста, сантехник, электрик жана чачтарач. Окуу процесси 60% практика жана 40% теория жүзүндө  жүргүзүлөт. Окутуу 3 айдан 3 жылга чейин болот. 3 жылдык окууга 9-класстын базасында кабыл алсак, 3 айлык окууга 11-класстын базасында алабыз. Жарандарыбыз үчүн дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк бар. Бул Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы менен иш алып барабыз. Жумушка орношо албай жүргөн жарандар башкармалыкка кайрылышат. Башкармалык аларды каттоосуна алып, катталгандардын  саны 10дон ашканда бизге жөнөтүшөт. Биз өздөрү каалаган кесипке акысыз окутуп-үйрөтөбүз. Кеткен чыгымдардын баарын жогоруда айткан башкармалык төлөйт. Андан сырткары аймактар менен да иш алып барабыз. Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунан келген жарандар да акысыз окуй алышат. Негизги талап шаарда же аталган райондо каттоосу болуш керек.

«Кайрымдуулук иштери унутулбайт»

 

- Бизге окууга келген ар бир окуучунун тандоосун сыйлайбыз. Жеткиликтүү деңгээлде билим берүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз. Ширетүүчү балдардын практикасы буюртмага түшкөн иштер менен кошо кетет. Усталар жашоочулардан ар кандай буюртмаларды алып жасап жатып эле окуучуларга кошо үйрөтүп кетет. Ал эми тигүүчүлөрүбүз тигүүнү үйрөнүү менен кошо жыл сайын кайрымдуулук иш жасап келишет. Тумак, жылуу жемпир, чапандарды тигишип балдар үйүнө, карылар үйлөрүнө жеткирип беришет. Быйыл да мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күнүнө карата бир топ кийим-кечектерди даярдашты.  

Окулду 1029 жолу