Версия для печати
Понедельник, 04 Декабрь 2017 04:49

Донорлор

Медицинада кан берүү жан берүү менен барабар деп айтылат. Айрым маалыматтар боюнча жер бетинин ар бир үчүнчү жашоочусу өмүрүндө жок дегенде бир жолу донордун канына муктаж. Дарыгерлердин айтымында, кан берүү, донор болгон адамдын саламаттыгына да пайдалуу.

Донор деген сөз эмнени түшүндүрөт?

“Донор” сөзү бизге латын тилинен келген. “donjre” деген “белек кылууну” билдирет. Башкача айтканда, донор бул - өмүр белек кылып жаткан адам.

Кан раса, жыныс тандабайт

Жынысы, социалдык өзгөчөлүгү, расасы, байбы, кедейби, кандай гана адам болбосун, ал биз жашап жаткан коомдун мүчөсү. Адамзат чөйрөсү бир адамдан кураларын, бир адам ошол чөйрөнүн бөлүгү экенин билишибиз керек. Бир адамдын саламаттыгы ал жашап жаткан коомдун саламаттыгы, бир коомдун саламаттыгы мамлекеттин саламаттыгынын кепилдигидир. Ошондуктан, донор болуп кан берүүдө дарыгерлер адамдын ким экенине маани берилбестигин айтышат. Ал кандай жагы менен өзгөчөлөнүп турса да, анын адам экенине гана маани берилет.

«Оорулуу адам донор боло албайт»

Ош облустук кан борборунун башкы дарыгери Осмонали Шамшидовдун билдиришинче, адамдын организминде айланып жаткан кан жана анын компоненттери, кан группаларына карап гана бири-бирине куюлат. Мурда I кан тобу универсалдык донордук кан, IV кан тобу башка кан тобу кабыл алуучу кан деп аталып, башка кан тобуна куюла берсе, акыркы 20 жылдан бери мындай ыкманы дарыгерлер колдонбой калган. Анткени, I  жана IV топтогу канды II жана III топтогу канга куйганда бат кабыл алуу болбой калат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө кан тобун бири-бирине дал келтирүү ыкмасын гана колдонушат. Кан берүүдө бардык адамдар эле донор боло албайт.  Алардын жаш курагы, ден соолугунун саламаттыгы сөзсүз эске алынат. Кандай адамдар кан бере албастыгын башкы дарыгер мындайча түшүндүрөт:

-Өлкөбүздүн 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы, салмагы 50 кг.дан кем эмес, донорлукка каршы көрсөтмөсү жок болгон, дени сак жараны өз каалоосу боюнча кан донору боло алат. Ал эми СПИД, АИВ-инфекциясын алып жүргөн жана тобокелдик тобуна кирген адамдар, төрөлгөндөн баштап ооруган же кийин жугуштуу оорулар менен ооругандар, кан басымы жогору же төмөн адамдар,  кургак учук, анын бардык түрлөрү менен ооругандар, бруцеллез, темгилдүү келте, туляремия, лепра оорулары менен ооруган адамдар кан берүүгө болбойт.  Эхинококкоз, токсоплаз, трипаносомоз, филяриатоз, ришта, лейшманиоз мителери менен жабыркагандар да донор боло албайт.

Адам жылына канча жолу кан бере алат?

Башкы дарыгердин белгилешинче, адамдын ден соолугу таза болсо, эркектер жылына 5тен ашык эмес, аялдар жылына 4 жолу кан донору боло алышат. Андан тышкары донор кан тапшыргандан кийин 2 айдан кийин кайра кан тапшырса боло берет. 2 айга чейин кан тапшырууга болбойт. 30 жолу кан тапшырган жарандарга “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” деген наам берилет. Айта кетчү нерсе, эркектердин гемоглобини 130 дан, аялдардыкы 120 дан жогору болсо гана донор боло алат. “Ардактуу донор” наамы бар донорлорго мамлекет тарабынан айына 1000 сомдон акча төлөнөт.

Канга кимдер муктаж?

Кан жана анын компоненттери ар түрдүү кырсыктардан жаракат алган жана жабыркагандарга, олуттуу өлчөмдө күйүп калууда жана оор жаракат алганда , ошондой эле татаал операцияларды жасоо учурунда, татаалдашып кеткен төрөт учурунда, шишиктер жана кан оорулары (гемофилия, лейкоз) менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн талап кылынат.

Донорлуктун ден соолукка тийгизген таасири

Донорлор кан берүү менен бирөөнүн жашоосун сактап эле калбастан, өзүнүн ден соолугун бекемделишине да шарт түзөт. Осмонали Шамшидовдун айтымында, канды мезгил-мезгили менен тапшырып туруу ден соолукка пайдалуу. Мезгил-мезгили менен кан тапшырып жатып, донор организмде жашаруу программасын иштете баштайт. Эркектер жүрөк кан тамыр ооруларынан чанда гана ооруп, аялдар менопаузанын башталышын бир нече жылдарга артка жылдырат. Улам жаңыланып турган кандын эсебинен донорлордун иммундук системасы, боору, уйку бези, тамак-аш сиңирүү системасы туруктуу иштей баштайт. Статистика көрсөткөндөй, донорлор орто эсеп менен башкалардан бир нече жылга узагыраак жашашат. Бул ден соолугунун абалын  дайыма көзөмөлдөөдөн сырткары, эмоционалдык курам менен да шартталган.

Акылуу донор деген эмне?

Кээ бир учурларда аталган борборго кан донорлук үчүн акы талап кылгандар да кездешет. Мамлекет тарабынан донорлордун канына белгилүү өлчөмдө акы төлөнөрү тууралуу башкы дарыгер мындай дейт:

-Акы алуучу донорлор да бар. Мамлекет тарабынан кан тапшырган донорго 300 сом, ал эми кандын плазмафарез бөлүгүн тапшырган адамга 500 сом өлчөмүндө акы төлөнөт.

Донорлор эрежеси

Ош облустук кан борборунун кандын плазмафарез тайпасынын дарыгери Абдыламит Боркошов донорлор кан берүүдө бир катар эрежелерди сактоого тийиштигин айтат:

-Кан берүүнүн алдында 72 саат ичинде канды суюлта турган, аспирин, анальгин, ношпа сыяктуу дары-дармектерди ичпеши керек. Кан бергенге 48 саат калган убакыттан тартып алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, тамеки тартууга болбойт. Кан тапшырыла турган күнү милдеттүү түрдө таңкы тамакты ичүү керек, башка күнгө караганда суюктукту көбүрөөк ичиши зарыл. Кан тапшыргандан кийин 12 саат бою унаа айдоого, оор жумуш кылууга, бийикке чыгууга болбойт.

Канды канча убакыт сактаса болот?

Аталган борбордун кан даярдоо бөлүмүнүн башчысы Мелис Ормонов канды даярдоо жана сактоо боюнча мындай дейт:

-Кан экиге бөлүнөт, эритроциттер жана плазма болуп. Мисалы, донордон кан алабыз. Анын стандарттык көлөмү 450 грамм. Кандын эритроцит (кандын кызылы) бөлүгүн 35 күнгө  чейин +2 +6 градуста сактаса болот, ал эми суюк бөлүгү болгон плазма  25 төмөн градуста тоңдурулуп 2 жылга чейин сакталат. Кандын плазма бөлүгү оор төрөттө, жарааттан кан кеткенде жана башка учурларда куюлат. Учурда биздин борбордо кандын запасы жетиштүү.

Донор Өмүрзак Акманов:

 “Менин каным бир адамды өлүмдөн алып каларына ишенем”

5 жылдан бери кан борборуна кан тапшырып келе жаткан Өмүрзак Акмановду сөзгө тарттык.

-Мен 5 жылдан бери кан донорумун. Дарыгерлер чакырган убакта келип, кан тапшырып кетем. Кан тапшыруунун ден соолукка пайдасы бар экен. Кан тапшыргандан кийин жеңилдеп калганымды сезем. Мен үчүн оорулуулардын кубанычы жетиштүү. Менин каным бир адамды өлүмдөн алып калса, ошого кубанам жана алып калат деп ишенем.

Бексултан Нуркамил уулу 

 

Окулду 1329 жолу