Версия для печати
Понедельник, 04 Декабрь 2017 04:59

Чаткалбай Кенейбаевичти докторлук наамы менен куттуктайбыз!

2017-жылдын 24-ноябрь күнү Д.08.17.543. Диссертациялык кеңешинде 08.00.05-экономика жана эл чарбасын башкаруу адистиги боюнча

“Кыргыз Республикасынын социалдык комплексиндеги экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн инновациялык жолдору” аталышындагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор, КРнын ИАнын мүчө-корреспонденти Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичти жана агайдын илимий кеңешчиси э.и.д, профессор Купуев Пирмат Купуевичти куттуктайбыз!

Агайларга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайбыз жана мындан ары да илимдеги бийиктиктерди багындыра берүүсүнө тилектешпиз.

 

Кыргыз-Өзбек университетинин эмгек жамааты

Окулду 598 жолу