Версия для печати
Понедельник, 04 Декабрь 2017 04:08

Кошунаңдан көрүп, өзүң андан да мыкты жаса!

21-ноябрь күнү Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында тажрыйба алмашуу иш чарасы өттү. Ага Ош облусунун 7 районундагы  41 муниципалитеттен 80 ден ашуун өкүл катышып, айыл аймактагы элдик жыйындын үлгүлүү мисалына күбө болушту.

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары бул айыл аймагында өткөн жалпы чогулушка катышып, демилгелүү топтор аныктап чыккан көйгөйлөрдү жергиликтүү жамааттын биргеликте талкуулашына кызыгышты. Катышуучулардын көңүлүн бурган эң башка нерсе жашоочулардын активдүүлүгү жана артыкчылыктуу деп табылган көйгөйлөргө олуттуу мамиле жасап, аны биргелешип чечүүгө умтулгандыктары болду.

Жазы айыл аймагы райондун борборунан 8 км аралыкта жайгашкан. Аймактын ээлеген аянты - 9 миң чарчы метр гектар. Жашаган калктын саны -15 386. 4 айыл баш иет: Кара-Дыйкан, Жээренчи, Кызыл-Дыйкан жана Жазы айылы. Ушул 4 айылдагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо үчүн алгач 12 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына 6 айыл аймак адиси, 1 айылдык кеңештин депутаты, 5 жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү камтылган. Жумушчу топ жамаат муктаждыктарын биргеликте аныктоо иш чараларын өтүү графигин бекиткен соң ар бир айылга барышып, жыйын өткөрүшкөн. Ар бир айылдын орчундуу деп эсептелген көйгөйлөрүн аныкташкандан кийин баарын чогултушуп жазышып, айыл аймак боюнча жалпысы 10 артыкчылыктуу көйгөй бар экендигине токтолушкан. Бул жыйын мына ошол аныкталган 10 көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулашып, чечүү пландарын түзүп, жергиликтүү бюджеттен бул максаттарга каражаттарды  бөлүштүрүү туурасында өткөрүлдү.

Жазы айыл аймагынын башчысы Максат Ибраимов жыйында айыл тургундарына артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-аракеттерге токтолуп, 2018-2019-жылдарга жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын Биргелешкен аракет пландын (БАП) долбоорун тааныштырды.

-Тазалык маселеси аймактагы эң орчундуу маселе. Таштандыларды өз убагында жыйып кетип айлананы таза кармоого канчалык аракет кылбайлы, бул көйгөй чечилбей жатат. Анын үстүнө жаңы конуштар да пайда болууда. Унаанын келишин күтпөстөн айрымдар тащтандыларын ар кайсы жерге таштап кетишүүдө. Атайын урналарды жасатып көчөлөргө коюп, аны убагында төгүп келүү маселесин чечишибиз зарыл. Мына ушуларды эске алып «Жазы-Тазалык» деген ишкана ачканы жатабыз. Бул маселени айылдык кеңештин сессиясына алып чыгабыз, буюрса,-деди М.Ибраимов.

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары элдин көйгөйлөрдү чечүүгө кызыккандыгын көрүп, айыл аймак башчысына бир нече суроолорду беришти. М.Ибраимов жыйынга элди кантип чакыруу керектигин айтып, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жамаатты тартуу, айыл турмушун көтөрүү, айылдагы жаштардын башын бириктирүү тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.

-Бир облустагы муниципалитеттер арасында тажрыйба алмашуу боюнча иш чаралар катышуучуларга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын иш жүзүндө көрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Катышуучулар бул айыл аймактын иш тажрыйбасын  үйрөнүп, коомдук иш чараларды кантип уюштуруу жана өткөрүү керектиги тууралуу талкуулашты. Бул иш чарага бир гана биздин долбоордун өнөктөштөрү болгон айыл аймактар гана эмес, бардык каалоочу айыл аймактар да катышты. Алар чакырылгандарга караганда 4 эсе көп болду. Биздин долбоор бардыгы үчүн ачык. Максаттуу муниципалитеттердин тажрыйбасы өлкөдөгү бардык ЖӨБ органдары үчүн жеткиликтүү болгону биздин долбоор үчүн маанилүү,-деп айтты долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Бул тажрыйба алмашуу сапарын Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору уюштурду.

Масим Турсунбекова

 

 

Окулду 896 жолу