• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 04 Декабрь 2017 04:26

Суу чечек

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Суу чечек

Суу чечекти эл арасында ветрянка деп коюшат. Бул оору күз-кыш мезгилдеринде күчөйт. Аталган оору боюнча Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун балдар дарыгери Айсалкын Ражапова маалымат берет.

Суу чечек (ветрянка, ветряная оспа) балдардын жугуштуу ооруларына кирет. Аба аркылуу жугат. Ооруну вирус козгойт. Башка вирустар сыяктуу эле бул вируска да антибиотик таасир эте албайт. Бирок баланын иммундук системи бир нече күндөн кийин бул оору менен өзү күрөшүп айыгып кетет. Ар бир адам бул оору менен өмүрүндө бир жолу ооруйт жана ооруп айыккан балада туруктуу иммунитет пайда болот. Жаш балдар чоңдорго караганда бул ооруну жакшы көтөрөт. Чоңдордо бул оору катуу түрдө өтүп, оорунун кабылдоосуна алып келет. Ошондуктан бала канча эртерээк ооруса ошончолук жеңил өтөт.

Суу чечек жаш балдарда өз алдынча өтөт

Суу чечек менен көбүнчө 9 жашка чейинки балдар ооруйт. Ооруну оорулуу бала жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда козгогучту бөлүп чыгарып, жугузат. Оору башталганда бала ысытмалайт, алгач чачтын арасына, кулак түбүнө, денеге кызыл бүдүрлөр чыгат. Көздүн, кулактын, ооздун ичине жана ички органдарга да бүдүрлөр чыгат. Денеге чыккан бүдүрлөр суюктукка толуп ыйлаакчага айланат, кычышат. 3-5 күндөн кийин жаңы ыйлаакча чыкпай калат, андан кийин ыйлаакчалар кургап, карттанып, 1-3 жума ичинде түшө баштайт. Кээде тактар узак убакытта кетиши мүмкүн. Бул оорунун өзгөчөлүгү -оору өзү башталып, өзү кайтып кетет жана бир ооруп айыккан бала бул оору тууралуу таптакыр «унутат». Болгону ата-энелер балага бул маалда өзгөчө кам көрүп, тамагына жакшылап көңүл буруу зарылдыгын билүүлөрү шарт. Башта айтып өткөндөй бир жолу ооруп айыккан балада бул ооруга каршы туруктуу иммунитет пайда болот да экинчи жолу оорубайт.

   Кабылдоосу

  Суу чечектин жаш балдар арасында кабылдоосу сейрек кездешет. Көбүнчө бөйрөк, өпкө жана кулакка таасир этет. Ыйлаакча көздүн тунук кабыгына чыкса кератит, тамак көңдөйүнө чыкса ларингит болуусу мүмкүн. Кабылдоолор байкалса ооруканага жаткырууга туура келет. Бирок жаш балдарда кабылдоолор аз кездешет.

Эгерде суу чечек байкалса

Балада суу чечектин алгачкы белгилери билинери менен дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарылоо үй шартында дарыгердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Адатта вируска каршы препараттар колдонулбайт. Дарыгер оорунун симптомуна карап дарыларды жазып берет. Кокус кабылдоолор байкалса ооруканага жөнөтөт.

 Оорулуу баланы жакшылап багуу керек. Ыйлаакчалардын пайда болушу адатта дене табынын көтөрүлүшү менен коштолот, андыктан аны төшөккө жаткырып, ич кийимин бат-бат алмаштыруу зарыл. Тырмактарын алып, колун тез-тез самындап жууп туруу керек, анткени денеси кычышканда кир колу менен тырмаса ыйлаакчаларга инфекция кирип кетиши мүмкүн. Кычышууну басаңдатуу үчүн ыйлаакчаларга бриллиант жашылын (зеленка) сыйпоо керек. Ыйлаакчаларды жарганга болбойт, себеби кийин так калып калат. Оорулуу баланы таза абага күнүгө алып чыгып, шамал тийбеген жерге, балдардан оолак кармоо зарыл. Баланын эти ысыбай, жаңы ыйлаакча пайда болбой, эски бүдүрлөр карттангандан кийин сыртка чыгарууга болот.

Мүнөздөп тамак ичирүү да маанилүү. Жаш бала эти ысыганда тамакка табити жоголот, оору күчөгөндө, өзгөчө кичинекей балдар кусуп, ичи өтөт. Бул учурда бат-бат суюктук берүү керек. Ал оозунун ичи ооругандан тамак иче албай кыйналса суюк тамак берүү керек (мисалы, жашылчалардан жасалган шорпо, сүт ботко). Туздалган, ышталган, кычкыл, майлуу тамактарды берүүгө болбойт. Жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, кайнатылган, чала куурулган тамактарды берсе болот. Жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштерин, тоок этин бербей эле турган оң.

  Баланын ичи өтсө дарыгер келгенче тамак бербей, кайнаган суу, жылуу чай, шербет сыяктуу суюктуктарды көп ичирүү зарыл. Оорулуу бала жаткан бөлмөнү желдетип, таза кармоо керек.

Балаңызга көз салыңыз…

Ноябрь айында биздин эмканада суу чечек менен 3 бала катталды. Бул оору сезондуу, көбүнчө күзүндө пайда болот. Бала бакча, мектеп сыяктуу балдар жыш болгон жерлерден жугат. Бирок суу чечек менен бир эле жаш балдар ооруйт деген да туура эмес. Чоңдор арасында да кездешет бул оору. Мисалы, бир жылы студенттер арасында жайылган. Адамдын кайсы курагында оорушу анын иммунитетине көз каранды. Биз оору катталган учурда санэпидстанцияга кабарлайбыз. Санэпидкөзөмөл кызматы оору чыккан жерлерди каттоого алып, 21 күн бою байкоо салып турушат.

