Версия для печати
Понедельник, 04 Декабрь 2017 04:40

Таалай Шаванов, Ош шаардык Кеңешинин депутаты: «Заман талабына жараша агуудабыз»

Кыргызстанда орду чоң телерадиокомпанияларда оператор болуп иштеп, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык Кеңешинин 5-чакырылышына депутат болгон, ММКдагы жаштар үлгү алган Таалай Шавановдун бейнесин сунуштайбыз.

«Беш жарым жашымда мектепке баргам»

- 1974-жылы 25-октябрда Ош шаарында төрөлгөм. Атам мамлекеттик кызматкер болуп, мамлекет берген айлык менен гана жашачубуз. Анда азыркыдай кошумча жумуш кылуу дегенди билишчү эмес. Кызматкерлерге кезеги менен мамлекет үй берчү.  Биздин өзүбүздүн үй жок болгондуктан батирден батирге көчүп жашаган учурлар көп эсиме келет. Ошол себептен да окууну бүткөнчө 2-3 мектепке которулгам. Алгач Кара-Суу районундагы Свердлов атындагы башталгыч класстар мектебине 5 жарым жашымда окууга баргам. Себеби ал жерде апам мугалим болуп иштечү. Аны ээрчип жүрүп өзүмдөн 2 жаш улуулар менен окугам. Раматылык апам «Сени жетишсе окуйт, жетишпесе кийинки жылга калат деп бир жыл журналга аты-жөнүңдү түшүрбөй жүргөм» деп айтып калчу. Ал мектепте 3-класска чейин окудум. Атам Жапалактан жер алып, үй салып ошол жакка көчүп келдик. Окуумду кайра ал жактан уланттым. Союз мезгилинде ар бир бала жогорку окуу жайга окусам деп аракет кылышчу. Ошолордун катарында мен да борборго жөнөдүм. Жашым 16да болгондуктан паспорт алууга эрте болуп, туулгандыгым тууралуу күбөлүк менен баргам. Балдар күбөлүгүмдү көрүп алып мыскылдап күлүшкөн. Ата кесибин улайын деп политехникалык институтка экзамен тапшырып 3-баскычтан кулап кайра келдим. Бекер көчө кезип жүрүү деген уят эле. Эмгек китепче ачуу үчүн Кеңеш совхозунун мөмө-жемиштерди иштеткен бир базасына кызматкер болуп иштеп калдым. Бир жылдан соң дагы окууга тапшырып, анда да куладым. Ошко келип айыл чарба техникумунун айыл чарба техникасынын жана технологиясынын инженери деген кесипке тапшырып окуп калдым.

«Жапалактын кызына үйлөнгөм»

- 1997-жылы Жапалактын кызы Алмагүл Жолдошевага үйлөндүм. Кесиби боюнча мугалим, №34 мектепте тарыхтан сабак берет. 3 кыз, 1 уулубуз бар. Чоңу медицина факультетинде, экинчибиз чет тилдер факультетинде окуйт. Эки кичинекейлер мектепте окушат. Балдарга колубуздан келишинче тарбия берип, окутуп жатабыз.

«Апама жардам берем деп иштеп, журналистикага аралашкам»

- 1988-жылы атам кайтыш болуп кетти. Тайкелерим апаңа жардам бер, оку, иште деп жакшы ойлорун айтышкан. Айыл чарба техникумун бүтө элек кезимде Ош студиясына видео монтажер болуп ишке кирдим. Ыраматылык Таир Турсуналиев мага камера менен иштеп, монтаждоону үйрөткөн устатым болду. Кийин ОшТУда окуп, билимимди жогорулаттым. Ошентип Ош студиясы кеңейип «Ош 3000» болду, эки жакка командировкаларга чыга баштадык. 2000-жылдары түштүккө «КООРТ» телевидениесинин бөлүмү ачылып, ошол жакта жумушумду уланттым. 2006-жылы «5-каналдын» түштүк бөлүмүндө оператор болуп иштеп, көп узабай бөлүмдүн жетекчиси болдум. Ага катар «Мир» телекомпаниясында, «Азаттык» радиосунда иштедим. 2016-жылы пикирлеш, идеялаш балдар биригип  «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясын негиздедик. Шайлоодон кийин менин тизмем жетпей калгандыктан депутат болбой калгам. 2-каналды жетектеп, азыр NewTV деп Бишкекте ачып, иштетип баштаганбыз. Ош шаардык Кеңешине депутат болгондон кийин NewTVга Нурлан Шакиевди жетекчи кылып дайындап, мен бул жакта иштерим менен алекмин.

«Кайсы жерде кандай урна бар экенине чейин билем»

- Биздин комитет жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда аймактык кеңештер менен иштөөнү, чакан орто бизнести колдоо, социалдык иштер боюнча иш алып барабыз. Шаарда туулуп-өсүп, журналист болуп жүрүп шаарда кандай көйгөй бар, кандай өзгөрүүлөр бар, шаардын оор кырдаалдарында тикебизден тик туруп иштеп, кандай оор учурлар өткөнүн жакшы билем. Кайсы жерде кандай урна бар экенин, кайсы районго таза суу чыкпайт, тазалык кайсы райондо начар, социалдык муктаждыктар, бүтүндөй көз алдымда турат. Шаар четиндеги айылдарда таза суу көйгөйү чечилбей келет. Депутаттар ар бир көйгөйдү эсептеп чечебиз дегенибиз менен аны чечүүгө шаардын бюджети жетпейт. Тазалык маселеси, жол тыгындары, жаңы курулган имараттар, талкаланып, сатылып кеткен курулуштар, бала бакчалар, мектептер, шаардын майда-барат иштерине чейин билем. Журналист болуп жүргөн кезде көйгөйдүн баарын чагылдырып жүрчүбүз.

«Тажрыйба жетсе эл көйгөйүн чечип, кызмат кылыш керек»

- Мен депутат болуп журналистиканы таштадым деп айта албайм. Пикирлеш, идеялаш балдар баарыбыз эле заман талабына ылайык агуудабыз. Кээ бири министрликте, катчылыкта, чоң компанияларда директор, продюсер болушту. Эми бир топ жыл иштеп тажрыйбабыз жогорулаган сайын мамлекетти алдыга жылдырууга аракет кыласың да. Өмүр бою камера көтөрүп эле жүрө бергениң бул өсүү эмес. Албетте, депутат болгондон көрө камера көтөрсөң жакшы киреше табасың, бирок колуңдан келсе шаарга, элге кызматыңды кылышың керек деп ойлойм.

Уулбү Каныбекова

 

 

Окулду 503 жолу