Версия для печати
Понедельник, 04 Декабрь 2017 04:28

Ибрагим Эргашев: «Жаныбарлардын тилин түшүнөм…»

Шаарыбызда түрдүү жаныбарларды багып, аларды көбөйтүү менен шугулданган адамдар арбын. «Мага кымбат баалуу унаанын, заңгыраган эки кабат үйдүн кереги жок. Эртең менен ушул канаттуулардын үнүн укканымдын өзү жетиштүү» деп сыймыктануу менен айтып берген Ибрагим аганын үйүндө болуп кайттык. Чынында эле керемет, канаттуулардын сайраган үндөрү, таң кала тиктеген коендор…

  Ибрагим Эргашев кырк жылдан бери өз короосуна канаттууларды, жаныбарларды багуу менен алектенет. Тоту куштун 35, кадимки үй канаттуусунун 3 породасын, кептер, бөдөнө, коен жана маймыл багат. Жакында эле Ошто ачылган жаныбарлар паркына өзүнүн бир топ канаттуусун жана маймылдарын алып түшкөн. Биз барганыбызда каарманыбыз канаттууларга жылуу жай даярдап жаткан экен. Бул кишинин үйүнүн кирер менен эле куштардын сайраганы угулат. Андан ары сабиз жеп жаткан коендорду, сейрек кезикчү тооктун түрлөрүн көрүүгө болот. Канаттууларга атайын түзүлгөн графиктин негизинде тамак, суу берилет. Эң кызыктуусу,  Ибрагим аганын жубайы тоокторго атайын салаттарды жасап берет экен. Капуста, эт,  көк чөп кошулган салаттарды тооктордун алдынан өз көзүбүз менен көрдүк. Ибрагим Эргашевдин бир тууган ага-инилери да  түрдүү жаныбарларды өз короосунда эле багышат.

«Атамдан калган мурас…»

- Атам жаныбарларга жакын болгон. Ошондонбу, биз да кичинекейибизден жаныбарларга жакын чоңойдук. Атамдын бизге калтырып кеткен мурасы, каныбызда бар десем да болот. Эл үчүн кылган кызматыбыз ушул. Мектеп окуучулары, бала бакчадан чыккан балдар кызыгып кирип көрүп кетишет. Тоту куштарды Украина, Өзбекстан, Чехиядан алып келем. Андан сырткары атамдын убагындагы кептерлер бар. Жаныбарлар паркын ачкандан бери ошол жактан кол бошобойт. Yйдөгү канаттуулар менен балдарым алектенет. Тоту куштар гүлдөрдү жакшы көрөт. Ошондуктан жубайым көп гүл өстүрөт.  

 «Ооруп калышса жандандыруучу бөлүмүбүз бар»

- Канаттуулар менен кырк жылдан бери иштей берип тилдерин деле түшүнүп калгам. Алардын үнүнөн ырахат алам. Азыр суук түшүп, жылуулап койгондо келдиңиздер. Жазында күн чыккандан баштап сайрай башташат. Балдарым, неберелерим баш болуп чыгып каралашып турушат. Ооруп же канатын, бутун сындырып алгандары болот. Аларды кароочу атайын «жандандыруу бөлүмүбүз» бар. Жылуу жерде тийиштүү дарыларды берип, жакшы болгуча карайбыз. Адам ооруганда кандай мамиле жасоо керек болсо, буларга да ошондой мамиле кылуу зарыл. Анткени булар да жандуу зат, бардык нерсени туюп-сезип турушат.

«Тооктун үч породасы…»

- Жаныбарга жакын болгонум үчүн канаттуу же башка деп бөлүп отурбайм. Кандай жаныбар болбосун карап, багып алам. Жер төлөнү бөдөнө багуучу жайга айлантып алгам. Ал эми үй канаттуусу - тооктун үч породасы бар. Жумурткаларына келген адамдардын саны көп. Көп ооруларга дары катары колдонушат.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

 

 

Окулду 804 жолу