Суу чечек денени кычыштырат. Андыктан баланы бешинчи күндөн баштап бир аз марганцовка кошулган сууга жуунта берсе болот. Самын колдонбой турган оң. Ич кийимдерин тез-тез алмаштырып, жууп үтүктөө зарыл. Улам чыккан бүдүргө жашыл бриллиант эритмесин (зеленка) сүйкөгөндөн башка суу чечекке каршы дары жок.

Суу чечектин белгилери

Варицелла-зостер вирусу, адамга аба аркылуу жугуп мурунга, ооз көңдөйүнө былжырлуу катмарды пайда кылат да ал жерде көбөйүп, топтолот. Бул - суу чечектин жашыруун өнүгүү мезгили болуп эсептелет жана 5-21 күнгө чейин уланат (орточо 7-14 күн).

 Жетишерлик көлөмдө топтолгон соң вирус ал жердеги коргонуу тосмосун бузуп өтүп, канга кошулат. Бир суткадан кийин адамда оорунун алгачкы белгилери башталат:

•     ысытмалайт;

•     калтырап, титирейт;

•     алсырап, табити качат, башы ооруйт;

•     кусушу, ичи өтүшү мүмкүн;

•     денеге майда бүдүрлөр чыга баштайт.

Окурмандын суроосуна жооп

Кымбаттуу редакция, мен 60 жаштамын. Кызым 28 жашта, 2 баласы бар. Балдарга суу чечек чыкты дегенинен барсам, кызыма да жуккан экен. Неберелерим айыгып келатышат, кызым ооруп кыйналууда. Анын кичинесинде бул оору менен ооруганын жакшы эсимде жок. Өзүмө да чыккан-чыкпаганын билбейм. Мага да жукпайбы деп чочулап турам…

Карамат Ибраимова, шаар тургуну

Кызыңызга да жукса, демек ал кичине кезинде оорубаган. Эгер ооруган болсо чыкмак эмес. Эки жолу чыгат деген туура эмес. Суу чечекти кээде скарлатина менен чаташтырып жаңылыш диагноз коюп коюшкан болушу мүмкүн. Суу чечек менен адам өмүрүндө бир гана жолу ооруйт.

Ал эми мага жугушу мүмкүнбү деген сурооңузга жооп: жашыңыз 60 ка барып калыптыр. Бул маалда оору катуу түрдө өтөт. Ошондуктан алдын алган оң. Бет чүмбөт тагынып, аны ар 3 саат сайын алмаштырып туруңуз. Бөлмөнү тез-тез желдетип, таза кармаңыз. Кызыңыздын, неберелериңиздин абалына көз салып, үй-бүлөлүк дарыгердин талаптарын аткарыңыз. Тамагын жакшы караңыз. Аларга жакшы кам көрүү менен кабылдоолордун алдын алган болосуз.

 Масим Турсунбекова

 

Фото Сыдык Токонов

Окулду 13055 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Асыл инсан, иш билги жетекчи Ибрагим Эргашев: «Жаныбарлардын тилин түшүнөм…» »

Билдирүүлөр   

 
-1 #7 Гулсунай 11.01.2019 18:07
Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын
17 жашымда суучечек оорусу менен
Ооругам. А бирок азыр дагы ушул оору кайра козгоп жатат окшойт денем кызарып кычышып атат эмне кылсам болот
Цитата
 
 
-1 #6 кабыл я 27.12.2018 10:30
Айсалкын эже менин кызым ооруп калды суу чечек оорусу менен сут ичсе болобу жашы 2 де ???
Цитата
 
 
-2 #5 Клара 12.12.2018 18:20
Саламатсыздарбы . Менин уч айлык кызым суу чечек менен ооруп жаьат, чыкпаган жери калган жок. Башта ысытма чыкпады эле, азыр жашыл зан чыраратат. Аябай кабатыр болатам жардам бериниздерчм
Цитата
 
 
-3 #4 жаркын 17.11.2018 05:58
Саламатсызбы?
Мен 17 жаштамын синдим ветрянка менен ооруп жатат
Кичине кезимде болгон эмесмин жукпайбы
Цитата
 
 
0 #3 Жибек 26.06.2018 10:48
Саламатсызбы мен 23 жаштамын азыр суу
чечек орусу менен ооруп жатам эн жаманы
эмчектеги балам бир жарым айлык жугуп калса
эмне кылам?жооп берип коюнуздарчы Рахмат!
Цитата
 
 
+1 #2 Нуртилек 08.06.2018 03:38
Саламатсыздарбы
Суу чечек оорусунан кантип тез айыгууга болот
Цитата
 
 
-4 #1 Мыскал 26.03.2018 18:33
Саламатсыздарбы . Менин жашым 24 то. Мага азыр ушундай суу чечек чыгып жатат , бугун тортунчу кун. Аябай оор отуп жатат. Менин сурайын дегеним боюмда бар 13-14 жумалык, келечекте балама терс таасирин тийгизбейби? Апам мага кичинекейимде чыккан дейт, кайра кайталап чыгышы мумкунбу? Чон кызымада бир аз жугуптур ичинде 3-4 даана зелёнка койдум ошол бойдон токтоп турат. кичине балама жуккан жок.
Цитата
 
Билдирүүлөрдүн тизмесин жаңылоо
Билдирүүлөрдүн RSS лентасы

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved