Версия для печати
Понедельник, 04 Декабрь 2017 04:56

Укук-тартип, дин маселеси боюнча отурум өттү

Ош шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду.

Отурумду туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Р.Раимбердиев алып барып, депутаттар Д.Абдурасулов, С.Назылбеков, А.Камалов, тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилери катышышты. Отурумдун күн тартибинде жети маселе каралып, туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кызуу талкууларды жаратты, эки маселе комиссиянын кийинки отурумуна сунушталды.

 

 

Окулду 570 жолу